29-берене. Майыптыгы бар адамдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 6-глава
1. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга жеткиликтүү болушу үчүн зарыл шарттарды түзүү кепилдигин берет.
2. Мамлекет майыптыгы бар адамдарга мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкары жана кесиптик билимге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Майыптык статусунун жоктугу жашоо-тиричилиги жана ден соолугу чектелген адамдардын билим алуусуна тоскоол болбошу керек.
3. Мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында майыптыгы бар адамдарды тарбиялоо жана окутуу акысыз жана жаш курагы чектелбестен жүзөгө ашырылат.
4. Жеке менчик түрүндөгү билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдарга окуу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилөөгө укуктуу.
5. Мамлекет майыптыгы бар адамдарды зарыл кесиптик көндүмдөргө окутуу максатында, мамлекеттик билим берүү уюмдары билим берүү кызматтарын көрсөтө албаган учурда реабилитациялоо борборлорунан жана тиешелүү профилдеги башка атайын уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга укуктуу.
6. Майыптыгы бар адамдарды окутууну жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдары майыптыгы бар адамдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен окутуу программаларын, материалдарын жана окутуу усулдарын ыңгайлаштырат жана өркүндөтөт.
7. Мамлекет окутуунун жана тарбиялоонун атайын усулдарын билген атайын педагогдорду даярдоону камсыз кылат.
8. Окуп жаткан майыптыгы бар адамдарды билим берүү процессинде коштоо билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекет майыптыгы бар балдарга педагогдорду даярдоону уюштуруунун, жалпы билим берүү уюмдарын керектүү жабдуулар менен жабдуунун, майыптыгы бар балдардын укуктары жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүнүн эсебинен инклюзивдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
10. Маалымат иштерин жүргүзүү коомдо инклюзивдик маданиятты калыптандырууга багытталган.
11. Кесиптик билим берүү эмгек рыногуна багытталышы керек.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-29" title="29-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>