26-берене. Майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы · 5-глава
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экономикалык ишке тартуу жана алардын эмгекке укугун камсыз кылуу максатында мамлекет иш берүүчүлөрдү белгиленген квотаны эске алуу менен аларды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын караштырууга милдеттендирет.
2. Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота төмөнкүлөрдү түзөт:
1) эгерде иш берүүчүдө 25тен 49га чейин кызматкер иштесе, майыптык тобуна карабастан майыптыгы бар кызматкер үчүн 1 жумуш орун;
2) эгерде иш берүүчүдө 50дөн 74кө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 2 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
3) эгерде иш берүүчүдө 75тен 99га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 3 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
4) эгерде иш берүүчүдө 100дөн 124гө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 4 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 2 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
5) эгерде иш берүүчүдө 125тен 149га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 5 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
6) эгерде иш берүүчүдө 150дөн 174кө чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 6 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш;
7) эгерде иш берүүчүдө 175тен 199га чейин кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер үчүн 7 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 4 жумуш орун I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерге бекитилүүгө тийиш.
Эгерде иш берүүчүдө 200 жана андан ашык кызматкер иштесе, майыптыгы бар кызматкерлер жана I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш орундарын квоталоо эрежелери ушул беренеде көрсөтүлгөн окшоштук боюнча колдонулат. Уюмда, ишканада же мекемеде иштегендердин санын аныктоодо эмгек келишими, жарандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган, сезондук иштерди аткарган кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчү жана административдик персонал эске алынат.
3. Иш берүүчү жумуш ордун майыптыгы бар кызматкерге ыңгайлаштырууга (ыңгайлаштырууга) милдеттүү. Жумуш ордун ыңгайлаштыруу иш берүүчүнүн эсебинен же мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш ордун адаптациялоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- аларды тиешелүү көндүмдөргө окутуу;
- алар иштеген имараттын жеткиликтүүлүк шарттарын түзүү;
- алардын ишти аткарышына көмөктөшүүчү техникалык каражаттарды, компьютердик программаларды же жабдууларды сатып алуу;
- мындай кызматкердин өз эмгек функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында көрүлүүчү башка чаралар.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030633/st-26" title="26-берене - Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>