Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана ыйгарым укуктарын токтотуу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 119
1. Коммерциялык иш, финансы, банк иши, юриспруденция, камсыздандыруу иши, бухгалтердик эсеп, капитал рыноктору чөйрөсүндө же башка кандай болбосун компетенцияда эл аралык тажрыйбасы бар адамдар Кеңештин мүчөлөрү болуп дайындалышы мүмкүн.
Кеңештин мүчөлөрү 5 жылга дайындалат. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чектелбеген санда узартылышы мүмкүн.
2. Кеңештин ар бир мүчөсү каалаган учурда ыйгарым укуктарын токтотуу болжолдонгон датага чейин 30 күн мурда Кеңештин төрагасына арыз берүү аркылуу ыйгарым укуктарынан баш тарта алат.
3. Кеңештин Төрагасы кайсы учурда болбосун Кеңештин кандай болбосун мүчөсүнүн (Кеңештин мүчөсү катары башкаруучу компаниянын жетекчисин кошпогондо) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:
1) ал өз ыйгарым укуктарын оорудан улам, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген (аракетке жөндөмсүз) деп таанылгандыгынын натыйжасында жүзөгө ашыра албаса;
2) ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылса;
3) бул Кеңештин мүчөсү кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;
4) башкаруучу компаниянын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо.
4. Башкаруучу компаниянын жетекчисинин Кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кеңештин "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган күнү күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аркылуу ыйгарым укуктарынан баш тарта алат.
3. Кеңештин Төрагасы алынып салынды: каалаган кошулду: кайсы учурда кошулду: болбосун Кеңештин алынып салынды: каалаган кошулду: кандай болбосун мүчөсүнүн алынып салынды: (башкаруучу кошулду: (Кеңештин мүчөсү катары башкаруучу компаниянын жетекчисин алынып салынды: кошуп алганда) кошулду: кошпогондо) ыйгарым укуктарын токтото алат, эгерде:
1) ал өз ыйгарым укуктарын … жүзөгө ашыруу үчүн Кеңештин мүчөсүн алмаштыруу зарыл же керек болсо.
кошулду: 4. Башкаруучу компаниянын жетекчисинин Кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Кеңештин "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясынын жетекчисинин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечими кабыл алынган күнү күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029329/st-10" title="10-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>