Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын жаранына менчикке берилүүчү жер тилкесинин чектик өлчөмү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери менен камсыз болушун эске алуу менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчикке берилиши мүмкүн.
3. Асылдуулугу төмөн жайыттар Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 20 жылдык мөөнөткө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен пайдаланууга берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.
Жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүнүн милдеттүү шарты болуп жердин асылдуулугун жогорулатуу эсептелет. Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн асылдуулугу төмөн жайыттарды берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Фаунанын эндемикалык түрлөрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүүгө жана жүргүзүүгө берилүүгө тийиш эмес.
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029465/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>