Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 2-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 372 токтомуна)
Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) ар бир адамдын өз тандоосу боюнча диний билим алууга болгон укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана ушул укукту камсыздоо, диний окуу жайларынын билим берүү процессин ишке ашыруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптерин белгилейт, ошондой эле аларды ишке ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылат.
2. Диний билим алууга болгон укукту ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин диний маселелерди камтыган тиешелүү жарлыктары, ушул Тартип, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар жана мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери аркылуу жөнгө салынат.
3. Негизги принциптер жана жоболор:
1) эч ким дин тутунууга же андан баш тартууга, Кудайга сыйынууга, башка диний ырым-жырымдарга, аземдерге жана майрамдарга, диний бирикмелердин ишине, диний окууларга катышууга же катышпоого мажбурланууга тийиш эмес;
2) светтик мамлекетте диний уюмдар мамлекеттен бөлүнгөн, бирок алар коомдон бөлүнгөн эмес жана анын олуттуу бөлүгүнүн атынан дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана жарандардын мыйзам менен корголгон укуктары менен эркиндиктерин сактоо менен диний билим берүү ишин жүргүзүшөт;
3) диний билим берүүнү дин кызматкерлерин даярдоо, ошондой эле кызыкдар адамдарга диний билим берүү үчүн дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте катталган тиешелүү динди туткан диний уюмдардын борбордук башкаруу органы (мындан ары - диний уюмдардын борбордук башкаруу органы) тарабынан түзүлгөн диний окуу жайы гана бере алат;
4) диний окуу жайлары (мындан ары - ДОЖ) өз каражаттарынын эсебинен түзүлөт жана күтүлөт, бул үчүн өзүнө таандык же ижарага алынган имараттар колдонулат;
5) жарандар жогорку жана орто диний окуу жайларына Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө" жана "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат;
6) диний окуу жайларында диний сабактарды окуткан адамдар тиешелүү документ менен күбөлөндүрүлгөн атайын орто жана жогорку диний (руханий) билим алгандыгы жөнүндө дипломго, сертификатка ээ болууга жана өз ишин алар турган диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырууга тийиш;
7) диний сабактарды окутуу жеке тартипте, диний билим берүү мекемесинен тышкары жүргүзүлүшүнө тыюу салынат.
4. Бул Тартипте негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерде пайдаланылат:
1) атайын диний (руханий) билим берүү - сыйынуу жана дин кызматчыларын кесиптик даярдоо үчүн зарыл болгон, диний окуу жайы тарабынан жүзөгө ашырылуучу диний билим берүүнүн формасы;
2) диний билим берүү процесси - билим алуучулардын диний билим берүү программаларынын мазмунун өздөштүрүүсү максатында диний окутууну, тарбиялоону жана өнүктүрүүнү уюштуруу системасы;
3) диний билим берүүнү мамлекеттик жөнгө салуу механизмин түзүү - диний билим алууга болгон укукту камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу;
4) диний билим берүү - белгилүү бир диний эрежелерге негизделет жана диний эрежелердин жыйындысын, диний тажрыйбаны, диний маданиятты жана ушул динди алып жүргөн диний уюмдун ишин изилдөө менен коштолгон максаттуу багытталган билим берүү жана окуу процесси;
5) диний окуу жайы - бул дин кызматчыларын даярдоо үчүн диний билим берүү, ошондой эле кызыкдар адамдарга белгилүү бир диний эрежелердин жыйындысынын негизинде диний билим берүү максатында дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык катталган диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан түзүлүүчү окуу жайы;
6) кыска мөөнөттүү диний курстар - диний билим берүүнүн базалык формасы;
7) диний курстар - дин жөнүндө теориялык же практикалык билимдерди берүүнүн формасы;
8) диний билим берүү программасы - конкреттүү окуу дисциплинасын, анын ичинде ДОЖ сабактарынын предметин жана тиешелүү адабияттарды окутуу үчүн диний билим берүү процессинин мазмунун, көлөмүн жана түзүмүн аныктоочу локалдык ченемдик акт;
9) диний окуу предметтери - диний окуу жайларынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан диний окуу предметтери катары сунушталган базистик окуу планынын мамлекеттик компонентине ээ окуу предметтери;
10) диний багыттагы илимий-изилдөө иши - диний багыттагы илимий жана илимий-техникалык натыйжаларды алуу максатында диний чөйрөдөгү илимий издөөлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан иш;
11) диний окуу планы - устав менен бекитилген, диний окуу жайынын толук аталышын, анын уюштуруучу-укуктук формасын, квалификациянын аталышын, окутуунун ченемдик мөөнөтүн, сааттардын санын, окутулуучу дисциплиналардын кезегин көрсөтүү менен сабактардын тизмегин, диний окуу жайда окутулуучу сабактардын ортосундагы аттестациялардын формаларын камтыган, аларды диний окуу жайындагы бүткүл окуу мезгилине жылдар боюнча бөлүштүргөн документ;
12) сабактардын расписаниеси - бул диний окуу жайларында жуманын ар күнүнө түзүлүүчү, окуу программасында көрсөтүлгөн жана окутуунун максаттарына ыңгайлаштырылган документ;
13) дин таануу жаатындагы кесиптик билим берүү - бул диндин негизги принциптери, тарыхы, маданияты жана башка аспекттери жөнүндө терең билим алууга мүмкүндүк берген тармак.
