Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу мөөнөтү 24 айдан ашпайт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу максаттарына жараша айрым товарлардын категориялары үчүн Министрлер Кабинети 24 айдан кыйла узак мөөнөттү аныктоого укуктуу.";
б) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) тутумдук негиздеги иш -төмөнкүдөй иштер:
а) окшош жана/же бир тектүү товарларды сатуу боюнча, эгерде календардык жылдын ичинде эки бирдиктен ашык товар сатылса;
б) акы төлөнүүчү негизде иштерди аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү боюнча, эгерде мындай иштер же кызмат көрсөтүүлөр календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык аткарылса;";
в) 50-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктча менен толукталсын:
"г) ишкердик максатта товарларды сатып алган жана жеке ишкер катары Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде жок жеке жак болуп саналган;";
г) 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57) транзакция - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катгоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм тарабынан чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча операция. Акча каражаттарын кайра жөнөтүү деп аларды накталай, ошондой эле накталай эмес формада алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана өткөрүп берүү учурлары, ошондой эле уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгүнүн чет мамлекеттин банкында ачылган эсебин же болбосо анын эсеби ачылган Кыргыз Республикасындагы банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы банкта эсебин пайдалануу таанылат.";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 58-60-пункттар менен толукталсын:
"58) дистрибьютор - белгилүү бир субъекттин жана/же товарларды өндүрүүчүлөр жана/же импорттоочулар болуп саналган өз ара көз каранды субъекттердин кызыкчылыгы үчүн товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу, дистрибьютордук келишим түзгөн жана товарларды илгерилетүү боюнча кошумча милдеттенмелери бар уюм же жеке ишкер. Эгерде келишимде сатуучунун товарларын ички рынокто илгерилетүү боюнча сатып алуучунун кошумча милдеттенмелери камтылса, ал дистрибьютордук келишим деп таанылат. Импорттоочулар дистрибьютордук келишим болгон учурда дистрибьюторлор деп таанылат;
59) бизнести майдалоо - түшкөн каражаттын көлөмүн ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында жана 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салыкты, ошондой эле салык салынуучу базаны төмөндөтүү жана салыктарды төлөөдөн качуу максатында соода чөйрөсүндөгү патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасынын ишине салыкты төлөөчү бир жана/же бир нече субъекттер тарабынан түзүлгөн өз ара көз каранды бир нече субъекттерге атайылап бөлүштүрүү.
Бизнести майдалоо критерийлерине туура келген субъекттер:
- өз ара көз каранды субъекттердин соода ишин жалпы уюштуруучунун, жетекчинин кызыкчылыгында, анын ичинде жакын туугандарынын жана кызматкерлеринин атынан жүзөгө ашыруучу;
- киреше алуу максатында бир даректе жайгашкан мүлк объекттерин жана/же жайларды биргелешип жана/же өзүнчө пайдаланган өз ара көз каранды ишкердик субъекттеринин ишин жүзөгө ашыруучу;
60) электрондук акчалардын жана төлөм тутумдарынын оператору - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана/же лицензияланган, электрондук акчаларды чыгаруучу, ошондой эле акча каражаттарын, анын ичинде электрондук акчаларды которуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак.";
3) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, бажы органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары эгерде алардын аракеттери Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, салыктык укук мамилелери пайда болгондо укук ченемдүү аракеттенүүчүлөр деп таанылат. Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн субъекттерге Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.";
4) 23-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) баалуу кагаздарды, жеке же юридикалык жактын капиталдагы үлүшүн же башка катышуу үлүшүн сатып алуу, өткөрүп берүү же сатуу, буга мындай иш кесиптик негизде жүргүзүлгөн учурлар кирбейт;";
5) 45-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) накталай эмес акча түрүндө, анын ичинде санариптик сомдор менен.";
6) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагындагы салык режими.";
7) 49-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүчү субъекттин жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөө укугун кошпогондо, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.";
8) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын банктарында эсептердин ачылгандыгы же жабылгандыгы жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан эсептери жөнүндө маалыматты мындай эсептер ачылган же жабылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде билдирүүгө;";
9) 53-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткарууга милдеттүү болгон уюм же жеке ишкер салык агенти болуп саналат. Мыйзам чыгаруу, сот, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт.
2. Салык агенти өзүнүн милдеттерин ушул Кодексте каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен төмөнкүлөргө карата аткарат:
1) кызматкерге эмгек келишими боюнча төлөнгөн суммалар, ошондой эле жеке жакка төлөнгөн жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон башка киреше боюнча киреше булагы катары киреше салыгына;
2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдун кирешесинен алынуучу салыкка, киреше булагы катары;
3) чет өлкөлүк субъекттин киреше булагы деп таанылуучу капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан алган кирешесинен алынуучу салыкка;
4) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун транзакциясына салыкка. Мында көрсөтүлгөн уюм эсеп ачкан банк бул салык боюнча салык агенти деп таанылат;
5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында катталган, 28-берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду болуп таанылган алардын дарегине иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар боюнча КНСке.
Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызматтарды көрсөтүүгө жайылтылбайт;
6) акциздик товар натыйжасы болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүчү субъект катары акциздик салыкка.";
б) 3-бөлүктө "салык милдеттенмелеринин суммасын эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга" деген сөздөр "салык милдеттенмесин аткарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-бөлүктө "салык мезгили" деген сөздөр "ай" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 56-беренеде:
а) 4-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-1. Салык органдарынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:";
в) 4-2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-2. Ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына чектүү атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:
1) кенже кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы инспектору атайын наамдары;
2) улук кызмат орундарына - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамы;
3) башкы кызмат орундарына - жогорулашы боюнча салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;
4) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин орун басарларына - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдары;
5) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамы.";
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кезектеги атайын наамды ыйгаруу үчүн ар бир атайын наамда болуу мөөнөтү тиешелүү буйрукка кол коюлган учурдан тартып төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;
2) салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы инспектору - тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4 жыл;
3) салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы кеңешчиси - тиешелүү түрдө 5 жана 6 жыл.
Салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин чечими боюнча мурдагы атайын наамында жүргөн узактыгын эске албастан, ошондой эле салык кызматынын 1-рангындагы инспекторунан төмөн эмес атайын наамы болгон учурда ырааттуулукту сактабастан ыйгарылышы мүмкүн. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси, салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарында болуу мөөнөтү белгиленбейт.";
д) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Салык кызматынын органынын кызмат адамына өзгөчө учурларда анын кесипкөй сапаттарын, мамлекеттик бийлик органдарындагы иш стажын эске алуу менен кызматтык милдеттерин аткаруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн дем берүү катары кезектеги атайын наам бир жолу ыйгарылышы мүмкүн:
1) мөөнөтүнөн мурда, мурдагы наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл мурда, бирок ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан жогору эмес;
2) атайын наамдагы кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкичке жогору.";
е) 11-бөлүктүн биринчи сүйлөмүндө "өткөн учурда" деген сөздөр "дайындалган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 59-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынан салык салуу объекттерине байланышкан маалыматты талап кылууга жана алууга;";
б) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле базарлардын жана соода борборлорунун администрациясынын ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишин контролдоого;";
в) 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун жана/же башка накталай эмес төлөм инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдуунун (программалык-техникалык түзүлүштүн) болушун жана колдонулушун, анын ичинде мындай жабдуунун катталуу фактысын контролдоо:
а) башка жакка; жана/же
б) ишкердик ишке байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган субъекттин өзүнө;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
"24) салык постун орнотуу жана товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу мезгилинде ишкердик объектине видео байкоо тутумун орнотууга ";
12) 60-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына иши жашыруун мүнөзгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган жактардын, мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилеринин жана орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялоого;";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 62-берененин 2-бөлүгүндө "ушул Кодекстин 127-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 3, 6-пункттарында каралган" деген сөздөр "Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-берене менен толукталсын:
"62-1-берене. Базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
1. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдойт.
2. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө, 56, 57 жана 63-главаларында каралган салыктардын төлөнүшүн контролдоо тартиби Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.";
15) 64-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же фамилиясы, аты, ИСН, ОКПО коду, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн каттоо номери) жөнүндө, салыктык каттоо фактысы жана статусу, салык режиминде колдонулуучу иштин түрлөрү жана салыктын ставкасы жөнүндө;";
16) 68-берененин 2-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-1. Ушул Кодекске ылайык эсептелген туумдар жана салык санкциясы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төлөбөгөндүгү үчүн бул туумдар эсептелген жана салык санкциясы колдонулган өнбөгөн калдык боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнө теңдештирилет.";
17) 69-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санариптик сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу болуп саналат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин Бирдиктүү салык эсеби аркылуу аткарууну тандап алууга укуктуу.";
18) 70-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) салык кызматынын органы тарабынан салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын салык кызматынын органы салык карызын жабуу жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө, ошондой эле салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын чегерүү же кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алынган күн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын:
"7) салык кызматынын органы тарабынан салык органынын депозиттик эсебинен салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине акча каражаттарын которуу жөнүндө чечим кабыл алынган күн;
8) салыктык укук бузуу фактысы боюнча кылмыш иши үчүн салык карызынын суммасы укук коргоо органдарынын депозиттик эсебине төлөнгөн күн;
9) салыктар бирдиктүү салык төлөмү менен Бирдиктүү салык эсеби аркылуу төлөнгөн күн;";
19) 72-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар сакталган учурда салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим чыгарат жана туумдардын пайыздарынын жана салык санкциясынын калган бөлүктөрүн эсептен чыгарат.";
20) 81-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоо мындай кабарлоодо көрсөтүлгөн өнбөгөн калдыкты төлөбөгөндүгү үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте эсептелген туумдарга жана/же салык санкциясына да тиешелүү суммаларга карата жаңы кабарлоо чыгаруунун жана тапшыруунун зарылдыгысыз колдонулат.";
21) 82-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) салык төлөөчү жалпы салык режиминен бөлүп төлөө берилген атайын салык режимине өткөндө келип чыгуучу КНС боюнча салык милдеттенмесинин суммасына.";
22) 83-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Салык төлөөчүгө банк кепилдигин берген кепилге банк кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө жөнүндө талап салык органы тарабынан ушул Кодекстин 92-беренесинде каралган учурларда кийинкиге мөөнөтүн жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурдан тартып коюлат.";
23) 85-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85-берене. Салыктык төлөм талабы
1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын салык төлөөчү ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн учурда салык органы салык төлөөчүнүн банктардагы эсептеринде турган акча каражаттарынын эсебинен мындай карыздын суммасын, ошондой эле электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлорунда жайгаштырылган анын электрондук акча каражаттарын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча СТТ коюу жолу менен өндүрүп алууга укуктуу.
2. СТТ салык органдары тарабынан салык төлөөчүнүн эсептеринин бар же жок экендигин сурабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бардык банктарга жана электрондук акча жана төлөм тутумунун операторлоруна жиберилет.
3. Салык төлөөчүнүн банктарда же электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторунда эсептери болгон учурда СТТ биринчи кезектеги тартипте банктарга жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлоруна СТТ келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын, анын ичинде валюталык каражаттарды салык карызын төлөө эсебине эсептен чыгаруу жолу менен аткарылат.
4. СТТ ал аткарылганга чейин же банктар, электрондук акча операторлору салык кызматынын органынан ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмеси токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты алганга чейин кайсынысы мурда пайда болгонуна жараша жарактуу болот.
5. Жаңы эсептер ачылганда мурда жиберилген СТТ алар ачылган учурдан тартып колдонулат.
6. Банктар жана электрондук акча жана төлөм тутумдарынын операторлору СТТ койгон салык кызматынын органдарына анын аткарылгандыгы же эсептин же акча каражаттарынын жоктугуна байланыштуу аткарылбагандыгы, ошондой эле мындай эсептерде болгон сумманын чегинде жарым-жартылай аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
7. Банк, электрондук акча жана төлөм тутумдарынын оператору СТТны алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда мындай талап биринчи кезектеги тартипте салык төлөөчүнүн эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша ар бир мындай келип түшкөн күндөн кийинки бир жумуш күндөн кеч эмес аткарылат.
8. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана/же отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюлууга тийиш эмес.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеги, ошондой эле мындай уюмдардын эсептешүү эсептерине СТТ коюуга жол берилбеген мезгил Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
24) 88-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "же болбосо анын бөлүктөрүнө" деген сөздөр алып салынсын;
25) 91-беренеде:
а) 7-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык төлөөчүнүн арызын кароо мезгилинде салык органдары тарабынан салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары, субъектке карата мындай чаралар көрүлгөн учурларды кошпогондо, токтотулуп турат.";
б) 13-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Эгерде мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө тууралуу арыз берилген салык карызына карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими жок болсо, төмөнкүлөргө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө банк кепилдигисиз берилиши мүмкүн:
- стратегиялык объекттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген ата мекендик уюмдарга, 18 айдан ашпаган мөөнөткө;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге, ошондой эле 25 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар уюмдарга, 18 айдан ашпаган мөөнөткө.
Банк кепилдиги болгон учурда мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жалпы тартипте берилет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-бөлүк менен толукталсын:
"13-1. Салык төлөөчүнүн жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө келип чыккан КНС боюнча салык милдеттенмесине карата бөлүп төлөө банктын кепилдигисиз эки жылдан ашпаган мөөнөткө арыз боюнча берилиши мүмкүн.";
26) 93-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы башка салыктар боюнча келечектеги мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө тийиш же салык төлөөчүгө кайтарып берилет.";
б) 10-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы Бирдиктүү салык эсебине чегерилүүгө жана/же салык төлөөчүнүн аткарыла элек салык милдеттенмеси жок болгон учурда салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кайтарып берилүүгө тийиш.";
27) 94-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жаңылыш төлөнгөн сумманы бюджеттик классификациянын тиешелүү төлөм кодуна жана/же салык органынын тиешелүү топтоочу эсебине жана/же Бирдиктүү салык эсебине чегерет;";
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жана/же салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берүү салык төлөөчүнүн салыктык карызы жок болгон учурда жүргүзүлөт.";
28) 95-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 97-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 1-1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул беренеде каралган чечимдердин жана башка документтердин формалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 1-2-бөлүк менен толукталсын:
"1-2. Электрондук документ түрүндөгү кат-кабарларды алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму же башка маалымат тутумдары аркылуу төмөнкүлөр жиберилиши мүмкүн:
1) салык төлөөчү тааныган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү;
2) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим;
3) көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим;
4) мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү;
5) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим;
6) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү жөнүндө;
7) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги аныкталгандыгы жөнүндө билдирүү жана камералдык текшерүүнүн маалымкаты же камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим салык отчеттуулугунда салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн акыркы расмий дарек боюнча тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен салык төлөөчүгө почта аркылуу буюртма кат менен жиберилген жана бул салык төлөөчү табылбаган учурда жиберилген жогоруда белгиленген билдирүү жана чечим кайтаруу жөнүндө документте көрсөтүлгөн кайтарылган буюртма катты салык органы алган датага карата тапшырылды деп эсептелет.";
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
6. Салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкүдөй чечимдер берилет:
1) каттоодон баш тартуу жөнүндө;
2) салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;
3) көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
4) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
5) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө;
6) салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча;
7) көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу жана/же токтотуп туруу, жана/же жандандыруу жөнүндө;
8) салык төлөөчү тарабынан текшерилүүчү документтерди берүү жөнүндө;
9) салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө;
10) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу/бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
11) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү жөнүндө;
12) салык отчетторун берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
13) салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган суммаларын салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык карызынын эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө;
14) салык кызматынын органы өз алдынча өндүргөн салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү жөнүндө;
15) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу/кайтарып берүү тууралуу же ордун толтуруудан/кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө;
16) эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө;
17) салык кызматынын органынын мурда кабыл алынган чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;
18) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана түзүлгөнүн камералдык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
19) уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда изилдөө материалдарын карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө;
20) салык милдеттенмесинин эсептелген же азайтылган суммасы жөнүндө;
21) товарларды баштапкы документтери жок сатып алгандыгы үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө;
22) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө;
23) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты колдонуу жөнүндө же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу;
24) салык органынын депозиттик эсебинен салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине акча каражаттарын которуу же баш таруу жөнүндө;
25) Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу башка чечимдер.";
30) 104-берененин 2-4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү салык төлөөчү тарабынан такталган салык отчетун түзүү, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3. Такталган салык отчету бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирген салык мезгили үчүн төмөнкүдөй учурда берилет:
1) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын эсептөө, кармап калуу үчүн салыктык база түзөтүлгөн учурда;
2) берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда.
4. Төмөнкүдөй салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт:
1) текшерилүүчү салык мезгилинде - көчмө салыктык текшерүүнү жүргүзүү мезгилинде, анын ичинде мындай текшерүүнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык токтото туруу учурларында;
2) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечими болгон жана бул чечим жокко чыгарылбаган салык мезгили үчүн;
3) карызды өндүрүү жөнүндө соттун чечими же салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча аткаруу өндүрүшү болгондо.";
31) 107-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"107-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар тарабынан Бирдиктүү салык декларациясын берүү өзгөчөлүктөрү
1. Ушул берененин колдонулушу төмөнкүдөй жеке жактарга карата жайылтылат:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга;
2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга;
3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын жана иши жашыруун мүнөзгө байланышкан укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларын, кызматкерлерин кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына;
4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган жана ээлеген адамга;
5) Улуттук банктын төрагасына, төрагасынын орун басарына, башкармасынын мүчөлөрүнө;
6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнө;
7) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсүнө;
8) мамлекеттик катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын жетекчисине, жетекчисинин орун басарына.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк, ошондой эле кирешелерди алуунун жана кетирген чыгымдардын негиздемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын жашаган жери боюнча (паспорттук маалыматтарга ылайык) салык органына электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.
