Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-ноябры № 713 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 179-беренесинин 4-бөлүгүн, "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык технологияларды жана байланышты инновациялык өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2021 · № 29
- Почта байланышы жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 52
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178