2-глава. Диний билим берүүнү ишке ашыруу формалары
5. Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн формасы атайын диний (руханий) билим берүү, диний курстар, кыска мөөнөттүү диний курстар жана жайкы диний лагерлер аркылуу жүзөгө ашырылат.
6. Атайын диний (руханий) билим берүү диний окуу жайлары (мындан ары - ДОЖ) тарабынан жүргүзүлөт, алардын окуу программалары уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген жана мазмуну дин таануу экспертизасынын корутундусу менен жактырылган учурда жүзөгө ашырылат.
7. Диний курстар, кыска мөөнөттүү диний курстар жана жайкы диний лагерлер диний окуу жайлары жана диний уюмдар тарабынан жүргүзүлөт. Билим берүү программалары диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан бекитилген жана мазмуну дин таануу боюнча экспертизанын корутундусунун мазмуну бекитилген учурда ишке ашырылат.
8. Дин таануу экспертизасы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү программаларында Кыргыз Республикасында тыюу салынган уюмдардын диний көз караштары жоктугун аныктоо максатында жүргүзүлөт.
9. ДОЖ билим берүү жөнүндө жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга каршы келбей турган өздөрүнүн ички руханий талаптарына ылайык диний предметтерди окутууга жана жолдоочуларын тарбиялоого укуктуу.
10. ДОЖдун (орто, жогорку) деңгээли диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.
11. Диний окуу жайлары диний билим берүү предметтерине жалпы билим берүү программаларын киргизүүгө милдеттүү.
12. Диний билим берүү программаларын ишке ашыруунун шарттары, материалдык-техникалык базасынын курулуш ченемдери жана эрежелери ДОЖдун билим алуучулары менен кызматкерлеринин саламаттыгын сактоонун, диний окуу жайынын сабак өтүүчү жайларынын жабдылышынын жана кызматкерлерди окутуу шарттарынын санитардык-гигиеналык ченемдерине карата мамлекеттик жана муниципалдык талаптарга жооп берүүгө тийиш. Бул шарттардын аткарылышын контролдоо тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Диний билим берүү программаларында жана сабактарда экстремисттик көз караштарды пропагандалоочу жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө каршы багытталган материалдар жана чакырыктар аныкталса, диний билим берүү мекемелери кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
3-глава. Диний окуу жайларын уюштуруунун, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби
14. ДОЖ диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан жарандык мыйзамдарда жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, тиешелүү билим берүүчү, материалдык-техникалык база, илимий-педагогикалык кадрлар, окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо менен камсыз кылынган шартта түзүлөт.
15. ДОЖдун уюштуруучусу болуп эсептик жана мамлекеттик каттоодон өткөн диний уюмдардын борбордук башкаруу органы саналат.
16. ДОЖ дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептик каттоодон өтпөстөн диний билим берүүгө тыюу салынат.
