Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) салык кызматынын органынын салык органы тарабынан эсептелген мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсүнүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 57-пункт менен толукталсын:
"57) транзакция - мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү тарабынан чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча операция. Башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана берүү, ошондой эле мындай уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгунүн чет мамлекеттин банкында ачылган эсептерин пайдалануу учурларын кошкондо, акча каражаттарын накталай жана накталай эмес формада алуу жана берүү акча каражаттарын кайра жөнөтүү деп таанылат.";
2) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:
"61. Мөөнөттүн биринчи күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурларда, мөөнөттүн башталган күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.";
3) 28-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- көмөкчү мүнөздөгү иш деп мындай филиалды/өкүлчүлүктү түзгөн чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине жүргүзүлүүчү транзакцияларды кошпогондо, мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан дайыма орто аралыкта пайдалануу үчүн багытталгандыгы ал үчүн негизги критерий болуп саналган резидент эместин негизги ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында резидент эместин филиалынын/өкүлчүлүгүнүн ишинин алкагындагы иш түшүнүлөт;";
4) 341-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык органы тарабынан салык аудитин жүргүзүү жана ушул Кодексте каралган салыктык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн токтото туруу укугу жөнүндө.";
5) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунун "в" пунктчасынын экинчи абзацында "жана 13" деген сөздөр алып салынсын;
6) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда "көчмө салыктык текшерүү" деген сөздөр "салык аудити, көчмө салыктык текшерүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 53-берененин 2-бөлүгүнүн 2-2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 60-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 24-пунктунун "в" пунктчасынын экинчи абзацында "жана 13" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдү ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу категориялаштырууну (аларды статистикалык/математикалык моделдерди пайдалануу менен сегменттөөнү) караган салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзөт. Салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзүү тартиби, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү рейтингге ылайык администрациялоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
9) 61-берененин 2-бөлүгү "режимди колдонуучу субъект" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗ субъектиси" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 64-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) мүлккө эсептелген жана төлөнгөн салыктын суммалары бөлүгүндө кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;";
11) 72-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими
1. Салык төлөөчү ушул беренеде каралган учурларда жана тартипте салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга укуктуу.
2. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими төмөнкү учурларда колдонулат, эгерде салык төлөөчү:
1) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 50 пайыз өлчөмүндөгү сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайызын төлөсө;
2) такталган салык отчету берилген датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен ушул отчеттуулукка ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салык калдыгынын толук суммасын, ошондой эле төлөө күнүнө эсептелген, төлөнүүгө тийиш болгон туумдун 30 пайыз өлчөмүндө сумманы төлөсө;
3) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимге салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган датадан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 70 пайыз өлчөмүндө сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 70 пайызын төлөсө.
Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими салык төлөөчүнү төмөнкүлөрдөн бошотот:
- ушул бөлүктүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда, туумдардын жана салык санкциясынын калган бөлүгүнөн;
- ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган учурларда, туумдардын калган бөлүгүнөн жана салык санкциясынын 100 пайызынан.
3. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу салык төлөөчүнүн аны колдонуу тууралуу арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен берилет.
4. Ушул берененин максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө деп төмөнкүлөр таанылат:
1) салык төлөөчү тарабынан накталай эмес акча формасында төлөө;
2) салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, пайыздарын, туумдарын жана салыктар боюнча салык санкцияларын ушул төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине чегерүү.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар сакталса, салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим чыгарат.
6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрлөрү боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилет.
Салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.
7. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонгондо салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча эсептелген салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы деп автоматтык түрдө таанылат, салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечим андан ары даттанылбайт.
8. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
12) 84-беренеде:
а) 1-бөлүк "Ушул Кодексте белгиленген учурларда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле товарларды ташып келүүдө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк "Депозитти кабыл алган" деген сөздөр "Товарларды импорттоодо депозит төлөгөн учурларды кошпогондо, депозитти кабыл алган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо акча каражаттарын депозиттик эсепке төлөө, аларды пайдалануу жана кайтарып берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
13) 85-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана/же отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюлууга тийиш эмес. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеги, ошондой эле мындай уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюуга жол берилбеген мезгил Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
14) 97-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык төлөөчү тааныган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү, ошондой эле мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү электрондук документ түрүндө кат-кабар алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же башка маалыматтык тутумдар аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилиши мүмкүн.";
б) 6-бөлүктө:
- 2 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
"30) салык аудитин дайындоо жана/же узартуу, жана/же токтото туруу, жана/же кайра баштоо жөнүндө.";
15) 99-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ушул Кодекске ылайык бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган жеке ишкерлер ишин токтотууда бирдиктүү салык декларациясын бербейт.";
16) 106-берененин 2-бөлүгүнүндө:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жеке ишкер, төмөнкү жеке ишкерди кошпогондо:
- өзгөчө режимдеги соода зоналарында салыктын негизинде иш жүргүзгөн;
- бирдиктүү салыктын 0 пайыз, 0,1 пайыз, 0,5 пайыз жана 1 пайыз ставкалары боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн;
- патенттин негизинде иш жүргүзгөн;
- юридикалык жакты түзбөстөн, дыйкан/фермердик чарба катары катталган жана иш жүргүзгөн;";
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 109-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) салык аудити;";
18) 111-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Салыктык каттоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктык каттоо жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалымат боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири болгон күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.";
19) 114-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жерлер үчүн ушул берененин максаттарында салык салуу объектисинин жайгашкан жери болуп алардын иш жүзүндө жайгашкан жери саналат.";
20) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1161-берене менен толукталсын:
"1161-берене. Салык аудити
1. Салык аудитинин максаты болуп ушул Кодекстин 341-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү саналат.
