31-берене. Жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Жер тилкесин менчикке же пайдаланууга берүүдө кадастрдык план жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесине болгон укуктарды берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн электрондук жана/же кагаз түрүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумуш күндүн ичинде жиберет жана алардын берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кадастрдык пландын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 10-1/275…Приказ · 17.10.2025 · № 10-1/275
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябры № 615 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.09.2025 · № 615
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик…Положение · 20.06.2006 · № 449 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>