Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Финансылык жөнгө салуучу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Финансылык жөнгө салуучу виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансы чөйрөсүндөгү иш-аракеттерди жөнгө салууга байланыштуу ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Финансылык жөнгө салуучу аталган ишти жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жалгыз орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет бербейт.
3. Ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен "Тамчы" АФИАнын актылары финансылык жөнгө салуучунун башкаруу тартибин, ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, функцияларын, ошондой эле финансылык жөнгө салуучуну башкаруунун тартибин аныктайт.
4. "Тамчы" АФИАнын актылары менен фонддук, валюталык же криптовалюталык биржалар, банктар же криптобанктар, брокерлер жана аларды түзүү жана иш жүргүзүү шарттарын аныктоого тийиш болгон ар кандай башка финансылык институттар уюштурулушу мүмкүн.
5. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, "Тамчы" АФИАнын финансылык институттарына карата банктар, баалуу кагаздар рыногу, виртуалдык активдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулбайт.
6. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.
7. "Тамчы" АФИАда баалуу кагаздарды, виртуалдык активдерди жана башка финансылык инструменттерди чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү, сатып алуу жана жабуу, ошондой эле аларды баалуу кагаздар, виртуалдык активдер жана/же башка финансылык инструменттер же валюталар катары таануу тартиби "Тамчы" АФИАнын актысы менен белгиленет.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-13" title="13-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>