Ушул берененин максаттары үчүн жакын туугандары деп жубайы (жолдошу), жашы жете элек балдары, декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар, аларга карата декларанттар жашоого, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары таанылат.
3. Отчеттук жыл болуп төмөнкүлөр саналат:
1) 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил;
2) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак кызмат ордун отчеттук жылдын 1-январынан кийин убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү баштаса, анда бул адам кызмат ордун ээлеп баштаган айдын биринен ошол жылдын 31-декабрына чейинки мезгил;
3) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жылдын 31-декабрына чейин кызмат ордун убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү токтотсо, анда 1-январдан тартып бул адам кызмат убактылуу ордун ээлеп турууну же ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки мезгил.
4. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келген каталар аныкталган учурларда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн мурда берилген бирдиктүү салык декларациясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизе алат.
5. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жана изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо жана Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6. Бирдиктүү салык декларациясы өз убагында берилбеген же берилбеген учурларда, ошондой эле берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар аныкталган учурларда салык кызматынын органдары тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.";
32) 108-берененин 4-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) программалык камсыздоо болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) деп ККМ реестрине киргизилген жана маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген программалык камсыздоо таанылат;";
33) 109-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салыктык контролдоо болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салык органынын контролу саналат.";
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Салык төлөөчүнүн патенттин негизинде жүргүзгөн иши утурлама текшерүүдөн тышкары, патенттин колдонуу мезгилинде көчмө салыктык текшерүүгө тийиш эмес. Салыктык контролдоонун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.";
34) 110-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул Кодекстин максаттары үчүн патенттин негизинде жеке ишкердик иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты салыктык каттоо жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат жана жеке ишкер катары каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.";
35) 111-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) патенттин негизинде иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты кошпогондо, электрондук документ түрүндөгү салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;
2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын;
3) салык органы тарабынан аныкталган, жакты салык төлөөгө милдеттендирүүчү ушул Кодексте каралган жагдайлардын;
4) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо зарылдыгы жөнүндө банктын жайгашкан жери боюнча салык органына жиберилүүчү банктын кабарлоосунун.
Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруу максатында салык төлөөчү анда салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгилинен тартып катталган болуп эсептелет. Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт. Бирдиктүү салыктын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүн болбогон учурда каттоо жалпы салык режимине жүргүзүлөт. Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат. Ушул бөлүктүн 4-пунктуна ылайык салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм Кыргыз Республикасынын аймагында транзакцияларды жүзөгө ашыруу боюнча гана ишти жүргүзүүгө укуктуу. Башка ишти жүзөгө ашырган учурда мындай уюмду каттоо Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.";
б) 2-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул бөлүктүн биринчи абзацында, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоого тийиш. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн уюмду салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
в) 4-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты кошпогондо, жеке эмгек ишин, ишкердик ишти жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алган жеке жак - мындай ишти жүзөгө ашырганга чейин салык органына;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, банкта эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюм - банкта эсеп ачканга чейин салык органына.";
г) 5-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктык каттоо жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо зарылдыгы жөнүндө банктын кабарлоосун алган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде.";
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюм үчүн - банктын катталган жери боюнча салык органында.";
36) 113-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Каттоо картасы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлөт. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
37) 114-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) жеке жактын патент алуу фактысынын.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Уюм же жеке ишкер обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча салык органына анын иши башталганга чейин эсептик каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерди же жеке жакты эсептик каттоо тиешелүү аймакта патент алууда эсептик каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;
2) салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде.";
38) 115-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жеке ишкер ушул Кодексте каралган тартипте аракетсиз салык төлөөчү деп таанылгандыгына;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебинин жабылгандыгына.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебинин жабылышы жөнүндө банктын кабарлоосунун";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) жеке жак тарабынан тиешелүү райондун/шаардын аймагында акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып 30 күндөн ашык патент алынбаган.";
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) жеке жак тарабынан тиешелүү райондун/шаардын аймагында акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып 30 күндөн ашык патент алынбагандыгынын.";
д) 5-бөлүктө "арызы боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
е) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Салык органы салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизет жана ушул Кодексте каралган тартипте салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жиберет.";
39) 116-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык төлөөчү тарабынан талашылбаган же негиздүүлүгү сот тарабынан ырасталган, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечиминин негизинде берилген салык отчеттуулугунан тышкары, салык төлөөчү тарабынан берилген салык отчеттуулугунун;";
40) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 116-2-берене менен толукталсын:
"116-2-берене. Бирдиктүү салык эсеби. Бирдиктүү салык төлөмү
1. Бирдиктүү салык эсеби - бул салык милдеттенмесин аткаруу ыкмасы, анын жардамы менен салык төлөөчү Бирдиктүү салык эсебине бирдиктүү салык төлөмү менен салык милдеттенмесин төлөйт.
2. Бирдиктүү салык төлөмү деп салык төлөөчү Бирдиктүү салык эсебине салган жана/же которгон акча каражаттары таанылат.
Ушул Кодекстин максаттары үчүн бирдиктүү салык төлөмү деп салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн салыгынын ашыкча же туура эмес төлөнгөн суммасын Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алынган күнү Бирдиктүү салык эсебинде эсепке алынууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы да таанылат.
3. Салык төлөөчүнүн Бирдиктүү салык эсебиндеги бирдиктүү салык төлөмдөрү төмөнкүлөрдү төлөө үчүн колдонулат:
- Бирдиктүү салык эсебине акча каражаттарын чегерүү датасына карата салык карызын, мында эгерде Бирдиктүү салык эсебиндеги акча каражаттары карызды толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз болсо, анда төлөө карыздын азыраак суммасынан баштап жүргүзүлөт;
- анын алдыдагы салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине.
4. Алдыдагы салык милдеттенмесин жабуу салыкты төлөөнүн эң алгачкы мөөнөттөрүнөн баштап ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылат.
Төлөө мөөнөттөрү дал келген учурда салык милдеттенмесин жабуу азыраак суммадан баштап жүзөгө ашырылат.
5. Салык төлөөчүнүн Бирдиктүү салык эсебиндеги акча каражаттарынын эсебинен салык милдеттенмесин жабуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.
