5-берене. Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 1-глава
1. Министрлер Кабинети Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзөт, анын ишинин тартибин аныктайт жана анын курамын түзөт.
2. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын укуктарына жана эркиндиктерине тийиштүү маселелерди талкуулоо жана чечүү максатында түзүлөт.
3. Кеңештин чечимдери тапшырмалар түрүндө таризделет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
4. Майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин козгогон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Министрлер Кабинети аныктаган тартипте макулдашуу үчүн Кеңешке жиберилет.
5. Кеңеш майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын катышуусу менен ушул Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттердин жеткиликтүүлүгү боюнча талаптардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында иш жүргүзгөн майыптыгы бар адамдардын уюмдарынын демилгеси боюнча майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештерди түзүшү мүмкүн.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-5" title="5-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>