2. Салык аудитин жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Салык аудити салык төлөөчүнүн арызын алган учурда ушул аудитти жүргүзүү жөнүндө салык органынын жетекчиси кол койгон чечимдин жана жазма буйруктун негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
4. Салык аудити аяктагандан кийин эки нускадан кем эмес санда корутунду түзүлөт, ага аудит жүргүзгөн кызмат адамынын колу коюлат жана салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
5. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылбайт:
1) салыкты, туумдарды эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;
2) салык төлөөчүнү салыктык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө.
6. Салык аудитинин корутундусун аткаруу салык төлөөчү үчүн ыктыярдуу болуп саналат.
7. Салык аудитин жүргүзүү жөнүндө чечимдин жана жазма буйруктун, ошондой эле корутундунун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
21) 117-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун "г" пунктчасында "календардык" деген сөз "жумуш" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 124-берененин 1-бөлүгүндө "календардык" деген сөз "жумуш" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 139-берененин 3-1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "30 пайыздан ашык айырмаланган" деген сөздөр "төмөн болгон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 145-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) катталган же каттоодон чыгарылган транспорт каражаттары, алардын параметрлери жана менчик ээлери жөнүндө.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты маалымат тутумунда текшерүүгө;
- мүлк салыгы боюнча 5 же андан көп эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы болсо, салык карызы жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон баш тартууга.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз мүлкүнө укуктарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.";
25) 146-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- уюмдар жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) ушул Кодекстин 315-беренесине ылайык КНСти эсепке алуу максатында накталай эмес формада сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен маалымат берүүгө.";
26) 163-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде салык кызматынын органы тарабынан салык контролунун жүрүшүндө жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсептик документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумуна киргизилбеген товардын бар экендиги аныкталса, ал салык төлөөчүгө киреше салыгы боюнча мындай товардын рыноктук наркынын 5 пайызы өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.";
27) 167-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде салык төлөөчү салык кызматынын органдарынын чечимине даттанууну ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берсе, анда бул даттануу каралууга тийиш эмес, бул жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.";
28) 171-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин чыгарууда эске алынбаган жана салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келген документтик маалыматтар алынса, анда ыйгарым укуктуу салык органы бул чечимди салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин салык төлөөчүгө тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдын ичинде өзгөртүүгө укуктуу.";
29) 174-берененин 17-пунктунун "н" жана "о" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 183-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Министрлер Кабинети пайда салыгы, КНС, анын ичинде импортко КНС жана товарларды, жумуштарды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн алынуучу салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон, алар боюнча бошотууларды берүү жана/же ушул Кодексте белгиленген ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын өзгөртүү менен улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.";
31) 1831-берененин 3-бөлүгүндө ", 13" деген цифралар алып салынсын;
32) 197-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "1-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 201-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган товарлары бар салык төлөөчүлөргө салык агенти катары киреше салыгын кармоо жана төлөө боюнча милдеттенме жайылтылбайт.";
34) 207-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.";
35) 2081-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) транзакция боюнча кызмат акысы.";
37) 225-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген кыймылсыз мүлк объекттери, жеңил автомобилдер, мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, яхталар жана суу мотоциклдери, алар ишкердик иште колдонуларына же колдонулбастыгына карабастан ишкердик ишти жүргүзүү үчүн багытталган мүлк объекттери деп таанылбайт.";
38) 236-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 20-пунктта "айрым учурларды кошпогондо," деген сөздөрдөн кийин "эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толуктасын:
"21) соода ишин жүргүзүүчү жана патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык жана 0,5 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салык төлөөчү субъекттерден сатып алынган товарлардын наркы.";
39) 33-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2451-берене менен толукталсын:
"2451-берене. Транзакцияга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү тарабынан транзакция боюнча кайра жиберилген акча каражаттарынын суммасына мындай уюмда, жеке ишкерде, чет өлкөлүк уюмдун филиалында/өкүлчүлүгүндө эсептен чыгарууларды жүзөгө ашырбастан кайра жиберилген сумманын 0,2 пайыздык ставкасы боюнча салык салынууга тийиш.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн салык базасына чет өлкөлүк уюм тарабынан анын туруктуу мекемесинин же өкүлчүлүгүнүн учурдагы чыгымдарын каржылоо үчүн жиберилүүчү акча каражаттары киргизилбейт.
