Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-августу № 523
"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун ишинин айрым маселелери жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
Региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча чараларды күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун уюштуруучусу катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Фонд "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому дайындаган байкоочу кеңеш тарабынан башкарылат;"; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо жана долбоордук кеңсени каржылоо үчүн гана пайдаланылат.".
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коому менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишинин айрыммаселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2026 · № 437
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 токтомуна)Положение · 16.06.2022 · № 323 · Күчүн жоготкон
- МК Токтому №437 25.06.2026Постановление · 25.06.2026 · № 437
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын ишинин айрыммаселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2026 · № 437
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 414 "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.08.2019 · № 414
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2022 · № 323 · Күчүн жоготкон