Бирдиктүү салык төлөмүн Бирдиктүү салык эсебинен салык төлөөчүнүн эсебине кайтаруу салык төлөөчүнүн салык карызы жана алдыдагы салык милдеттенмелери жок болгон учурда, арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык төлөөчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.";
41) 117-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "салык кызматынын органдарынын" деген сөздөр "салык органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктө:
- 2-пунктта "15" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 4-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) салык төлөөчү тарабынан талашылбаган же негиздүүлүгү сот тарабынан ырасталган, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечимине ылайык берилген такталган салык отчеттуулугунан тышкары, салык төлөөчүнүн мурда көчмө текшерүүдө камтылган салык мезгили үчүн салык органы тарабынан кабыл алынган такталган салык отчеттуулугу боюнча;";
в) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9 . Салык кызматынын органдары төмөнкүлөрдүн негизинде пландан тышкаркы көчмө текшерүүнү же кайра текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз:
1) салыкты туура эмес эсептөө фактыларын күбөлөндүрүүчү документтер менен ырасталган маалыматтары жок болгон салык төлөөчүгө карата укук коргоо органдарынын каттарынын жана/же тиешелүү кайрылууларынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын кызматтык каттарынын негизинде;
2) даттанууну кароонун натыйжалары же соттун чечими боюнча ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан мурда чечим кабыл алынган жана бул чечимдер жокко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылган негиздер боюнча.";
42) 118-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "оңдолгон" деген сөз "такталган" деген сөзгө алмаштырылсын;
43) 124-берененин 1-бөлүгүндө "15" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
44) 125-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Салык төлөөчү каршы пикирин жазуу жүзүндө колмо-кол же почта аркылуу буюртма кат менен же салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук документ түрүндө же электрондук кайрылуу түрүндө ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук кайрылууларды кабыл алууга арналган электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берет.";
45) 127-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Салык кызматынын органдары" деген сөздөр "Салык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби жана максаты Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
46) 128-беренеде:
а) 5-1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин маалымат тутуму ККМге теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-бөлүк менен толукталсын:
"5-2. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген фискалдык программалык камсыздоо ККМге теңештирилет.";
47) 129-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ККМди каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана оңдоо учурларында салык органдарынын кызмат адамдарынын жана техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;";
48) 132-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары ушул главада - текшерүүлөр) салык кызматынын органдарынын кызмат адамын ал кызматтык күбөлүгүн жана ушул салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүү жөнүндө салык органынын жазма буйругун көрсөткөндө аймакка жана/же мүлк объектине жана/же жайга киргизүүгө милдеттүү. Салык постун орнотууда, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууда жана рейддик салык контролун жүргүзүүдө. салык төлөөчү ишкердик иште колдонулуучу видеобайкоо тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн ишкердик иште колдонулуучу аймагына жана/же мүлк объектине жана/же жайларына жана видеобайкоо тутумуна киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуусу салык укуктарын бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.";
49) 139-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жактардын" деген сөз "субъекттердин" деген сөзгө алмаштырылсын;
50) 146-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "3" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) операциялардын суммасына жана которууда пайдаланылуучу тутумдарга, төлөм тутумдарына же төмөнкүдөй которууларды жүзөгө ашырууда башка механизмдерге карабастан, акча каражаттарын эл аралык которуулар менен байланышкан операциялар жөнүндө:
- чет өлкөлүк уюмдардан Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн субъекттердин дарегине;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн субъекттерден чет өлкөлүк уюмдардын дарегине;
- Кыргыз Республикасынын субъекттеринен Кыргыз Республикасынын булактарынан киреше алган жана ушул Кодекске ылайык салыктарды төлөөгө милдеттүү болгон чет өлкөлүк уюмдардын дарегине";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты берүүгө. Маалымат мындай уюмдун эсеби ачылгандан кийинки айдан тартып ай сайын 10унан кечиктирилбестен берилет.";
51) 151-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) "д" пунктчасында "жер салыгы жана" деген сөздөр алып салынсын;
52) 160-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык санкциясы салыктык укук бузуу жасагандыгы, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик чарасы болуп саналат.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Товарларды баштапкы документтери жок сатып алуу үчүн салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан кагаз жүзүндө кабыл алынат. Башка учурларда салыктык санкция ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму аркылуу эсептелет.";
53) 163-беренеде:
а) 1-1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Ушул Кодексте, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда каралган отчетторду жана/же эсептешүүлөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салык төлөөчүгө төмөнкүдөй салык санкциясы колдонулат:";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы тарабынан жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 2-пунктуна ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумуна киргизилбеген товарлардын болушу белгиленсе, ал салык төлөөчүгө мындай товардын рыноктук наркынан 5 пайыз өлчөмүндө киреше салыгы боюнча салыктык санкция колдонулат.";
54) 167-берененин 1-бөлүгүндө "30" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
55) 174-беренеде:
а) 17-пункттун "ж" пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28) накталай эмес формада төлөө - накталай акча каражаттарын колдонбостон төлөө:
а) калк менен эсептешүүлөрдө - аларды алуучунун эсебине чегерүү жолу менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык QR-төлөмдөрдү, POS-терминалды, идентификацияланган электрондук капчыкты жана башка аралыктан төлөө формаларын пайдалануу менен электрондук акча аркылуу төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операцияларын жүргүзүү жолу менен төлөө;
б) жеке ишкерлердин, уюмдардын ортосундагы эсептешүүлөрдө - төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды алуучунун эсебине чегерүү жолу менен, же болбосо аларда расмий катталган идентификацияланган электрондук капчыктарды жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында төлөөчүнү ишкердик субъекти катары так идентификациялоого мүмкүндүк берген башка төлөм каражаттарын пайдалануу менен, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операцияларын жүргүзүү жолу менен төлөө.";
