Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-августу № 563
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 9, 36-беренелерин, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу, сапаттуу жалпы билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин киргизүү, ошондой эле майыптыгы бар билим алуучулардын билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун биринчи абзацындагы «билим берүү жана илим» деген сөздөр «агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи, жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (ЫБП) – майыптыгы бар (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулардын белгилүү бир категориясынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, класстын же топтун деңгээлинде ишке ашырылуучу, билим берүү натыйжаларына жетишүүнү жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы; ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (ЫЖБП) – конкреттүү билим алуучу үчүн анын майыптыгын жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктарын, жекече өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын жана адистердин сунуштамаларын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыккан, билим алуучунун билим берүү натыйжаларына жетишүүсүн жеткиликтүү формада камсыз кылууга багытталган билим берүү программасы; ассистивдик технологиялар – майыптыгы же өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар адамдарга башка билим алуучулар менен бирдей билим алууга жардам берген атайын техникалык каражаттар, программалык камсыздоо, түзүлүштөр жана инструменттер.»;
– 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) өнүгүүсүндөгү бузулуунун тибин жана даражасын эске алуу менен өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн дифференцияланган жана ыңгайлаштырылган билим берүү процессин камсыз кылуу.»;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн төмөнкүлөр иштелип чыгат жана ишке ашырылат:
1) ыңгайлаштырылган билим берүү программасы (мындан ары – ЫБП);
2) ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программасы (мындан ары – АЖБП).
ЫБП жана ЫЖБП мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, балдарга жана эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүүнүн мазмунун, окутуу шарттарын жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларын ыңгайлаштыруу зарылдыгын эске алуу менен предметтик стандарттардын негизинде иштелип чыгат. Билим берүүнүн мазмунун ыңгайлаштыруу негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу багытын сактоо менен окуу материалынын көлөмүн, мазмунун жана өздөштүрүү темпин өзгөртүүгө жол берет. ЫБП жана (же) ЫЖБП төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ыңгайлаштырылган билим берүүнүн мазмунун жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларын;
2) билим берүүчү жана түзөтүү-өнүктүрүүчү иш-чаралардын тизмегин жана аларды ишке ашыруу планын;
3) окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарынын сыпатталышын;
4) билим алуучунун жеке прогрессине мониторинг жүргүзүү системасын;
5) окуу жүктөмүн ыңгайлаштырууну;
6) окутуунун методдорун, формаларын жана каражаттарын ыңгайлаштырууну;
7) баалоонун формаларын жана жол-жоболорун ыңгайлаштырууну.
ЫБПны жана ЫЖБПны ишке ашыруу педагогикалык кызматкерлердин, коштоп жүрүүчү адистердин жана билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Ыңгайлаштырылган билим берүү программаларын жана ыңгайлаштырылган жекече билим берүү программаларын түзүүнүн типтүү тартиби (мындан ары – Типтүү тартип) мектепке чейинки билим берүү, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен чоңдор үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 17¹ жана 17²-пункттар менен толукталсын:
«17¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн билим берүү процессинде төмөнкүлөр каралышы мүмкүн:
1) окуу жүктөмүн кайра бөлүштүрүү;
2) билим берүү программасын өздөштүрүү темпин өзгөртүү;
3) билим берүүнүн мазмунун жарым-жартылай модификациялоо;
4) түзөтүү-өнүктүрүүчү сабактарды киргизүү;
5) билим алуучуларды психологиялык-педагогикалык жана социалдык коштоону уюштуруу;
6) педагогдордун жана коштоо адистеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
7) билим алуучулардын билим алуу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү.
Түзөтүү-өнүктүрүүчү сабактар билим берүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана билим алуучулардын окуу жүктөмүн аныктоодо эске алынат. 17². Көрүүсү жана угуусу бузулган билим алуучулар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн билим берүү уюмдары төмөнкүлөр каралган атайын окуу шарттарын түзөт:
1) окуу материалдарын жеткиликтүү форматтарда колдонуу, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен, чоңойтулган шрифтте аткарылган, электрондук жана аудио форматтагы материалдар;
2) окуу маалыматтарын берүүнүн визуалдык, үн жана башка альтернативдүү ыкмаларын колдонуу;
3) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтинин негиздерин жана (же) жаңсоо тилин билген педагогикалык кызматкерлерди жана адистерди тартуу же билим алуучуну тиешелүү коштоп жүрүүнү камсыз кылуу;
4) билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу атайын техникалык каражаттарды жана ассистивдик технологияларды колдонуу.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 19¹-пункт менен толукталсын: «19¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн окуу жүктөмүнүн өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөргө жол берет:
1) окуу жүктөмүнүн көлөмүн жана түзүмүн дифференциялоого;
2) окуу сааттарын кайра бөлүштүрүүгө;
3) билим берүү программасын өздөштүрүү темпин жекелештирүүгө;
4) билим берүүнүн мазмунун ыңгайлаштырууга;
5) окутуунун атайын методдорун колдонууга;
6) атайын техникалык жана программалык каражаттарды пайдаланууга;
7) окуудагы жетишкендиктерди баалоонун формаларын жана жол-жоболорун ыңгайлаштырууга.
Окуу жүктөмүнүн конкреттүү параметрлери ЫБПда жана (же) ЫЖБПда окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарын түзүүнүн, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана билим алуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуунун пландаштырылган натыйжаларынын жетишкендиктерин камсыз кылуунун зарылдыгын эске алуу менен базистик окуу планынын негизинде белгиленет. Окуу жүктөмүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ЫБПны жана ЫЖБПны иштеп чыгууну, бекитүүнү жана ишке ашырууну аныктоо мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Типтүү тартипте белгиленет. Көрсөтүлгөн билим алуучулар үчүн билим берүү процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү окутуунун жана тарбиялоонун атайын шарттарын түзүүнү, ошондой эле билим алуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуунун пландаштырылган натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылууга тийиш.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 24¹-пункт менен толукталсын:
«24¹. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн баалоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Майыптыгы жана (же) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, ден соолугунун абалын, функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана өзгөчө билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен билим алуучунун жеке прогрессин жана окутуунун пландаштырылган натыйжаларына жетишүү даражасын объективдүү баалоону камсыз кылуучу баалоонун ыңгайлаштырылган формалары жана шарттары колдонулат. Баалоонун формаларын жана шарттарын ыңгайлаштырууда төмөнкүлөр каралышы мүмкүн:
1) тапшырмаларды жана жоопторду берүү формасын өзгөртүү (оозеки, жазуу жүзүндөгү, практикалык, альтернативдүү);
2) баалоо тапшырмаларын аткаруу убактысын узартуу;
3) атайын техникалык жана программалык каражаттарды колдонуу;
4) баалоо жүргүзүүнүн уюштуруучулук шарттарын өзгөртүү;
5) баалоонун жеткиликтүүлүгүн жана объективдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган башка чаралар.
Баалоо билим алуучунун жеке прогрессин жана ЫБПда жана (же) ЫЖБПда аныкталган окутуунун пландаштырылган натыйжаларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Өзгөчө учурларда, медициналык көрсөтмөлөр болгондо жана психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана (же) медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүү формасын өзгөртүүгө, баалоонун айрым түрлөрүн башка формалар менен алмаштырууга же баалоонун айрым түрлөрүнөн бошотууга мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдар менен эрезеге жеткендер үчүн кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тартипте жол берилет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна)Стандарт · 14.03.2025 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-марты № 131 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2025 · № 131
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-марты № 131 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2025 · № 131
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 08.08.2025 · № 191