17. ДОЖду эсептик каттоо "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык төмөнкү документтерди тапшыруу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) финансы каражаттарынын бар экендигин ырастоо (финансы каражаттарынын бар экендиги тууралуу кат же уюштуруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн башка финансылык документ);
2) түзүлүүчү билим берүү мекемесинин аталган участокто жайгашкан ордун ырастоочу документти (мүлктүк имаратты сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имаратты акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.у.с.);
3) диний окуу жайы жайгашкан имарат эксплуатациялоо талаптарына ылайык келе тургандыгын ырастоочу документти (жаңы курулган имараттарды пайдаланууга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы же имараттын техникалык паспорту);
4) диний билим берүүнүн жалпы мүнөздөмөлөрүн, билим берүү деңгээлин, багыттарын жана адистигин, окуу планын, сабактардын расписаниесин, сабактардын темасын жана тиешелүү диний окуу жайдын уюштуруучусу тарабынан бекитилген колдонмо адабияттарды камтыган дисциплиналардын (курстардын) жумушчу программасынан турган окуу планын;
5) окутуучулардын жана административдик кызматкерлердин уюштуруучу бекиткен сапаттык курамын, алардын туулган жылын, кызмат ордун, билимин (жогорку окуу жайдын аталышы, окууну аяктаган жылы, адистиги), илимий даражасын, наамын, категориясын жана аларды алган жылын, иш стажын, ошондой эле, дисциплинаны окутуу тажрыйбасын.
18. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ДОЖду эсептик каттоонун алкагында ДОЖ жайгашкан жерге барып, анын материалдык-техникалык базасынын белгиленген техникалык талаптарга ылайык келе тургандыгына текшерүү жүргүзүүгө жана муну эсептик каттоо же кайра каттоо жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү корутундуга киргизүүгө милдеттүү.
19. Эсептик каттоодон өткөндөн кийин ДОЖ финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
20. ДОЖдун орто же жогорку статусу анын түрүнө, ишке ашырып жаткан билим берүү программасына жараша аныкталат жана анын уставында бекитилет.
21. Диний билим берүү программаларынын багыттары (адистиктери) жана деңгээлдери, аларды ишке ашыруунун шарттарынын чектүү ченемдери, ошондой эле билим алуучулардын жол берилген контингенти жалпы билим берүү мекемеси, диний окуу жайы (ДОЖ) тарабынан өз алдынча аныкталат, мында Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо жана ушул Тартип менен белгиленген өзгөчөлүктөр милдеттүү түрдө эске алынат.
22. Уюштуруучу тарабынан жаңы багыттар же адистиктер ачылган учурда, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ДОЖду эсептик каттоо үчүн зарыл болгон документтердин толук топтому берилбестен (эгер алар мурда тапшырылган болсо), ушул Тартиптин 17-пунктунун 5 жана 6-пунктчаларына ылайык окутуучулардын жана административдик кызматкерлердин тизмеси окуу пландары менен тапшырылат.
23. Эгерде уюштуруучу ДОЖду талап кылынган стандарттардын деңгээлине чейин жеткирүү милдетин алса, алардын аткарылышын, ошондой эле билим алуучулардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылса, ДОЖ башка түрдөгү ДОЖго өзгөртүлүшү мүмкүн.
24. ДОЖду кайра уюштуруу окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Мында уюштуруучу билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча билим алуучуларды башка ДОЖдорго которуу жоопкерчилигин өз мойнуна алат.
25. ДОЖ кайра уюштурулган, анын түзүмү же статусу өзгөртүлгөн, ДОЖдун уставына тиешелүү өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген учурда ал эсептик жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
26. Диний билим берүү боюнча техникалык талаптар аткарылбаган, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар бузулган жана аныкталган мыйзам бузуулар белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурларда "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ДОЖдун ишин токтото турат жана эсептик каттоо тууралуу күбөлүктү кайтарып алат.
27. ДОЖ жарандык мыйзамдарга жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жоюлушу мүмкүн.
4-глава. Диний окуу жайларынын билим берүү процессин уюштуруунун негизги мүнөздөмөлөрү
28. Билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык негизги жалпы билими (9-класс) бар адамдар ДОЖдо окуганга укуктуу.
29. Жогорку ДОЖдордо билим берүү жөнүндө мыйзамдарга жана ДОЖдун талаптарына ылайык конкурстук негизде тандоодон өткөн жалпы орто билими (11-класс) бар адамдар билим алууга укуктуу.
