27-берене. Майыптыгы бар адамдардын эмгектен мертинүүгө байланышкан эмгек иши
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 5-глава
1. Иш берүүчүлөр ошол уюмда эмгектен мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болгон кызматкерлерди ишке орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүп берүүгө же түзүүгө милдеттүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талап аткарылбаган учурда, бул кызматкерлер менен эмгек келишими токтотулганда, иш берүүчү укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Иш берүүчүдө жаш курагы боюнча пенсияга чыкканга чейин иштеген майыптыгы бар адамдар башка кызматкерлер менен бирдей негизде медициналык тейлөө, турак жай, ден соолукту чыңдоочу жана алдын алуучу мекемелерге жолдомолор менен камсыз болуу боюнча учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле жамааттык келишимдерде, макулдашууларда каралган башка социалдык кепилдиктерди пайдалануу укугун сактап калат.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-27" title="27-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>