29-берене. Мамлекеттик мониторинг
Күчүнө кире элек · 12.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Мамлекеттик мониторинг тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу, кооптуу тамак-аш азыктарын жүгүртүүнү алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында тамак-аш продукциясын иштеп чыгуунун (түзүүнүн), өндүрүүнүн (даярдоонун), жүгүртүүнүн, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун бардык баскычтарында (процесстеринде) жүргүзүлөт.
2. Мониторинг жүргүзүү максатында үлгүлөрдү (сынамдарды) тандоо ушул Мыйзамдын 31-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмеги, аларды бажы органдары, техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, шайкештикке баа берүү органдары жана сыноо лабораториялары тарабынан берүү тартибин мамлекеттик мониторинг жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4. Мониторингдин натыйжалары тобокелдикти талдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү, алдын алуучу чараларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштыруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдардын функцияларын оптималдаштыруу үчүн пайдаланылат. Мамлекеттик мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралбайт.
5. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча, анын ичинде продукцияны лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) натыйжалары боюнча тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жаатындагы талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясы табылганда маалымат тез арада субъектке жөнөтүлөт.
Берененин тексти 12.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034181/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>