1-берене. Жөнгө салуу предмети
Күчүндө · 25.07.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзам коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга тыюу салууну, интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти таратууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде таратылган маалымат коомдук, жарандык-укуктук мамилелердин объектиси катары таанылат.
3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналган жоболорду жана маселелерди башка мыйзамдарга киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде башка мыйзамдарда бул Мыйзам менен жөнгө салууга байланышкан жоболор жана маселелер камтылса, анда алар бул Мыйзамга карама-каршы келбеген ченде колдонулат.
4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъектилери төмөнкүлөр:
1) интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер, сайт ээлери, Интернет тармагындагы сайт баракчаларынын ээлери;
2) Интернет тармагын колдонуучулар.
Берененин тексти 25.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029612/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>