Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу „Кыргызтранснефтегаз“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-июну № 300 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык) Мунай-газ тармагын мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу максатында, "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилсин.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай районунун "Түндүк Сох мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объекттерин оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын башкаруу СХЕМАСЫ
3-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Устав · 07.06.2022 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз…Постановление · 22.12.2022 · № 709
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-февралы № 71 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.02.2026 · № 71
- КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-майындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика…Постановление · 30.04.2026 · № 322
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27 - ноябры № 759 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер…Постановление · 27.11.2025 · № 759
- Ак-Турпак айылдые кенешинин 2024-жылдын 1-февралындагы №7 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 4-декабрындагы кезексиз XV сессиясынын № 30 сандуу токтомуна…Постановление · 01.02.2024 · № 7
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 247
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.