Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салуу
Күчүндө · 25.07.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берилбейт.
2. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу учуру катары мындай контент Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде биринчи жолу жеткиликтүү болгон же болбосо бул контент жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгилүү болгон учур эсептелет.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу фактысы аныкталган учурдан тартып Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында сайттын (же анын айрым баракчасынын) иштешин мындай факты аныкталган учурдан тартып эки айга чейинки мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими Интернет-провайдер, хостинг-провайдерлер, сайттардын ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
5. Сайттын контенти же сайт баракчасы порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мындай контентти андан ары жайылтпоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
6. Ушул берененин жоболорун колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 25.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029612/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>