2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр
Күчүндө · 25.07.2025 редакциясы
1) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайт - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысы болгон Интернет тармагындагы контент;
2) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайттын баракчасы - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жеткиликтүү болгон Интернет тармагындагы сайттын бөлүгү;
3) Интернет тармагындагы сайттын ээси - сайт менчик укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
4) Интернет тармагындагы сайттын баракчасынын ээси - сайттын баракчасы пайдалануу укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак;
5) порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент - моралдык баалуулуктарга ылайык келбеген, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын мазактаган, сексуалдык тартылууну козгоого же сексуалдык муктаждыкты канааттандырууга өбөлгө түзүүчү жыныстык катнаштын табийгый, кеңири көрсөтүүлүүсүн же болбосо сексуалдык байланыш процессиндеги жылаңач гениталийдин көрсөтүлүүсүн камтыган сайттын маалыматтык мазмуну;
6) Интернет тармагынын пайдалануучусу (абонент) - Интернет кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу адам;
7) интернет-провайдер - электр байланыш операторлору жана мобилдик уюлдук байланыш операторлору;
8) Интернет тармагына ачык жеткиликтүү пункттар - Интернет тармагына чыгууга мүмкүнчүлүк берген коомдук жайлар, ошондой эле интернет-кафе;
9) хостинг-провайдер - Интернет тармагына кошулуу менен өзүнүн техникалык аянтчаларында жабдууларды, Интернет тармагындагы маалыматтарды жана сайттарды берүү жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жак;
10) маалыматтык ресурстун ээси - көрсөтүлгөн маалымат ресурсуна ээлик кылуучу жана пайдалануучу, ресурсту тескөөгө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу жак;
11) порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтуучу бөгөттөлгөн сайттардын реестри - порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти таратууга тыюу салууну камтуучу бөгөттөлгөн сайттардын маалымат базасы;
12) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
Берененин тексти 25.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029612/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>