Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК БУЙРУК 2025-жылдын 7-июлу № 10-1/159 Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн бул буйрук жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.
Директор
Э.Ж. Зарнаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасындагы суу чарба курулмаларына системалык каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр…Положение · 14.11.2025 · № 10-1/317
- Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана…Положение · 07.07.2025 · № 10-1/159
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана…Постановление · 12.02.2024 · № 53