Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Таза асман - 2030» концепциясы (Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна)
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 38 токтомуна тиркеме
"Таза асман - 2030" КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды баалоо
Бүгүнкү күндө шаардык чөйрөнүн тышкы көрүнүшүн олуттуу бузуп жаткан көп сандагы аба байланыш линиялары Бишкек шаары үчүн көйгөй жаратууда. Көптөгөн өткөргүч линияларынын визуалдык иретсиздиги шаардын архитектуралык келбетин бузат жана башаламан көрүнүш жаратат. Мындан тышкары, кабелдик инфратүзүмдү пландаштырууга жана орнотууга борборлоштурулган мамиленин жоктугу, техникалык кыйынчылыктарга, техникалык тейлөө наркынын жогору болушуна жана заманбап телекоммуникациялык тутумдарды өнүктүрүүдөгү чектелүүгө алып келет. Учурдагы кабелдик инфратүзүмдүн басымдуу бөлүгү 1991-жылга чейин курулган, андан кийин жер астындагы кабелдик тармактарды өнүктүрүү каржылоонун жоктугуна байланыштуу дээрлик токтоп калган. Натыйжада, шаардын көптөгөн көчөлөрүндө жер астындагы магистралдык байланыш тармактары жок, бул операторлорду аба линияларын колдонууга мажбурлап, шаар чөйрөсүнүн тышкы көрүнүшүн начарлатат. Азыркы учурда Бишкек шаарында 573641 метр узундуктагы кабелдик канализация бар, бирок анын ресурстары натыйжасыз пайдаланылууда, ал эми тармактардын кыйла бөлүгү модернизациялоого муктаж. Негизги кабелдик магистралдар 1991-жылга чейин курулган жана учурдагы санариптик инфратүзүмдүн талаптарына жооп бербейт. Түзүлгөн кырдаал интернет-провайдерлердин тармактарын бул максат үчүн арналбаган тышкы жарыктандыруунун таянычтарына жана башка конструкцияларга жайгаштырууга алып келди. Бул шаардын көркүн бузуп гана тим болбостон, техникалык көйгөйлөрдү жаратат, санариптик инфратүзүмдү техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды көбөйтөт жана аны туруктуу өнүктүрүүгө тоскоол болот. Бүгүнкү күндө төмөнкү 12 интернет-провайдер "Бишкексвет" жана "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканаларынан муниципалдык таянычтарды ижарага алышат: "Акнет" ЖЧКсы; "Мега-Лайн" ЖЧКсы; "Нур Телеком" ЖЧКсы; "Сайма Телеком" ЖЧКсы; "ФастНет" ЖЧКсы; "ЭлКат" ЖЧКсы; "Экстра Лайн" ЖЧКсы; "Альфа Телеком" ЖАК; "Вега Оперейтинг Компани" ЖЧКсы; "Информ Коммуникейшнс" ЖЧКсы; "Скай Мобайл" ЖЧКсы; "ДАН" ТК ЖАК. Муниципалдык таянычтарды ижарага алуу боюнча интернет-провайдерлер менен 30 келишим түзүлгөн. Таянычтагы 1 орун үчүн ижаранын орточо баасы 100 сомду түзөт.
2-глава. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Бишкек кабелдик инфратүзүмдү модернизациялоо багытында аракеттерди жаңы гана баштады. Бирок, жер астындагы була-оптикалык байланыш линиясынын (БОБЛ) желелерин куруу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, техникалык талаптардын стандарттары жок. Мындан тышкары, жер астындагы чечимдерди киргизүү наркы жогору болгон учурда, каржылоо ресурсунун чектелгендиги, шаардын айрым аймактарында зарыл болгон жер астындагы инфратүзүмдүн жоктугу сыяктуу бир нече кыйынчылыктар бар. Бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн жер астындагы тармактарды долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого карата так талаптарды койгон ченемдик укуктук базаны түзүү зарыл. Мындай долбоорлорду колдоо үчүн каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу да орчундуу мааниге ээ. Жаңы системалардын коопсуздугун жана узакка чейин туруусун камсыз кыла турган техникалык стандарттарды киргизүү маанилүү болуп саналат. Мындан тышкары, шаардагы жер астындагы инфратүзүмдүн учурдагы абалын баалоо жүргүзүү жана көйгөйлүү участокторду жакшыртуу же модернизациялоо боюнча пландарды иштеп чыгуу зарыл.
