2-берене
Күчүндө · 06.11.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 360-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"360-берене. Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын пайдалануу жана (же) тескөө тартибин бузуу Пайдаланууда жана (же) тескөөдө чектелген товарларды, анын ичинде электрондук соода товарларын, ошондой эле шарттуу чыгарылган товарларды жана транспорт каражаттарын бажы мыйзамдарында каралгандан, анын ичинде аларга байланыштуу мындай жеңилдиктер берилгенден башка максаттарда пайдалануу жана (же) тескөө - жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 372-берененин аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө жана сан түрлөрүндөгү "товар" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "товар, анын ичинде электрондук соода товары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 06.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230034080/st-2" title="2-берене - Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>