1-берене
Күчүндө · 28.07.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-1-главанын аталышы "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 261-1-берененин 1-бөлүгү "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 261-2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Арыз келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурлар болсо, алар боюнча чечим он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.";
4) 261-3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жарыялоо жана сот тарабынан экстремисттик жана террористтик деп табылган маалыматтык материалдардын жана уюмдардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.".
Берененин тексти 28.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030073/st-1" title="1-берене - Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>