Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25-сентябры № 618 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 58, 60-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жободо: 3-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– эсептешүү банкы – жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды башкаруунун алкагында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечимдерин техникалык жактан аткарууну камсыз кылуучу мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банк;”; үчүнчү абзацта “банк-агентте” деген сөздөр “эсептешүү банкында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ушул Жобонун 4-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн булактардан кирешелер жеңилдетүү эсебине республикалык бюджет аркылуу, ал эми ушул Жобонун 4-пунктунун 3–7-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр – түздөн-түз түшөт.”;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептешүү банкы менен ушул банкта жеңилдетүү эсебин ачуу жөнүндө макулдашууну, жеңилдетүү эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктарына пайыздарды кошуп эсептөөнү көрсөтүү менен түзөт.”;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Эсептешүү банкы төлөм тапшырмаларынын негизинде жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдеринин техникалык жактан аткарылышын камсыз кылат.”;
– 17 жана 18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Финансылык активдерди (акцияларды, облигацияларды жана башка финансылык активдерди) сатып алуу үчүн жеңилдетүү эсебинен каражаттарды пайдалануу төмөнкү критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) ички рынокто – листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча турган компаниялардын баалуу кагаздары;
2) тышкы рынокто – чет мамлекеттердин жана чет өлкөлүк компаниялардын баалуу кагаздары;
3) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка финансылык активдер.
18. Жеңилдетүү эсебинен экономиканын секторлорун кредиттөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Жеңилдетүү эсебинен кредиттерди берүү тартиби бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.”;
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебиндеги акча каражаттарынын калдыктарына пайыздарды овернайт депозитинин пайыздык ставкасынын деңгээлинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жайгаштыруунун бирдей шарттарында эсептейт. Мында акча каражаттарынын калдыктарына эсептелген пайыздар жеңилдетүү эсебинин эсептелген пайыздарынын эсебине келип түшөт.”;
– 21, 24, 30-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
– 22-пункттагы “Банк-агент” деген сөздөр “Эсептешүү банкы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик карыздын негизги суммасын жана/же пайыздарын кезектеги төлөө мөөнөтү келгенге чейин эсептешүү банкка зарыл сумманы жеңилдетүү эсебинен бирдиктүү казыналык эсепке которуу жөнүндө төлөм тапшырмасын жиберет.”;
– 26-пунктта “банк-агент” деген сөздөр “эсептешүү банкы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“29. Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктары жөнүндө маалыматты ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берет.”; жогоруда аталган Жобонун Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибинде:
– 2-пунктта “банк-агент” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Коммерциялык банктардын арасында жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукцион ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасынын негизинде “Кыргыз фондулук биржасы” жабык акционердик коомунун платформасында өткөрүлөт.”;
– 13–16, 21, 22-пункттарында ар кандай жөндөмөдөгү “банк-агент” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Тиркеме “Коммерциялык банктардын депозиттерине жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондорду өткөрүүнүн тартибине 2-тиркеме
Аукциондун көлөмүн тастыктоо
“Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын аянтчасында 202__-жылдын “____” ____________ өткөрүлгөн жеңилдетүү эсебинен каражаттарды жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжалар таанылган (тастыкталган) деп эсептелсин деп билдирет:
Аукциондук лоттордун каттоо номери
Көрсөтүлгөн көлөм (сом)
Бекитилген көлөм (сом)
Эскертүү
Бардыгы
202__-жылдын “____” ____________ өткөн аукционго коюлган жана коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылууга тийиш болгон, баштапкы жалпы жарыяланган каражаттардын көлөмү ________________ сом суммасы менен жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын жалпы көлөмү ________________ сом деп эсептелсин.
_____________________ Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат орду
_____________ кол коюу жери
____________________ (аты-жөнү)
”.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 токтомуна тиркеме)Положение · 06.08.2025 · № 473
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 06.08.2025 · № 473