Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Каттоочу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын субъекттерин каттоо, "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү, "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзүү, Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастоо менен байланышкан ыйгарым укуктарды, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын актылары же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Каттоочунун ишинин максаттары, ыйгарым укуктары жана функциялары, каттоочуну башкаруу тартиби, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
3. "Тамчы" АФИАда түзүлүүчү уюмдардын уюштуруу-укуктук формалары, ошондой эле "Тамчы" АФИАда жеке жактардын ишкердик ишти жүргүзүү шарттары "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
4. Эгерде "Тамчы" АФИАнын актыларында башкача каралбаса, резиденттигине же чет мамлекет менен байланышуунун башка формасына карабастан, юридикалык жана жеке жактар мындай уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары) боло алышат.
"Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрине киргизүү үчүн каттоо номерлерин ыйгаруу, тариздөө жана пайдалануу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат. "Тамчы" АФИАнын органдары жана субъекттери үчүн түзүлүүчү каттоо номерлери ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү каттоо номерлери менен бирдей таанылат жана колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын укугу боюнча уюмдаштырылган, бирок "Тамчы" АФИАнын (ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин да, кабыл алынгандан кийин да) субъекти болуп саналбаган уюм "Тамчы" АФИАнын актыларында аныкталган редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти деп таанылышы мүмкүн.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык уюмду редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти деп таануу аны кайра уюштуруу же укук улантуу учуру болуп эсептелбейт, мындай уюмдун ага таандык болгон мүлккө карата укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле мындай уюмга карата үчүнчү жактардын укуктарын жана милдеттерин (анын ичинде мындай уюмга катышуу укуктарын) өзгөртпөйт.
7. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзөт жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган тартипте Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастайт.
"Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилген адамдар өз ыйгарым укуктарын "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине тиешелүү жазуу киргизилген датадан тартып жүзөгө ашырат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Каттоочу
1. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын субъекттерин алынып салынды: каттоого, кошулду: каттоо, "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин алынып салынды: жүргүзүүгө кошулду: жүргүзүү, "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзүү, Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастоо менен байланышкан ыйгарым укуктарды, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын актылары … жана пайдалануу тартиби башкаруучу компания тарабынан аныкталат.
кошулду: "Тамчы" АФИАнын органдары жана субъекттери үчүн түзүлүүчү каттоо номерлери ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү каттоо номерлери менен бирдей таанылат жана колдонулат.
5. Кыргыз Республикасынын укугу боюнча алынып салынды: уюшулган, кошулду: уюмдаштырылган, бирок "Тамчы" АФИАнын алынып салынды: субъекти болуп саналбаган ар кандай уюм (ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин да, кабыл алынгандан кийин да) кошулду: субъекти болуп саналбаган уюм "Тамчы" АФИАнын актыларында аныкталган алынып салынды: тартипте кошулду: редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти алынып салынды: болуп кошулду: деп таанылышы мүмкүн.
кошулду: 6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык уюмду редомициляция тартибинде "Тамчы" АФИАнын субъекти деп таануу аны кайра уюштуруу же укук улантуу учуру болуп эсептелбейт, мындай уюмдун ага таандык болгон мүлккө карата укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле мындай уюмга карата үчүнчү жактардын укуктарын жана милдеттерин (анын ичинде мындай уюмга катышуу укуктарын) өзгөртпөйт.
7. Каттоочу "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрин жүргүзөт жана "Тамчы" АФИАнын актыларында каралган тартипте Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун (чечимдерин) ырастайт.
"Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине киргизилген адамдар өз ыйгарым укуктарын "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестрине тиешелүү жазуу киргизилген датадан тартып жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-12" title="12-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>