Бишкек шаардык кеңешинин «Таза асман - 2030» концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 38
"Таза асман - 2030" концепциясын бекитүү жөнүндө"
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 30 токтому менен бекитилген "Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар" Бишкек шаарын өнүктүрүү программасында каралган тышкы колдонуудагы коммуникациялык тармактарды жер астына жайгаштыруу жолу менен шаарды эстетикалык өзгөртүү максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Таза асман - 2030" концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) иштеп чыксын жана бекитсин; жер астындагы кабелдик канализациянын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүлө турган көчөлөрдүн тизмегин бекитсин; Иш-чаралар планын каржылоо тиешелүү бюджеттик жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгын белгилесин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага
Б. Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Таза асман - 2030" концепциясы (Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 38 токтомуна)Концепция · 25.06.2025 · № 38