37-берене. Майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун камсыз кылуу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
Мамлекет майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусун төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылат:
1) майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлаштырылган мезгилдүү, илимий, окутуу-усулдук, маалымдама-маалыматтык жана көркөм адабияттарды чыгаруу;
2) республикалык телеканалдардын биринде жаңылыктар программаларын жаңсоо тилине же субтитр түрүндө которууну уюштуруу;
3) тиешелүү майыптык категорияларындагы адамдар үчүн жеткиликтүү форматтарды өнүктүрүү;
4) майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдардын расмий сайттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-37" title="37-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>