Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 372 Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 32-беренелеринин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартибинин ченемдерин кеңири түшүндүрүү боюнча иштерди уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы диний материалдарды жана диний багыттагы предметтерди мыйзамсыз ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 372 токтомуна 2-тиркеме)Порядок · 27.06.2025 · № 372
- Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү Тартиби…Порядок · 27.06.2025 · № 372
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18