Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин чечими менен дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотот.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси:
- Кеңеш тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде башкаруучу компаниянын күнүмдүк иши үчүн жооп берет;
- Кеңештин талабы боюнча кварталына бирден кем эмес жолу Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө отчетторду берет;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана башка юридикалык жактар, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансылык институттар менен болгон мамилелерде "Тамчы" АФИАнын атынан чыгат;
- башкаруучу компаниянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана башка функцияларды аткарат.
2. Башкаруучу компанияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) "Тамчы" АФИАнын ишине жалпы жетекчилик кылуу;
2) "Тамчы" АФИАнын алдыңкы эл аралык финансылык, туристтик-рекреациялык жана көңүл ачуучу борбор катары өнүктүрүү жана илгерилетүү;
3) республикалык бюджетке ар жылдык чегерүүлөрдү жүргүзүү;
4) "Тамчы" АФИАнын башка органдары менен биргеликте зарылдыгына жараша "Тамчы" АФИАны жана анда мыйзамдуу жүзөгө ашырылып жаткан ишти жөнгө салуунун тиешелүү укуктук жана ченемдик режимин түзүүгө жана колдоого зарылдыгына, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу менен катышуу;
5) "Тамчы" АФИАны, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын башка органдарын жетиштүү каржылоону же жетиштүү каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
6) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү иши;
7) "Тамчы" АФИАны алдыңкы эл аралык практикага ылайык башкаруу жана аны жайылтууга көмөктөшүү;
8) жогоруда көрсөтүлгөн максаттардын кайсынысына болбосун жетишүү үчүн башкаруучу компания зарыл же керектүү деп негиздүү эсептеген башка милдеттер;
9) "Тамчы" АФИА максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфратүзүмдү, жайларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
10) эл аралык финансылык жана ишкер борборлор жана башка органдар, мекемелер жана уюмдар менен кызматташуу жана макулдашууларды (кызматташуу жөнүндө меморандумдарды) түзүү;
11) ушул Мыйзамга ылайык "Тамчы" АФИАнын актыларын кабыл алуу;
12) "Тамчы" АФИАда иштөө үчүн жыйымдарды жана тарифтерди белгилөө жана алар боюнча, анын ичинде "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, ошондой эле "Тамчы" АФИАда өз ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы алуу;
13) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин лицензиялоо;
14) өзүнүн ар кандай функцияларын аткаруу үчүн уюмдарды түзүү;
15) кызматкерлерди, консультанттарды жана ар кандай башка кызмат көрсөтүүчүлөрдү жалдоо;
16) ушул Мыйзамда каралган өзүнүн ыйгарым укуктарынын бардыгын же бир бөлүгүн кайсы бир үчүнчү жактарга жүктөө, атап айтканда Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча "Тамчы" АФИАнын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү пайдалануу;
17) "Тамчы" АФИАнын колдонуудагы чектерин өзгөртүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу;
18) "Тамчы" АФИАнын жылдык бюджетин бекитүү;
19) "Тамчы" АФИАда күзөт жана контролдоо-өткөрүү органдарынын ишинин тартибин аныктоо;
20) "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин ишин эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин аныктоо;
21) "Тамчы" АФИАнын иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ыйгарым укуктары
1. Башкаруучу компаниянын жетекчиси Кеңештин алынып салынды: төрагасы тарабынан дайындалат.
кошулду: чечими менен дайындалат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотот.
Башкаруучу компаниянын алынып салынды: жетекчиси башкаруучу компаниянын ар күндүк иши үчүн кошулду: жетекчиси:
- Кеңеш тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде кошулду: башкаруучу компаниянын күнүмдүк иши үчүн жооп алынып салынды: берет.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси кошулду: берет;
- Кеңештин талабы боюнча кошулду: кварталына бирден кем эмес жолу Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө отчетторду алынып салынды: кварталына бир жолудан кем эмес Кеңешке берип турууга тийиш.
кошулду: берет;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана башка юридикалык жактар, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар жана эл аралык финансылык институттар менен болгон мамилелерде "Тамчы" АФИАнын атынан чыгат;
- башкаруучу компаниянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын максаттарына жетүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат жана башка функцияларды аткарат.
2. Башкаруучу компанияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) … ачуучу борбор катары өнүктүрүү жана илгерилетүү;
3) республикалык алынып салынды: жана жергиликтүү бюджеттерге кошулду: бюджетке ар жылдык чегерүүлөрдү жүргүзүү;
4) кошулду: "Тамчы" АФИАнын башка алынып салынды: башкаруу органдары менен биргеликте зарылдыгына жараша "Тамчы" АФИАны жана … актыларын кабыл алуу менен катышуу;
5) "Тамчы" АФИАны, анын ичинде алынып салынды: башкаруунун кошулду: "Тамчы" АФИАнын башка органдарын жетиштүү каржылоону же жетиштүү каржылоо алуу … жыйымдарды жана тарифтерди белгилөө жана алар боюнча, анын ичинде алынып салынды: башкаруу кошулду: "Тамчы" АФИАнын органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, ошондой эле "Тамчы" … АФИАнын иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-11" title="11-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>