Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618, 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик финансылык активдерди башкаруунун алкагында келип түшкөн каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебин ачуунун максаты эл аралык жана ички капитал рыногунда мамлекеттик зайымдарды тартуунун эсебинен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын (мындан ары – мамлекеттик карыз) өз убагында жана толук тейлөө үчүн республикалык бюджетке жүктөмдү азайтуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
– эсептешүү банкы – жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды башкаруунун алкагында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечимдерин техникалык жактан аткарууну камсыз кылуучу мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банк;
– мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсеби (жеңилдетүү эсеби) – ушул Жобого ылайык иш-чараларга пайдалануу максатында финансылык активдерди башкаруунун алкагында каражаттарды топтоо үчүн эсептешүү банкында атайын ачылган эсеп.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Жеңилдетүү эсебине келип түшкөн каражаттарды түзүү булактары
4. Жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды түзүү булактары болуп капитал рыногунда мамлекеттик карыз алуудан тартылган каражаттарды башкаруунун алкагында келип түшкөн төмөнкү ресурстар жана республикалык бюджеттин башка каражаттары саналат:
1) мамлекеттик карыз алуунун алкагында тартылган каражаттарды жана республикалык бюджеттин башка каражаттарын алардын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттоонун натыйжасында алынуучу, мамлекеттик компаниялардын таза пайдасынан республикалык бюджетке түшкөн дивиденддер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуудан түшкөн кирешелер;
3) эл аралык капитал рыногунда зайымдарды тартуунун алкагында каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруудан алынуучу кирешелер;
4) башка эмитенттердин финансылык активдерине инвестициялоодон алынуучу кирешелер (башка мамлекеттердин баалуу кагаздары, корпоративдик баалуу кагаздар жана башка финансылык активдер);
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдетүү эсебинин каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерден түшкөн пайыздык кирешелер;
6) өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана эсептешүү банкы менен макулдашуу боюнча аныкталуучу жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктарына эсептелген пайыздык кирешелер;
7) жеңилдетүү эсебинин каражаттарын башкаруунун алкагында түшкөн кирешелер;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Жобонун 4-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн булактардан кирешелер жеңилдетүү эсебине республикалык бюджет аркылуу, ал эми ушул Жобонун 4-пунктунун 3–7-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр – түздөн-түз түшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануунун негизги багыттары
6. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттар төмөнкү багыттарга колдонулат:
1) Министрлер Кабинетинин сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алуу;
2) коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруу;
3) башка эмитенттердин финансылык активдерин (акцияларын, облигацияларын жана башка финансылык активдерин) сатып алуу;
4) экономика секторлорун кредиттөө;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка багыттар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча каражаттарды пайдалануудан жеңилдетүү эсебине келип түшкөн каражаттар толук көлөмдө мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалат.
5-глава. Жеңилдетүү эсебинин каражаттарын башкаруу
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептешүү банкы менен ушул банкта жеңилдетүү эсебин ачуу жөнүндө макулдашууну, жеңилдетүү эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктарына пайыздарды кошуп эсептөөнү көрсөтүү менен түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618, 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген токтомдун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.
9. Бул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттардан түшкөн каражаттар жеңилдетүү эсебине түшөт, ал негизги суммадан жана пайыздардан турат. Анын ичинен негизги сумма мамлекеттик карыздын негизги суммасын жабууга, пайыздар – мамлекеттик карыздын пайыздарын жабууга жумшалат.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды жалпы контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат.
11. Эсептешүү банкы төлөм тапшырмаларынын негизинде жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдеринин техникалык жактан аткарылышын камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын эсебинен баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду (мындан ары – Мамлекеттик фонд) үчүн республикалык бюджет аркылуу Министрлер Кабинетинин сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Тиешелүү жылга сатып алынуучу баалуу металлдардын жана асыл таштардын көлөмү жана ассортименти Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
13. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын эсебинен алынган Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуу баалуу металлдар жана асыл таштар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуунун көлөмү жана ассортименти тиешелүү жылга Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
14. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуудан түшкөн, жеңилдетүү эсебинен алынган каражаттар республикалык бюджет аркылуу жеңилдетүү эсебине келип түшөт, алардын ичинен сатуудан түшкөн негизги сумма – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, сатуудан түшкөн пайда – жеңилдетүү эсебинин пайызына түшөт.
