41-берене. Шаар куруу жана архитектура объекттерин долбоорлоого жана курууга коюлуучу талаптар
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 7-глава
1. Калктуу конуштарды долбоорлоо жана куруу, турак жай райондорун түзүү, долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды (административдик, турак жай, коомдук, өнөр жай, соода), анын ичинде аэропортторду, темир жол вокзалдарын. автовокзалдарды жана башка транспорттук инфраструктураны куруу жана кайра конструкциялоо шаар куруу ченемдерине жана универсалдык дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар (анын ичинде кресло-коляскалардын же башка көмөкчү каражаттардын жардамы менен жүргөн) адамдардын кирүүсү жана пайдалануусу үчүн бул объекттерди жана каражаттарды ыңгайлаштырууну эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыз кылбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт.
3. Коомдук имараттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын өкүлдөрү долбоордук чечимдерди иштеп чыгууга жана алардын жеткиликтүүлүк талаптарына шайкештигин баалоого тартылат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-41" title="41-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>