Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-февралы № 136
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 58, 60-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жободо:
- 2-пункт "эл аралык" деген сөздөрдөн кийин "жана ички" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды түзүү булактары болуп капитал рыногунда мамлекеттик карыз алуудан тартылган каражаттарды башкаруунун алкагында келип түшкөн төмөнкү ресурстар жана республикалык бюджеттин башка каражаттары саналат:
1) мамлекеттик карыз алуунун алкагында тартылган каражаттарды жана республикалык бюджеттин башка каражаттарын алардын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттоонун натыйжасында алынуучу, мамлекеттик компаниялардын таза пайдасынан республикалык бюджетке түшкөн дивиденддер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуудан түшкөн кирешелер;
3) эл аралык капитал рыногунда зайымдарды тартуунун алкагында каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруудан алынуучу кирешелер;
4) башка эмитенттердин финансылык активдерине инвестициялоодон алынуучу кирешелер (башка мамлекеттердин баалуу кагаздары, корпоративдик баалуу кагаздар жана башка финансылык активдер);
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдетүү эсебинин каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерден түшкөн пайыздык кирешелер;
6) өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана эсептешүү банкы менен макулдашуу боюнча аныкталуучу жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктарына эсептелген пайыздык кирешелер;
7) жеңилдетүү эсебинин каражаттарын башкаруунун алкагында түшкөн кирешелер;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.";
- 6-пункттун 5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктта расмий тилде "счете" деген сөз "счету" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 20-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептешүү банкы жеңилдетүү эсебинде турган каражаттардын калдыктарына пайыздарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган шарттарга ылайык эсептейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 06.08.2025 · № 473