15. Жеңилдетүү эсебинен каражаттарды коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруунун максаты аларды андан кийин мамлекеттик карызды тейлөөгө пайдалануу үчүн жеңилдетүү эсебине чегерилген пайыздар түрүндө киреше алуу болуп саналат.
16. Жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу Тартипке ылайык (Жобонун тиркемеси) аукцион өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
17. Финансылык активдерди (акцияларды, облигацияларды жана башка финансылык активдерди) сатып алуу үчүн жеңилдетүү эсебинен каражаттарды пайдалануу төмөнкү критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) ички рынокто – листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча турган компаниялардын баалуу кагаздары;
2) тышкы рынокто – чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк компаниялардын баалуу кагаздары;
3) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка финансылык активдер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жеңилдетүү эсебинен экономиканын секторлорун кредиттөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Жеңилдетүү эсебинен кредиттерди берүү тартиби бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кредиттөөдөн кайтарылган каражаттар жеңилдетүү эсебине түшөт, кредиттин негизги суммасы – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, пайыздар – жеңилдетүү эсебинин пайызына түшөт.
20. Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебинде турган каражаттардын калдыктарына пайыздарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган шарттарга ылайык эсептейт. Мында акча каражаттарынын калдыктарына эсептелген пайыздар жеңилдетүү эсебинин эсептелген пайыздарынын эсебине келип түшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618, 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебинде турган каражаттардын сакталышы үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануу
23. Жеңилдетүү эсебиндеги каражаттар республикалык бюджет аркылуу жана артыкчылыктуу тартипте мамлекеттик карыздын негизги суммасын жана/же пайыздарын өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу үчүн гана, ошондой эле ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн багыттарга пайдаланылат.
24. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик карыздын негизги суммасын жана/же пайыздарын кезектеги төлөө мөөнөтү келгенге чейин эсептешүү банкка зарыл сумманы жеңилдетүү эсебинен бирдиктүү казыналык эсепке которуу жөнүндө төлөм тапшырмасын жиберет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Бул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн төлөм тапшырмасын алгандан кийин эсептешүү банкы төлөм тапшырмасында көрсөтүлгөн сумманы дароо бирдиктүү казыналык эсепке которот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бирдиктүү казыналык эсепке түшкөн каражаттарды белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик карызды тейлөөгө жиберет.
28. Жеңилдетүү эсебинде каражаттар жетишсиз болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин каражаттарын бюджеттик мыйзамдарга ылайык мамлекеттик карызды тейлөөгө пайдаланууга укуктуу.
7-глава. Отчеттуулук, контролдоо жана аудит
29. Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктары жөнүндө маалыматты ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
30. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого тиркеме
Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип жеңилдетүү эсебинен каражаттарды коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүү механизмин аныктайт.
2. Каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду уюштуруу ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун (мындан ары – “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК) аянтчасында жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондор “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында өткөрүлөт.
2-глава. Каражаттарды жайгаштыруунун жалпы шарттары
4. Жайгаштырууга катышуугаКыргыз Республикасынын аймагында катталган коммерциялык банктарга гана төмөнкү минималдуу талаптарды сактаган учурда уруксат берилет:
1) банк ишин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жарактуу лицензиясынын болушу;
2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иштерди жүзөгө ашыруу;
3) акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;
5) убактылуу администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу.
5. Каражаттарды жайгаштыруунун тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ачык аукцион өткөрүү, анын алкагында коммерциялык банктар каалаган сумманы жана пайыздык ставканы көрсөтүү менен билдирме беришет;
- аукциондо жеңип чыккан коммерциялык банк менен эки тараптуу келишим түзүү.
