43-берене. Майыптыгы бар адамдарды турак жай жана жер участоктору менен камсыз кылуу. Турак жайларды майыптыгы бар адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн ылайыкташтыруу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон майыптыгы бар адамдарды жана өзүнүн курамында майыптыгы бар адамдарды камтыган үй-бүлөлөрдү эсепке алууну Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
2. Турак жайга муктаж болгон, ата-энеси жок майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бере алат же ээсиз калган мүлктүн курамынан турак жай бөлүп бере алат.
3. Министрлер Кабинети майыптыгы бар адамдар үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат же турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу кредитине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
4. Майыптыгы бар адамдар ээлеп турган турак жайлар алардын реабилитациялоонун же абилитациялоонун жекече программасына ылайык атайын каражаттар жана ылайыкташтырылган түзүлүштөр менен жабдылат. Турак жайларды адаптациялоого кеткен чыгашаларды жарым-жартылай компенсациялоо майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызынын негизинде жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен берилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдар үчүн турак жайды эсепке алуу, бөлүштүрүү жана жер участокторун бөлүү боюнча ишти координациялайт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-43" title="43-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>