45-берене. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 8-глава
1. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү базалык программанын негизинде майыптыгы бар адамга көрсөтүлүүчү чаралардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камтыйт.
2. Реабилитациялоонун же абилитациялоонун негизги багыттарын ишке ашырууда майыптыгы бар адамдардын реабилитациялоонун техникалык көмөкчү каражаттарын пайдалануусу, шаар куруу жана архитектура объекттерине, байланышка жана маалыматка тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүү, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн реабилитациялоо же абилитациялоо маселелери боюнча маалымат менен камсыз кылуу каралган.
3. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы майыптыгы бар адам үчүн сунуштама мүнөзгө ээ. Майыптыгы бар адам өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу техникалык каражаттар жана реабилитациялоо же абилитациялоо түрү менен камсыздоо маселесин чечүүгө укуктуу.
4. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы акысыз көрсөтүлүүчү жана/же майыптыгы бар адамдын катышуусунда же эмгектик мертинүү же кесиптик ооруга чалдыгуу жагынан күнөөлүү болгон иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү чараларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.
5. Реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жекече программасы санариптик форматта иштелип чыгат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-45" title="45-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>