Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 2-июлу № 93-нпа
Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженердик тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө
Долбоорлоо, курулуш, кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жана курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо жаатында айкындуулукту, бир түрдүүлүктү жана укуктук аныктыкты камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин Эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 240 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө» жобонун негизинде берилген курулуш объекттерине уруксат берүүчү документтер ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобо менен жөнгө салынууга тийиш экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул буйруктан келип чыккан чараларды кабыл алынсын.
5. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте расмий жарыяланышын камсыздасын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүн, көрсөтүлгөн буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
7. Бул буйрук 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин расмий https://minstroy.gov.kg сайтында 2025-жылдын 3-июлунда жарыяланды.
Министр
Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин…Положение · 04.12.2025 · № 106-нпа
- Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо…Положение · 02.07.2025 · № 93-нпа
- Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери (2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак…Правила · 02.07.2025 · № 93-нпа
- Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери (Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилди 1-тиркеме)Правила · 29.09.2025 · № 63-3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 22.10.2025 · № 10-1/283
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана…Приказ · 24.11.2025 · № 102-нпа
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура…Приказ · 24.09.2025 · № 97-нпа
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 240 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө…Постановление · 10.05.2024 · № 240 · Күчүн жоготкон