3-берене
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, № 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Товарлардын айрым категориялары бажы чек арасы аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өткөрмө пункттарында гана өткөрүлүшү мүмкүн.";
3) 14-беренеде "37-43-главаларында" деген сөздөр "37 - 43-1-главаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Товарлардын бажы контролунда турушу
1. Кодекстин 14-беренесинде белгиленген учурларда товарлар бажы контролунда турат деп эсептелет.
2. Бажы органы тарабынан Кодекстин 14-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды, ошондой эле Кодекстин 14-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн, Кодекстин 210 жана 218-беренелерине ылайык Бирликтин товарлары деп таанылбаган товарларды авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жок кылуу жана (же) кайтарымсыз жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарымсыз жоготуу фактысын таануу, Комиссия тарабынан аныкталуучу учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
5) 32-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарлар Кодекстин 37 жана 43-1-главаларына ылайык (жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлсө;";
6) 40-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) электрондук соода товарларына карата бажы алымы.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата электрондук соода товарларына карата бажы алымы жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында бул каралган учурда - салыктар төлөнүүгө тийиш. Электрондук соода товарларына карата бажы алымы Кодекстин 43-1-главасына ылайык төлөнүүгө тийиш.";
7) 41-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бажы жыйымдары болуп төмөнкүлөр үчүн алынуучу төлөмдөр саналат:
1) товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүү;
2) транспорттук каражаттарды бажылык коштоо;
3) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу;
4) алдын ала чечимди кабыл алуу.";
8) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн жыйым
1. Кодекстин 341 жана 343-беренелеринде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.
2. Товарларды ташып бараткан ар бир транспорттук каражатты, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорттук каражатты бажылык коштоо үчүн, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу навигациялык пломбаларды кошпогондо, колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар алынат.";
9) 44-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Электрондук соода товарларына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бажы органдарынын товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүсү үчүн жыйымдардын белгиленген өлчөмдөрү аныкталат.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бажылык коштоо үчүн, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн бажы жыйымдары бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө жүзөгө ашырылып баштаганга чейин да, багытталган бажы органында бажылык коштоо жана (же) навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.";
10) 59-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кодекстин 309-6-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы органы тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.";
11) 84-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 95-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде чет өлкөлүк товарларды убактылуу сактоо ташып келинген жерде жайгашпаган убактылуу сактоочу жайда жүргүзүлө турган болсо, чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык же болбосо бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырбастан ташуу учурлары жана тартиби, ошондой эле документтин формасы жана аны толтуруу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
13) 98-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) электрондук соода товарларына декларация.";
14) 103-берененин 2-бөлүгүндө "декларантка же бажылык өкүлгө" деген сөздөр "декларантка, бажы өкүлүнө же электрондук соода операторуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 106-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"106-берене. Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда товарларды чыгаруунун өзгөчөлүктөрү Укук бузуу же кылмыш аныкталган учурда укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш аяктаганга чейин товарларды чыгаруу укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн же кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүштүн жүрүшүндө мындай товарлар алып коюлбаган же аларга камак салынбаган шартта бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.";
16) 110-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 111-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул главанын жоболору электрондук соода товарларына карата колдонулбайт. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында аныкталат.";
18) төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-глава менен толукталсын:
"17-1-глава. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү 112-1-бepeнe. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартиби жана шарттары жөнүндө жалпы жоболор
1. Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагына ташып келүүнүн, алардын Бирликтин бажы аймагында туруу жана пайдалануу, электрондук соода товарларын убактылуу сактоо, бажылык декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, электрондук соода товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жоболорун колдонуунун, ошондой эле Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу мындай товарларга жана электрондук соода товарларына карата бажы төлөмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада аныкталат.
Электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгаруунун тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү, анын ичинде Бирликтин бажы аймагынан товарларды ташып чыгарууга жол берген бажы жол-жоболоруна аларды жайгаштыруу шарттарынын өзгөчөлүктөрү жана мындай бажы жол-жоболорун колдонуунун өзгөчөлүктөрү, Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү жана мындай товарларга карата бажы төлөмдөрүн Кодекстин 309-8-беренесинин 5-пунктун эске алуу менен колдонуунун өзгөчөлүктөрү Комиссия тарабынан аныкталышы мүмкүн.
2. Бирликтин бажы аймагына ташып келинген, аларга карата бажы операциялары Кодекстин 43-1-главасында жана ушул главада белгиленген электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен жүргүзүлгөн товарлар алар чыгарылгандан кийин коммерциялык иште колдонулбашы керек.
Аталган товарларды коммерциялык иште пайдалануу фактылары аныкталган учурда Интернет тармагынын ресурстарын пайдалануу менен электрондук соода аянтчаларында бүтүмдүн тарабы болуп саналган жана мындай товарларды коммерциялык иште пайдаланган жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034080/st-3" title="3-берене - Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>