28-берене. Ишкердик иш
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 5-глава
1. Мамлекет майыптыгы бар адамдардын ишкердик иш менен алектенүүсү үчүн шарттарды түзөт, бирок алар төмөнкүдөй чаралар менен чектелбөөгө тийиш:
1) мамлекеттик сатып алууларда артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди берүү;
2) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттин катышуу үлүшү 30 пайыз жана андан ашык болгон юридикалык жактарга таандык жер участоктору же имараттар үчүн ижара акыны төмөндөтүү;
3) майыптыгы бар адамдар тарабынан түзүлгөн ишканаларга майыптыгы бар адамдар үчүн товарларды даярдоо боюнча тапшырыктарды берүү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте социалдык тапшырык.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары майыптыгы бар, жеке эмгек иши менен алектенген адамдарга көрсөтүлгөн иш үчүн турак эмес жайларды же жер участокторун издөөдө, чийки заттарды сатып алууда жана өндүрүмдөрдү сатууда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-28" title="28-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>