3-глава. жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
3-глава. Максаттар
"Таза асман - 2030" концепциясынын негизги максаты - Бишкек шаарынын тышкы көрүнүшүн бузган аба байланыш линияларын жоюу жана аларды жер астындагы заманбап инфратүзүмгө алмаштыруу болуп саналат. Бул эстетикалык жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө, интернет-кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого, шаардык инфратүзүмдү санариптештирүүгө жана туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгы № 90 ПЖ менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясы тарабынан санариптик инфратүзүмдү түзүү каралгандыгын белгилей кетүү керек. Санариптик инфратүзүм Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн негизин түзөт, ансыз башка стратегиялык багыттар ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу жалпы Кыргыз Республикасында санариптештирүү максаттарына жетүү үчүн Бишкек шаарында санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыздоо зарыл. Ошондой эле, Бишкек шаарында кабелдик канализациялык тармактардын каражаттары боюнча капиталдык объекттерди курууда телекоммуникациялык инфратүзүмдөр үчүн ыңгайлуу жолдорду салууну, телекоммуникациялык жабдууларды жайгаштыруу үчүн техникалык жайларды кароону, канализациялык инфратүзүмдү биргелешип пайдаланууну милдеттүү талаптарга киргизүү зарыл.
4-глава. Артыкчылыктар
Концепция төмөнкү артыкчылыктарга багытталат: жер астындагы коммуникациялык инфратүзүм жок участокторду, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардагы участокторду аныктоо, алардагы көрктөндүрүү элементтерин бузбастан жол кыртышын реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт; учурдагы аба инфратүзүмүн инвентаризациялоо, Бишкек шаарынын башкы планын эске алуу менен жер астындагы тармактарды куруунун деталдуу планын иштеп чыгуу, жашыл зоналарды жана бак-дарактарды сактоону эске алуу менен заманбап технологияларды киргизүү жана экологиялык туруктуулукту камсыздоо, жер астындагы кабелдик тармактардын артыкчылыктары жөнүндө калкты жана потенциалдуу ижарачыларды маалымдоо. "Таза асман - 2030" концепциясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык автомобиль жолдорун жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча планына ылайык 2030-жылга чейин кабелдик инфратүзүмдүн участокторун куруунун орто мөөнөттүү максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.
5-глава. Жагымдуу шарттар
Бишкек шаарында "Таза асман - 2030" концепциясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн олуттуу шарттар бар. Биринчиден, байланыш операторлорунун кызыгуусу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Экинчиден, сапаттуу интернет кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талаптын өсүшү инфратүзүмдү модернизациялоо үчүн экономикалык шыктандырууну түзөт. Үчүнчүдөн, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн гана эмес, экинчи даражадагы көчөлөрүнүн дагы эстетикалык көрүнүшү жакшыртылат. Интернет-провайдерлердин коммуникациялык тармактарынын иштөө мөөнөтү узартылат.
6-глава. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы
Германия: Германияда муниципалитеттер телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө активдүү катышышат. Көптөгөн шаарлар жер астындагы кабелдик тармактарды курууну инвестициялашат, алар кийин жеке байланыш операторлоруна ижарага берилет. Бул шаардык инфратүзүмдү контролдоону камсыздоого жана жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алууга мүмкүндүк берет. Швеция: Швецияда муниципалитеттер кабелдик канализация жана була-оптикалык тармактар сыяктуу пассивдүү инфратүзүмдү түзгөн жана ээлик кылган модель кеңири таралган. Активдүү жабдуулар жана кызмат көрсөтүүлөр жеке компаниялар тарабынан берилет. Бул атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Сингапур: Сингапурда улуттук кең тилкелүү тармакты түзүүдө өкмөт негизги ролду ойнойт. Мамлекет пассивдүү инфратүзүмдү, анын ичинде жер астындагы кабелдик тармактарды курууну каржылайт, андан кийин башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн жеке компанияларды тартат. Бул заманбап телекоммуникация тармагын тез жана натыйжалуу жайылтууга мүмкүндүк берди. Россия Федерациясы: Москвада жана Санкт-Петербургда кабелдик байланыш канализациялык тармактарын өнүктүрүү муниципалдык органдардын жана жеке компаниялардын биргелешкен аракеттери менен жүзөгө ашырылат, бул заманбап жана ишенимдүү телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүүгө өбөлгө түзөт. Ошого байланыштуу, көптөгөн өлкөлөрдө жергиликтүү органдар була-оптикалык байланыш тармагы үчүн канализациялык кабелдик тармактарды курууга активдүү катышышат. Алар пассивдүү инфратүзүмдү түзүүнү инвестициялашат, бул анын пайдаланылышын контролдоого, операторлор үчүн бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоого жана ижаралоодон киреше алууга мүмкүндүк берет.
