42-берене. Майыптыгы бар адамдар үчүн транспорт каражаттары
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 7-глава
1. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттарын өндүрүү жана сатып алуу майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн жана универсалдуу дизайн принциптерин эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар автотранспорт каражаттарын майыптыгы бар адамдардын алардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн тоскоолдуксуз пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү көтөргүчтөр, пандустар, аудио жана визуалдык кабарлоо тутумдары, кресло-коляскалар үчүн орундар сыяктуу атайын түзүлүштөр менен жабдууга тийиш.
3. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маршруттарды тейлөө укугуна конкурстарды өткөрүүдө транспорт каражаттары жеткиликтүүлүк стандарттарына ылайык келген жана майыптыгы бар адамдардын жетүүсү үчүн атайын атайын түзүлүштөр менен жабдылган жактар артыкчылыкка ээ.
4. Унаа токтотмолордо жана унаа токтотуучу жайларда майыптыгы бар адамдар башкарган транспорт каражаттарын жана майыптыгы бар адамдарды (балдарды) ташыган транспорт каражаттарын акысыз токтотуу үчүн орундардын кеминде 10 пайызы (бирок бир орундан кем эмес) бөлүнөт. Бул орундарды пайдалануу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарында Министрлер Кабинети аныктоочу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү "Майыптыгы бар адам" деген таануу белгиси коюлушу керек.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-42" title="42-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>