в) 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40) айыл чарба кооперативи - мүчөлөрү айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана иши кооперативдин мүчөлөрүнө товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана өзүнүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталган кооператив. Кооперативдин мүчөлөрү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруучу айыл чарба кооперативи ушул Кодексте белгиленген тартипте өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана иштин ушул түрү боюнча салыктарды төлөөгө милдеттүү;";
г) 56-пункттун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сорттоо, калибрлөө, маркалоо, таңгактоо, ташуу, сактоо, анын ичинде шок тоңдуруу/кургатуу үчүн арналган өндүрүштүк, административдик, кампа жана башка имараттары, жайлары жана курулмалары бар жер участогунан (жер участокторунан) турган, пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекс;";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 65-68-пункттар менен толукталсын:
"65) курулуш объекти - архитектуралык-курулуш ишинин натыйжасы болуп саналган, турак жана/же турак эмес жайлардан жана/же жалпы пайдалануудагы жерлерден жана/же инженердик-техникалык курулмалардан турган, мыйзамда белгиленген тартипте пайдаланууга киргизилүүгө тийиш болгон имарат, курулма, алардын бөлүгү же жыйындысы;
66) бүткөн курулуш объекти - мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга берилген (кабыл алынган) курулуш объекти;
67) бүтпөгөн курулуш объекти - мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдаланууга берилбеген (кабыл алынбаган) курулуш объекти;
68) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар:
а) "Кыргыз футбол бирлиги" юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары - КФБ), ошондой эле анын мүчөлөрү болуп саналган юридикалык жактар;
б) КФБ тарабынан бекитилген тизмекке ылайык кесиптик футбол клубдары жана/же футбол академиялары (менчигинин түрүнө карабастан);
в) КФБнын лицензиясы (сертификаты) бар футбол стадиондорунун менчик ээлери же мыйзамдуу ээлери болуп саналган уюмдар, көрсөтүлгөн стадиондорду пайдаланууга жана күтүүгө түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө.";
56) 178-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Мурда таризделген эсеп-фактуранын реквизиттерин оңдоо Министрлер Кабинети белгилеген учурларда ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактураны тариздөө менен жүргүзүлөт.";
57) 180-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө "15000000" деген цифралар "50000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
58) 183-берененин 4-бөлүгүндө "пайда салыгы, КНС, анын ичинде импортко КНС жана товарларды, жумуштарды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн алынуучу салык боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
59) 189-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мүлктүн бүтүндөй объектинин бир бөлүгүн сатууда аны сатып алуунун наркы мүлктүн бүтүндөй объектинин аянтына салыштырмалуу ошол бөлүктүн аянтына пропорциялуу аныкталат;";
60) 191-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- 15-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары;";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) эмгек мамилелеринин алкагында футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын жалданган жумушчулары тарабынан алынган кирешелер, анын ичинде эмгек акы, сый акылар, үстөк акылар, сыйлык, компенсациялар, материалдык жардам, ошондой эле дем берүүчү жана/же компенсациялык мүнөздөгү башка төлөмдөр.";
в) 6-бөлүктө:
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон (курорттук-рекреациялык зоналардын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөн тышкары) жана кыймылсыз мүлккө болгон укук катталган датадан тартып кийинки бир жылдан ашык убакытта салык төлөөчүгө менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлк.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык жана ушул кыймылсыз мүлккө болгон укук катталган датадан тартып бир жылдан ашык салык төлөөчүгө менчик укугунда таандык болгон короонун жанындагы участок;";
- 4-пунктта "пластикти жана полиэтилентерефталатты" деген сөздөрдөн кийин ", жүндү, терини, мурда колдонулган аккумуляторлорду" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 7-бөлүктө:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) жеке жак тарабынан ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивиденд:
а) резиденттигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны;
б) жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти;";
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) Кыргыз Республикасынын жараны, ошондой эле жеке жак - резидент тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында алган кирешелер;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1) жашап турууга уруксатынын же кайрылман статусунун бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке адам - Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд.";
61) 193-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) инвестициялык чыгарып салуу.";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "Социалдык" деген сөздөн кийин ", инвестициялык" деген сөз менен толукталсын;
62) 24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 196-1-берене менен толукталсын:
"196-1-берене. Инвестициялык чыгарып салуулар
1. Келишимдин предмети жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү болгон учурда салык төлөөчү ушул беренеде каралган тартипте жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен берилүүчү төмөнкүдөй инвестициялык чыгарып салууларды алууга укуктуу:
1) салык төлөөчү салык мезгилинде жеке инвестициялык эсепке салган акча каражаттарынын суммасында;
2) жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган операциялар боюнча алынган оң финансылык натыйжанын суммасында.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган инвестициялык чыгарып салуулар төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен берилет:
1) салыктык чыгарып салуулар салык мезгилинде жеке инвестициялык эсепке салынган акча каражаттарынын суммасында, бирок 1000000 сомдон ашык эмес берилет;
2) эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, салыктык чыгарып салуулар жеке инвестициялык эсепке акча каражаттарын чегерүү фактысын ырастаган документтердин негизинде салык декларациясын берген учурда салык төлөөчүгө берилет;
3) салыктык чыгарып салуулар салык төлөөчүгө жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде салык төлөөчүнүн жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө башка келишимдери болбогон шартта берилет, буга жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган бардык активдерди ошол эле жеке жакка ачылган башка жеке инвестициялык эсепке которуу менен келишим токтотулган учурлар кирбейт;
4) жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин токтотулган учурда (тараптардын эркине көз каранды болбогон себептер боюнча келишим бузулган учурдан тышкары) ошол жеке инвестициялык эсепте эске алынган бардык активдерди ошол эле жеке жакка ачылган башка жеке инвестициялык эсепке которуусуз, көрсөтүлгөн жеке инвестициялык эсепке салынган акча каражаттарына карата ушул берененин 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган инвестициялык чыгарып салууларды колдонууга байланыштуу салык төлөөчү бюджетке төлөбөгөн салыктын суммасы калыбына келтирилүүгө жана белгиленген тартипте салык төлөөчүдөн туумдардын тиешелүү суммаларын өндүрүү менен бюджетке төлөнүүгө тийиш;
5) салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган инвестициялык чыгарып салууларды алуу укугунан пайдаланбаган учурда инвестициялык чыгарып салуулар жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим аяктагандан кийин берилет;
6) инвестициялык чыгарып салуулар салык органында салык төлөөчү тарабынан жеке инвестициялык эсепке акча каражаттарын чегерүү фактысын ырастоочу маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формат боюнча салык агенти тарабынан берилген болсо, салык төлөөчүгө берилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган инвестициялык чыгарып салуулар төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен берилет:
1) инвестициялык чыгарып салуулар жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишими аяктагандан кийин салык төлөөчү жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишимин түзгөн датадан тартып кеминде 3 жыл өткөн шартта берилет;
2) эгерде салык төлөөчү жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим колдонулган мезгилде (ошондой эле ушул башка жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган бардык активдерди ошол эле жеке жакка ачылган башка жеке инвестициялык эсепке которуу менен токтотулган башка жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим колдонулган мезгилде) бул укукту пайдаланганга чейин инвестициялык эсептен чыгарууларды алуу укугунан бир жолу пайдаланса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган салыктык эсептен чыгарууларды алуу укугунан пайдалана албайт;
3) эгерде ушул пунктта башкача каралбаса, инвестициялык чыгарып салуу салык төлөөчүгө салык органы тарабынан салык төлөөчү салык декларациясын берген же салык агенти салыкты эсептеген жана кармап калган учурда, салык органынын төмөнкүлөр жөнүндө маалымкатын берген шартта берилет:
- салык төлөөчү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган салыктык чыгарып салууларды алуу укугун жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишиминин, ошондой эле ушул жеке инвестициялык эсепке активдерди которуу менен токтотулган башка келишимдердин колдонулуу мөөнөтүндө пайдаланбаса;
- жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган бардык активдерди ошол эле жеке жакка ачылган башка жеке инвестициялык эсепке которуу менен келишим токтотулган учурларды кошпогондо, жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде салык төлөөчүнүн жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө башка келишимдери болбосо;
4) инвестициялык чыгарып салуу жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү келишими бузулганда, мындай салык агенти салыкты эсептөөдө жана кармоодо, салык агентинде ушул бөлүктүн 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган маалыматтар болгондо, салык төлөөчүгө салык агентине берилүүчү анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилиши мүмкүн.";
63) 197-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Салык агентинин маалымат тутумун пайдалануу менен иш жүргүзгөн жеке жактар үчүн жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, такси кызматына жана курьердик кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн заказ кылуу үчүн колдонулуучу киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) 1 пайыз - 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп;
2) 2 пайыз - 2028-жылдын 1-январынан тартып 2029-жылдын 31-декабрын кошуп;
3) 5 пайыз - 2030-жылдын 1-январынан тартып.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Чет өлкөлүк жеке жак капиталдагы үлүшкө же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүнө 5 жылдан көп ээлик кылган учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк жеке жактын капиталдагы үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн сатуудан түшкөн Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине 10 пайыз өлчөмүндөгү ставка боюнча салык агентине салык салынууга тийиш. Ушул Кодекстин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, 240-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салыктык жеңилдиктер берилген субъекттерге, ошондой эле Министрлер Кабинети менен салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашууну түзгөн субъектке карата ушул бөлүктө каралган алып салуу берилген салыктык жеңилдиктерди пайдалануу аяктаган датадан кийинки датадан башталган мезгилге жайылтылат.";
64) 199-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
65) 200-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Айыл чарба кооперативдери жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборлор, ошондой эле 2027-жылга чейинки мезгилдин ичинде тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш ишин жүзөгө ашыруучу уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери катары ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу орточо айлык эмгек акынын негизинде эсептелген киреше салыгынын суммасын жалданма жумушчунун эмгек акысынан кармашат жана төлөшөт.";
66) 202-берененин 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынын салыгы кирешени төлөөнүн формасына жана ордуна карабастан салык агенти тарабынан учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык төлөөчүнүн салык милдеттенмеси келип чыккан айдан кийинки айдын 20сына чейин бюджетке эсептелет жана төлөнөт. Ушул бөлүктүн максаттарында кирешени төлөө деп ушул Кодекстин 248-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген төлөмдөр түшүнүлөт.
4. Эгерде жеке ишкерге төлөнгөн төлөмдөрдү, жана/же жеке ишкердин түшкөн акчасын жана/же патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактын түшкөн акчасын кошпогондо, салык агенти жеке жакка төлөнгөн жана/же жеке жак алган кирешеден салыкты кармабаса же толук кармабай калса, анда салык агентине ушул салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдеттер жана анын аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик ушул Кодекске ылайык жүктөлөт.";
67) 206-берененин 4-1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
68) 213-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ата мекендик жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер - 2031-жылдын 1-январына чейин;";
б) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары;";
69) 235-берененин биринчи абзацында "2030-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр алып салынсын;
70) 239-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясынын, газдын жана газ абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун кайрадан түзүлгөн өндүрүүчүлөрүнө - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду эксплуатациялоого киргизген учурдан тартып 5 жылдын ичинде, мында эксплуатациялоого киргизүү 2030-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылган шартта;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар.";
71) 240-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
72) 245-1-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси болбогон жана анын эсеби ачылган банктын дареги боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк субъект тарабынан чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же болбосо анын дарегине транзакция боюнча кайра жиберилген акча каражаттарынын суммасы мындай жактардан чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан, кайра жиберилген сумманын 0,2 пайыздык ставкасы боюнча салык салынууга тийиш. Ушул бөлүктүн максаттары үчүн салыктык базага чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы анын туруктуу мекемесинин же өкүлчүлүгүнүн учурдагы чыгымдарын каржылоо үчүн жиберилүүчү акча каражаттары киргизилбейт.
