28-берене. Тамак-аш продукциянын сатуу этабындагы текшерүүлөр
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Соода ишканаларында сатылып жаткан тамак-аш продукциясын текшерүүлөр ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Чакан чекене соода тармагында сатылып жаткан тамак-аш продукциясын текшерүүлөр стационардык соода объекттеринен тышкары жердеги соода жүргүзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктаган жерлерде, Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
3. Азык-түлүк рынокторунда жаныбарлардан алынган иштетилбеген азык-түлүк чийки затын, өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>