2. Транзакцияга салык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү тарабынан учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөнөт жана ал боюнча отчет берилет.";
40) 2491-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
41) 2492-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 265-беренеде:
а) "КНС бошотулган" деген сөздөр "1. КНС бошотулган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Кыймылсыз мүлктү алмашуу жана/же аны мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарымсыз өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
43) 296-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүү.";
44) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) 870240, 870380 жана 890110 товардык позицияларында Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) менен классификациялануучу, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылган жылы 5 жылга чейинки жерде жүрүүчү жана суу транспорт каражаттары, ошондой эле аларга тетиктер;";
б) 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25) Улуттук банк тарабынан ташып киргизилүүчү баалуу металлдар, анын ичинде аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар;";
45) 301-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "8802," деген цифралардан кийин "8903 (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана жүргүзүлүүчү парустуу кемелерге гана карата)," деген сөздөр менен толукталсын.
46) 315-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) "в" пунктчасы "чектер алынса;" деген сөздөрдөн кийин "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү аркылуу төлөм жүргүзүүнү кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм накталай эмес формада жүргүзүлсө;";
47) 316-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай түрдө жана/же товар алмашуу (бартердик) операциясы боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.";
48) 364-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 12-пунктта "боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) транзакция боюнча";
49) 368-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) патенттин негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъекттин, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттин дарегине - төлөө учурунда төмөнкүдөй белгиленет:
а) накталай эмес формада - 1 пайыз өлчөмүндө;
б) накталай формада - 2 пайыз өлчөмүндө;
2) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине - 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;";
б) 3-пункттун "б" пунктчасында "3" деген цифра "2" деген цифрага алмаштырылсын;
50) 372-беренеде:
а) 4-пунктта "транспорт каражаты, анын ичинде аба жана суу кемелери," деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
51) 374-берененин 1-бөлүгү "бошотулган субъекттерге" деген сөздөрдөн кийин "(ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
52) 376-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Имарат, жай, курулма жана жер участогу үчүн мүлк салыгынын салык базасы болуп имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун чарчы метрдеги аянты эсептелет.";
53) 379-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген учурда салык органы тарабынан салыктын суммасын эсептөө боюнча милдеттенме келип чыкпайт.";
54) 381-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча милдет ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участоктору, айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогу, турак жай имараты жана орун жайы, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма жайгашкан жер боюнча салык органына жүктөлөт.";
б) 2-2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "жана транспорт каражатына" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде ушул объекттин салык базасы ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик колдонулгандан кийин нөлдүк же терс мааниге ээ болсо, анда ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик салыктын эсептелген суммасынын экинчи эң чоң өлчөмү менен салык салынуучу турак жай мүлк объектисине карата колдонулат;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай мүлкүнүн эки жана андан ашык объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей эң көп мааниге ээ болгон учурда, жеңилдиктер берилүүгө тийиш болгон кандай болбосун мүлк объекттерине карата.";
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын кабарлоосу учурдагы жылдын 31-ноябрын кошуп алгандагы мезгилге карата салык төлөөчүгө учурдагы салыктык мезгилдин 1-декабрынан кечиктирилбестен тапшырылат, базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак эмес курулмага мүлк салыгын кошпогондо, салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен тапшырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:";
55) 382-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"382-берене. Салык төлөнүүчү жер Мүлк салыгы имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун жайгашкан жери боюнча төлөнөт.";
56) 384-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан жана учурдагы салык мезгилине карата кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоого тийиш болбогон турак жай эмес курулмаларды кошпогондо, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерге, турак жай эмес имараттарга, жайларга, курулмаларга мүлк салыгынын маалыматтык эсебин төмөнкүдөй берүүгө милдеттүү:
1) уюм - учурдагы жылдын 1-апрелине чейин;
2) жеке жак, анын ичинде жеке ишкер - учурдагы жылдын 1-майына чейин.";
57) 392-берененин 1-бөлүгүндө "салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
58) 54-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
59) 409-беренеде:
а) аталышында ", автотранспорт каражатына" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүктө:
- 2-пунктта "жана транспорт каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;
- 5 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 2-бөлүктүн 1-пунктунда ", бир транспорттук каражаты" деген сөздөр алып салынсын;
60) төмөнкүдөй мазмундагы 551-глава менен толукталсын:
"551-глава. Транзакцияга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230031070/st-1" title="1-берене - Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>