38-берене. Санариптик жеткиликтүүлүк
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Санариптик форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
2. Мобилдик түзүлүштөр жана компьютерлер үчүн программалык тиркемелер, алардын жардамы менен калкка кызмат көрсөтүлүүчү интернет-сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн экрандан окуу программаларына ылайыкталышы керек.
3. Коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери, банкоматтар жана банк терминалдары техникалык стандарттарга жана универсалдуу дизайн принциптерине ылайык майыптыгы бар адамдардын, анын ичинде көрүү, угуу жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдардын өз алдынча колдонуусуна ылайыкташтырылышы керек.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-38" title="38-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>