1-берене
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:
- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;
- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;
- кофе үчүн пластик капсулалар;
- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.
2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат.
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030498/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>