7-глава. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашырууну камсыздоо үчүн мониторинг системасы киргизилет, анда иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз отчеттор, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлгөн аудит, анын ичинде "Кыргызтелеком" ААКтын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагынын экономикалык иш-аракеттеринин жүргүзүлүшү, ошондой эле жер астындагы кабелдик тармактарды орнотуу даражасы жана Бишкек шаарынын тургундары үчүн интернет-провайдерлер тарабынан берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты сыяктуу натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууга катышуу камтылат. Концепция ийкемдүүлүктү жана актуалдуулукту камсыздоо үчүн жаңы чакырыктарды жана реалдуулуктарды эске алуу менен кайра каралат жана түзөтүлөт. Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүн учурдагы контролдоо Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын негизинде мэрия тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-глава. Ишке ашыруунун негизги этаптары
1-этап: Даярдоо
1. Магистралдык канализациялык тармактарды куруу жана эксплуатациялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясы менен "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагы ортосунда келишим түзүү;
2. Жол кыртышын реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлө турган жер астындагы коммуникациялык инфратүзүм жок курулуш участокторун аныктоо;
3. Борбордук магистралдардагы аба байланыш линияларына инвентаризация жүргүзүү;
4. "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагы жана интернет-провайдерлер менен тармактарды которуу үчүн артыкчылыктуу аймактарды макулдашуу;
5. Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
6. "Таза асман - 2030" концепциясын ишке ашыруунун бюджетин түзүү.
2-этап: Ишке ашыруу
1. Негизги магистралдардагы аба байланыш линияларын демонтаждоо;
2. Жер астындагы кабелдик каналдарды куруу;
3. Иштеп жаткан объекттерди жаңы инфратүзүмгө туташтырууну уюштуруу.
4. Аткарылган иштерди текшерүү жүргүзүү.
3-этап: Аяктоо
1. Объекттерди муниципалдык мүлк реестрине киргизүү;
2. Кабелдик каналдарды "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагынын башкаруусуна өткөрүп берүү;
3. Бишкек шаарынын мэриясы менен "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагынын ортосунда пайданы 70% жана 30% катышта бөлүштүрүү.
9-глава. Концепцияны ишке ашыруу механизмдери
1. Шаар куруу мыйзамдарына өзгөртүүлөр:
Көп батирлүү үйлөрдү курууда жер астындагы коммуникациялык тармактарды киргизүүнү "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагы менен милдеттүү түрдө макулдашууну киргизүү; Жаңы турак жай жана коммерциялык объекттерде коммуникацияларды орнотуу үчүн стандарттарды бекитүү.
2. Аба байланыш линияларына тыюу салуу:
Жер астындагы кабелдик инфратүзүм болгон учурда шаардын борбордук бөлүгүндө жаңы аба линияларын орнотууга мораторий белгилөө.
3. Куруучулардын жоопкерчилиги:
Көп батирлүү үйлөрдү курууда жер астындагы коммуникациялык тармактардын жоктугу үчүн айып санкцияларын киргизүү; Концепциянын ишке ашырылышына жалпы жетекчилик негизги милдеттерди камтыган концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына ылайык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат. План "Таза асман - 2030" концепциясында аныкталган артыкчылыктуу багыттар боюнча белгиленген максаттарга жетүү жана милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон ырааттуу конкреттүү чаралардын жана иш-аракеттердин жыйындысын камтыйт, анда аткаруу мөөнөттөрү, аткаруучулар, каржылоо көлөмдөрү жана алардын булактары белгиленет. Концепцияны каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп саналат. Көрктөндүрүү элементтерин бузбоо максатында кабелдик канализацияны куруу боюнча жумуштардын планы жыл сайын бекитилет жана бардык жооптуу кызматтар, кызыктар тараптар, анын ичинде "Кыргызтелеком" ААКнын филиалы - Бишкек шаардык телефон тармагы менен алдын ала макулдашылат.
10-глава. Күтүүдөгү жыйынтыктар
1. Шаардын борбордук магистралдарында аба байланыш линияларын жоюу;
2. Көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн жогорулатуу;
3. Шаардык бюджет үчүн туруктуу киреше булагын түзүү;
4. Заманбап телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
5. Коммуникациялык тармактарды курууну жана эксплуатациялоону жөнгө салуу үчүн укуктук базаны бекемдөө.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Б. Аденов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2024 · № 90
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 38 "Таза асман - 2030" концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2025 · № 38