6. Депозиттик операциялардын минималдуу параметрлери:
1) валюта – сом же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу башка валюта;
2)депозиттин мөөнөтү 3 айдан 3 жылга чейин;
3)пайыздарды эсептөө формасы – жөнөкөй пайыздар;
4)ай сайын жеңилдетүү эсебине пайыздар чегерилет.
3-глава. Аукционду өткөрүү шарттары
7. Коммерциялык банктардын арасында жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукцион ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасынын негизинде “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун платформасында өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аукционго катышууну каалаган банктар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын платформасы аркылуу төмөнкү документтерди тиркөө менен электрондук түрдө өтүнмө беришет:
1) банктык операцияларды жүргүзүү укугу боюнча Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы;
2) акыркы эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук;
3) акыркы отчеттук жыл үчүн тышкы аудитордун корутундусу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугу жөнүндө документтер (маалыматтар же башка тастыктоочу документтер);
5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган режимдин жоктугу тууралуу банктын жазуу жүзүндөгү тастыктамасы (убактылуу администрация, тике банктык көзөмөл).
Банктар өтүнмөнүн туура толтурулушу, ошондой эле берилген документтердин аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык документтерди тапшырган жана ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген банктар аукционго киргизилет. Аукцион “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин акча каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырууга аукцион өткөрүү боюнча эрежелерине ылайык өткөрүлөт.
10. Аукцион бир нече лоттон турат, алардын ар бири өзүнчө жайгаштыруу суммасын, жайгаштыруу мөөнөтүн, депозит боюнча пайыздык ставканын баштапкы өлчөмүн (жылдык %) камтыйт.
11. Аукциондун конкреттүү лоту боюнча жеңүүчү банкты аныктоонун критерийи катышуучу банк тарабынан сунушталган эң жогорку ставка болуп саналат. Катышуучу банктар тарабынан бирдей пайыздык ставкалар сунуш кылынган учурда, лоттун суммасы ошол банктарга пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Банктардын бири сунуш кылынган пропорционалдуу суммадан баш тарткан учурда, лоттун толук суммасы аукционду утуп алган башка банкка өткөрүлүп берилет.
12. Жайгаштырылган каражаттарды диверсификациялоо жана тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, бир коммерциялык банктагы жеңилдетүү эсебинен жайгаштырылган каражаттардын суммасы жайгаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш болгон чектөө киргизилет.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондун жыйынтыгын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы кат менен ырастайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Каражаттарды жайгаштыруу жөнүндө келишим түзүүнүн шарттары
14. Аукциондун жыйынтыгы тастыкталгандан кийин 3 жумуш күнү ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен аукционду утуп алган банктын ортосунда ушул Тартип боюнча жайгаштыруу жөнүндө келишимге кол коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каражаттарды коммерциялык банкка жайгаштыруу келишиминин негизинде келишимде белгиленген мөөнөттө тандалган коммерциялык банкта ачылган депозиттик эсепке каражаттарды которуу жолу менен жайгаштырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Жайгаштыруу боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү
16. Жайгаштыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен коммерциялык банктын ортосунда жайгаштыруу жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашалар (эсептерди ачуу жана жүргүзүү, ички жана банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б.) коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат.
18. Жайгаштыруу мөөнөтү аяктаган күнү коммерциялык банк акча каражаттарын жеңилдетүү эсебине өз убагында жана толук көлөмдө которот, анын ичинде жайгаштыруу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык жайгаштыруунун негизги суммасын – жеңилдетүү эсебинин негизги суммасына, пайыздарды – жеңилдетүү эсебинин пайыздарына которот.
19. Депозиттин мөөнөтү аяктагандан кийин жайгаштыруунун негизги суммасы жана пайыздар депозиттин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийинки жумуш күнүнүн аягына чейин жеңилдетүү эсебине чегерилет.
