44-берене. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча кепилдиктер
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
1. Мамлекет реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасына ылайык майыптыгы бар адамдарга реабилитациялоо жана/же абилитациялоо иш-чараларын жүргүзүүгө жана аларды коомго аралаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө кепилдик берет.
2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо тутумун түзөт жана өнүктүрөт.
Мамлекет тарабынан кепилденген жана майыптыгы бар адамдарга акысыз берилүүчү реабилитациялык жана абилитациялык иш-чаралардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана/же абилитациялоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана адистерди даярдоону каржылайт жана уюштурат.
4. Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун жана абилитациялоонун негизги багыттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жок функцияларды түзүү, бузулган жана жоголгон функцияларды калыбына келтирүүнү;
2) калыбына келтирүүчү медициналык иш-чараларды, протездөөнү, санаториялык-курорттук дарылоону;
3) кесиптик багыт берүүнү, окутууну жана билим берүүнү, жумушка орношууга көмөк көрсөтүүнү, өндүрүшкө ылайыкташтырууну;
4) социалдык-чөйрөлүк, социалдык-педагогикалык, социалдык-психологиялык жана социалдык-маданий реабилитациялоону, социалдык-тиричилик жактан ылайыкташтырууну;
5) дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды, спортту;
6) ассистивдик технологияларды, техникалык көмөкчү (компенсатордук) каражаттарды берүүнү.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-44" title="44-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>