4-берене. Маалыматтык ресурстардын ээлеринин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 25.07.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде жайгашкан сайттын жана (же) сайт баракчасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратуу үчүн сайтты жана (же) сайт баракчасын колдонууга жол бербөөгө;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү талап койгон учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен мыйзам бузууларды четтетүүгө.
2. Сайттын жана (же) сайт баракчасынын ээси жана пайдалануучу Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Интернет тармагындагы сайттын жана (же) сайт баракчасынын ишин убактылуу токтотууга же бөгөт коюуга багытталган аракеттерге соттук тартипте каршы чыгууга;
2) порнографиялык элементтерди камтыбаган контентти эркин издөөгө, алууга, сактоого, керектөөгө жана аны кандай жол менен болсо да таратууга;
3) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган жана порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыбаган кандай контент болбосун Интернет тармагындагы өзүнүн сайтына жана (же) сайт баракчасына жайгаштырууга же жайгашуусуна жол берүүгө.
Берененин тексти 25.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029612/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>