20. Жайгаштырылган акча каражаттары коммерциялык банк тарабынан өз убагында кайтарылбаган учурда, жайгаштыруу келишиминде аныкталган мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан туум төлөнөт.
21. Коммерциялык банк тарабынан ушул Тартиптин 17, 18-пункттары аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот органдарына коммерциялык банктын эсептерине милдеттенмелерге ылайык келген суммага камак салуу жөнүндө арыз менен кайрылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Талаш-тартыштарды чечүү
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен коммерциялык банктардын ортосунда жайгаштыруу жана суммаларды төлөө шарттары боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
23. Коммерциялык банктардын айрым эсептеринде жайгаштыруу каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибине 1-тиркеме
Банктык депозитке каражаттарды жайгаштыруу максатында коммерциялык банктардын аукционуна катышууга өтүнмө
Аукционду өткөрүү датасы ______-жылдын “______”__________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________ (банктын толук аталышы) өкүлү___________________________________________________________________________________________________ (кызмат ордунун аталышы жана аты-жөнү) төмөндөгү шарттарда банктык депозитке жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу максатында аукционго катышуу ниетин билдирет:
Аталышы
Депозиттин суммасы (сом)
Депозитти жайгаштыруу мөөнөтү (ай)
Депозит боюнча пайыздык ставканын баштапкы өлчөмү (жылдык%)
Коммерциялык банктын ставкасы (жылдык %)
№ 1 лот
№ 2 лот
№ 3 лот
№ 4 лот
№ 5 лот
№ 6 лот
…
Бардыгы
Биз жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга макулдугубузду билдиребиз. Муну менен,____________________________________________ _________________________________________________ (банктын аталышы) төмөнкү тандоо критерийлерине ылайык келе тургандыгын тастыктайбыз:
1) банктык операцияларды жүргүзүү укугу боюнча Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын болушу;
2) акыркы эки жылдын ичинде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иштерди жүзөгө ашыруу;
3) акыркы отчеттук жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин тастыктаган тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга байланыштуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жоктугу;
5) убактылуу администрациянын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук талаш-тартыштардын жоктугу;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугу (банктын каты);
7) депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык коммерциялык банктын депозиттерди коргоо системасына катышуусу.
Тиешелүү документтер _____ баракта тиркелет. Уюштуруу маселелери жана өз ара аракеттенүү боюнча бизге ыкчам билдирүү жасоо максатында төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилгендигин билдиребиз:
(кызмат орду, кызматкердин аты-жөнү, телефону жана башка байланыш каражаттары)
Аукцион өткөрүүгө жана андан аркы кызматташууга тиешелүү бардык маалыматтарды ыйгарым укуктуу адамга билдирүүңүздөрдү суранабыз. Юридикалык дареги, телефону, факсы, e-mail: Банктык реквизиттер: Бул өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык маалыматты Интернет маалымат тармагындагы төмөнкү сайттардан текшерүүгө болот: _____________________________________________________________________________________________________________ (банк жөнүндө расмий маалымат жайгаштырылган сайттар көрсөтүлөт) ______________ ________________ ___________________ (кызмат орду) ( колу) (кол тамганы чечмелөө)
М.О.
Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибине 2-тиркеме
Аукциондун көлөмүн тастыктоо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында 202__-жылдын “____” ____________ өткөрүлгөн жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжалар таанылган (тастыкталган) деп эсептелсин деп билдирет:
Аукциондук лоттордун каттоо номери
Көрсөтүлгөн көлөм (сом)
Бекитилген көлөм (сом)
Эскертүү
Бардыгы
202__-жылдын “____” ____________ өткөн аукционго коюлган жана коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылууга тийиш болгон, баштапкы жалпы жарыяланган каражаттардын көлөмү ________________ сом суммасы менен жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын жалпы көлөмү ________________ сом деп эсептелсин.
_____________________ Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду
_____________ кол коюу жери
____________________ (аты-жөнү)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 06.08.2025 · № 473
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз…Постановление · 25.09.2025 · № 618
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралы № 136 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.02.2026 · № 136