2. Транзакцияга салык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү, ошондой эле ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн салык агенти тарабынан учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөнөт жана ал боюнча отчет берилет.";
73) 248-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) накталай жана/же накталай эмес формада акча төлөө, баалуу кагаздарды, товарларды, катышуу үлүшүн, анын ичинде чет өлкөлүк субъекттин капиталга катышуу үлүшүн же ата мекендик уюмдагы башка катышуу үлүшүн берүү. Ушул главанын максатында бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уюмдун уставдык капиталын көбөйтүүдө баалуу кагаздардын санын жана наркын көбөйтүү же уюмдун катышуучусунун үлүшүнүн наркын көбөйтүү кирешени төлөө болуп саналбайт;";
74) 249-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) чет өлкөлүк уюм капиталга катышуу үлүшүнө же ата мекендик уюмда катышуунун башка үлүшүнө 5 жылдан көп ээлик кылган учурларды кошпогондо, капиталдагы үлүштү же ата мекендик уюмдагы катышуунун башка үлүшүн сатуудан - 10 пайыз. Ушул Кодекстин 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, 240-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салыктык жеңилдиктер берилген субъекттерге, ошондой эле Министрлер Кабинети менен салыктык жеңилдиктерди берүүнү караган инвестициялык макулдашуу түзгөн субъекттерге карата ушул бөлүктө каралган алып салуу берилген салыктык жеңилдиктерди пайдалануу аяктаган күндөн кийинки күндөн башталган мезгилге жайылтылат.";
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
75) 250-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдө "кармалган" деген сөз "эсептелген" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде салык агенти чет өлкөлүк уюм тарабынан төлөнгөн кирешеден салыкты төлөбөсө же толугу менен төлөбөсө, анда салык агентине бул салык милдеттенмесинин аткарылышы боюнча милдет жана аны аткарбай койгондугу үчүн жоопкерчилик ушул Кодекске ылайык жүктөлөт.";
76) 251-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Товарларды бир юридикалык жактын чегинде өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып өтүү, эгерде мындай товарларды ташып кирүү түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылса, салык салынуучу импорт болуп саналбайт
77) 253-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга - жеке жактарга Кыргыз Республикасынын резиденттерине товарлар менен электрондук сооданы жүзөгө ашырган чет өлкөлүк субъект. Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк субъекттин КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.";
78) 256-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
79) 258-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат. Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө төмөнкүлөр алардын эсептик наркы боюнча мындай өтүү датасына карата сатылды деп таанылат:
1) эгерде ушул бөлүктө башкача белгиленбесе, жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган товардык-материалдык запастардын калдыктары;
2) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатып алынган/түзүлгөн, алар боюнча мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган негизги каражаттар жана/же материалдык эмес активдер;
3) жалпы салык режимин колдонуу мезгилинде сатылып алынган/түзүлгөн, алар боюнча чегерүүгө КНС мурда кабыл алынбаган сатып алынган материалдык ресурстардын наркын кемитүү менен доонун эскирүү мөөнөтүнүн чегинде чегерүүгө КНС мурда кабыл алынган, бүткөн жана/же бүтпөгөн курулуш объекттери.
КНС төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө ушул бөлүктүн же ушул Кодекстин 309-беренесинде каралган ченемдерин колдонууну тандап алууга укуктуу.";
80) 261-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"9. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан убактылуу ташып кирүүдө, эгерде товарлар ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарылбаса, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып кирген дата саналат.
10. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына убактылуу ташып чыгууда, эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ушул Кодекстин 4-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ташып киргизилбесе, салык милдеттенмеси пайда болгон дата болуп товарларды ташып чыгуу датасы саналат.
11. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товар импорттун датасынан тартып 60 айлык мезгил өткөнгө чейин бир юридикалык жактын чегинде өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу ээликтен ажыратылган учурда мындай ээликтен ажыратуу салык салынуучу импортко теңдештирилет. Импортко КНС боюнча салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп товар ташып киргизилген дата саналат.";
81) 265-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык кыймылсыз мүлктү алмашуу жана/же аны мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарымсыз өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
82) 266-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"266-берене. Айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продуктуларын берүү
1. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн, айыл чарба даярдоочуларынан жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продуктуларын берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.
2. Салык төлөөчү тарабынан айыл чарба канаттуулары жана балыктары үчүн өндүрүлгөн тоюттарды айыл чарба канаттууларын жана балыктарды өстүрүү боюнча иш жүргүзгөн айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
83) 269-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан жаңы курулуш/реконструкциялоо/кайра профилдөө/кайра пландоо объекттерин жана/же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү берүү 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
84) 280-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"280-берене. Идентификациялоо каражаттарын, ошондой эле товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр Идентификациялоо каражаттарын, ошондой эле товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
85) 284-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу энергия жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берүүчү технологияларды, жабдууларды жана анын комплекттөөчүлөрүн берүү 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
86) 285-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
87) 294-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"294-берене. Эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн реактивдүү отунду берүү Май куюучу уюм тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары реактивдүү отунду берүү 2031-жылдын 1-январына чейин КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
88) 296-беренеде:
а) 3-пунктта "уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөр "уюштуруу жана өткөрүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
13) футболду уюштуруу жана өнүктүрүү, анын ичинде мелдештерди өткөрүү, спортчуларды даярдоо, футбол инфратүзүмүн пайдалануу жана күтүү менен түздөн-түз байланышкан иш бөлүгүндө футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.";
89) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) өздүк өндүрүштүк максаттар үчүн айнек кайнатуучу мештерди жана конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлар - 2031-жылдын 1-январына чейин;";
б) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камылга катары импорттолуучу реактивдүү отун - 2031-жылдын 1-январына чейин;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:
29) футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдар тарабынан футболду уюштуруу жана өнүктүрүү максаттары үчүн гана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарлар, анын ичинде спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана футболдук инфратүзүмдү пайдалануу үчүн колдонуучу спорттук жабдуулар, инвентарь, формалар, экипировкалар, адистештирилген материалдар жана техникалык каражаттар.";
90) 301-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) исламдык каржылоого ылайык мурабаха, иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча же финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча андан ары өткөрүп берүү үчүн банк же лизингдик компания тарабынан сатып алынган негизги каражат.";
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта "чарба жүргүзүүчү субъект" деген сөздөр "салык төлөөчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
91) 38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 306-1-берене менен толукталсын:
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034409/st-6" title="6-берене - Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>