27-берене. Алгачкы өндүрүү жапа мал союу баскычындагы текшерүүлөр
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Өсүмдүктөрдү өстүрүү (анын ичинде пестициддерди колдонуу менен), жаныбарларды багуу, сүт саап алуу (анын ичинде ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуу), жапайы өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, балыкты өстүрүү ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер, анын ичинде өнөр жайда даярдалбаган тамак-аш продукциясын өндүрүүчү жактар алгачкы өндүрүү баскычында текшерилүүгө тийиш.
2. Алгачкы өндүрүү баскычындагы текшерүү субъекттин айыл чарбалык жана гигиеналык практика принциптерине негизделген талаптарды сакташын белгилөө максатында жүргүзүлөт.
3. Мал союу процессин текшерүү субъекттин ветеринардык-санитардык талаптарды сактоосун белгилөө максатында жүргүзүлөт.
4. Алгачкы өндүрүү субъекттерине текшерүүнү жүргүзүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>