39-берене. Майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине) жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар адамдардын маданият уюмдарына (мекемелерине), дене тарбия жана спорт менен машыгуулары үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларга эркин баруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуусу, ошондой эле атайын спорт инвентарларынын берилишин камсыз кылуусу керек.
2. Маданият уюмдары (мекемелери) майыптыгы бар адамдар үчүн музейлерге, көргөзмөлөргө, театрларга, кинотеатрларга, цирктерге жана башка маданий объекттерге акысыз кирүү күндөрүн белгилөөгө милдеттүү.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-39" title="39-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>