30. ДОЖго билим алуучуларды (мектеп окуучуларын, студенттерди) кабыл алуу диний билим алууну каалаган жашы жеткендердин же жете электердин ата-энесинин биринин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана камкорчуларынын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, алардын ДОЖдун окуу программасына макулдугу менен жүргүзүлөт. Билим алуучуларды кабыл алуу аяктагандан кийин сабактар башталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ДОЖ билим алуучулардын тизмесин (аты-жөнү, туулган датасы, билими, жашаган жери, билим алуучулардын жана жашы жете элек билим алуучулардын ата-энесинин байланыш даректери) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
31. ДОЖдогу билим берүү процессин уюштуруу дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу чыкканда, бекитилген окуу программасына ылайык ДОЖ тарабынан өз алдынча иштелип чыккан окутуунун каражаттарын, формаларын жана методдорун педагогикалык жактан негиздүү тандоонун негизинде курулат.
32. Билим берүүнүн узактыгы, окуу жылынын башталышы жана аяктоосу, билим алуучулар үчүн милдеттүү окуу сабактарынын жумалык жүктөмү, экзамендик сессиялардын жана каникулдардын мөөнөттөрү жана узактыгы, ошондой эле практикалык сабактардын түрлөрү жана аны жыйынтыктоонун формалары окуу планы менен белгиленет жана алар билим берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптардан ашпоого жана каршы келбөөгө тийиш. Аудиториялык сабактардын (академиялык сааттардын) узактыгы ДОЖдун локалдык документи менен, 40-50 мүнөттүн чегинде белгиленет.
33. Жогоруда аталган милдеттүү жалпы билим берүүчү дисциплиналарды окуу программасына киргизүү жоопкерчилиги тиешелүү ДОЖго жүктөлөт.
34. Контракттык негизде адистерди даярдоо пландары ДОЖ тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча билим алуучулардын квотасына жараша түзүлөт.
35. Сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары ДОЖ дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жактыруусунун негизинде билим алуучулардын кызыкчылыктарын жана чыгармачыл жөндөмдөрүн арттырууга багытталган факультативдер жана башка сабактар түрүндөгү кошумча кызматтарды көрсөтө алат.
36. Билим берүү тилдери ДОЖ тарабынан билим берүүнүн жогорку сапатын камсыздоо, билим алуучулардын керектөөлөрүн канааттандыруу, билим берүү процессин кадрлар жана методдор менен камсыздоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен аныкталат.
37. Бир топтогу билим алуучулардын саны жалпы билим берүү предметтерин өз алдынча үйрөнүү стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. Тилдер жана маалыматтык технологиялар боюнча сабактарда классты топторго бөлүүгө жол берилет.
38. Билим алуучуларды жалпы билим берүү предметтеринин минималдуу милдеттүү топтомуна кирүүчү окуу китептери жана окуу куралдары менен камсыздоо келишимдик негиздерде жүзөгө ашырылат.
39. ДОЖ жалпы билим берүү предметтерин окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте адистерди тартууга укуктуу.
5-глава
Кыска мөөнөттүү диний курстардын, жайкы диний лагерлердин билим берүү процессин уюштуруунун негизги мүнөздөмөлөрү
40. ДОЖ билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билими бар жашы жеткен жарандар үчүн кыска мөөнөттүү диний курстарды уюштурууга укуктуу.
41. Кыска мөөнөттүү диний курстарды жана жайкы диний лагерлерди уюштуруу укугу диний уюмдарга жана диний окуу жайларына берилет, алардын окуу программалары диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан бекитилет жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дин таануу экспертизасынын оң корутундусу чыкканда ишке ашырылат.
42. Кыска мөөнөттүү диний курстар жашы жеткен жарандар үчүн теориялык жана практикалык билим катары диний окуу жайлары жана диний уюмдар тарабынан өткөрүлөт.
43. Кыска мөөнөттүү диний курстардын окуу программасы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуудан кийин: диний уюмдар үчүн - 3 айдан ашпаган мөөнөткө, диний окуу жайлары үчүн - 1 жылдан ашпаган мөөнөткө өткөрүлөт. Курсту аяктагандан кийин сертификат берилет.
44. Кыска мөөнөттүү диний курстар 7 жаштан жана андан жогору жаш курактагы жарандарга дин жөнүндө базалык билим берүү үчүн кошумча билим берүү кызматын көрсөтүү катары 3 айга чейинки мөөнөткө өткөрүлөт, аны аяктагандан кийин сертификат берилет.
