2-берене
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 331-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) 332-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац "Интернет тармагы" деген сөздөрдөн кийин "же жалпыга маалымдоо каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) 41-глава төмөнкүдөй мазмундагы 332-1-берене менен толукталсын:
"332-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн ага карата бир жыл ичинде жаза чарасы салынган адамдын экстремисттик материалдарды сактоосу - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030073/st-2" title="2-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>