45. ДОЖ жана диний уюмдар ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын кат жүзүндөгү кайрылуусу жана жашы жете элек балдардын макулдугу боюнча жалпы билим берүү мекемелерине (мектептерге) милдеттүү түрдө барган же негизги жалпы билим берүү мектебин (9-класс) аяктагандан кийин мектептен тышкары мезгилде барган шартта жашы жете элек балдар үчүн кыска мөөнөттүү диний курстарды уюштуруп, өткөрө алат. Ушул пунктун талаптары бузулган учурда ДОЖдун жана диний уюмдардын жетекчилери дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
46. ДОЖдор диний билим берүүнүн жана руханий тарбия берүүнүн айрым өз алдынча багыттары боюнча диний курстарды, кыска мөөнөттүү диний курстарды жана жайкы диний лагерлерди ДОЖдордун уставдарында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык иштеп чыгат жана аларды окуу пландарына, курстардын программаларына жана окутулган дисциплиналардын жумушчу программаларына киргизет.
47. Диний уюм тарабынан ДОЖ диний курстарын, кыска мөөнөттүү диний курстарды жана жайкы диний лагерлерди ачуу ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
48. Диний уюм тарабынан кыска мөөнөттүү диний курстар жана жайкы диний лагерлер ачылган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган диний уюмдун материалдык-техникалык базасын жеринде барып текшерет жана белгиленген техникалык талаптарга ылайык келе тургандыгы жөнүндө акт түзөт.
49. Аудиториялык сабактардын (академиялык сааттардын) узактыгы ДОЖдун уставы менен 40-50 мүнөттүн чегинде белгиленет. Окуу тобунда адамдын саны 25тен ашпоого тийиш.
50. Ар бир билим берүү курсуна билим алуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча ДОЖдор, диний уюмдар сабак башталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде билим алуучулардын тизмесин (аты-жөнү, туулган датасы, билими, жашаган жери, билим алуучулардын жана жашы жете элек билим алуучулардын ата-энесинин байланыш даректери) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
51. Кыска мөөнөттүү диний курстардын жана жайкы диний лагерлердин билим берүү процессин уюштуруу үчүн ДОЖго, диний уюмга таандык гана имараттар же ушул максатта ижарага алынган жайлар пайдаланылууга тийиш.
6-глава. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдөгү диний окуу жайларда билим алуусу
52. Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) билим берүү, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жалпы орто билим алгандан (11-класс) кийин жана диний билим алгандан кийин чет өлкөдөн диний билим алууга укуктуу.
53. Чет мамлекеттердин ДОЖдорунда билим алуу үчүн чыгып жаткан жарандарды эсепке алуу, тандаган ДОЖ тууралуу маалымат берүү максатында жарандар чыгып кеткенге чейин 14 календардык күндүн ичинде дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
54. Жарандар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурда, кабарламанын формасын эки нускада толтуруп кол коюшат, чет өлкөдө билим алуунун шарттары жөнүндө маалымат берүү максатында маектешүүдөн өтөт, бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маектешүү жүргүзгөн жооптуу кызматкери кабарламанын эки нускасына тең белги коюп, аларга кол коюп, мөөр менен күбөлөндүрөт. Кабарламанын бир нускасы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сактоого калтырылат, экинчиси жаранга тапшырылат.
55. Жарандар диний билим алуу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыкканда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде Кыргыз Республикасынын консулдук каттоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларына ылайык консулдук каттоого турушат же консулдук каттоодон чыгышат.
56. Дин иштери жана билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуусу үчүн сунушталган чет өлкөлүк ДОЖдордун маалымат базасын түзөт, аны түзүүнүн тартиби аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биргелешкен буйругу менен аныкталат.
7-глава. Диний окуу жайды башкаруу
57. ДОЖду башкаруу демократия, ачык-айкындык, жалпы адамзат баалуулуктары, билим алуучулардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, инсандын эркин өнүгүү принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
58. ДОЖ диний багыттагы илимий ишке жетекчилик кылуу максатында ДОЖдун өкүлчүлүктүү (шайлоочу) органын уюштурууга, ДОЖдун кеңешин же болбосо өз алдынча башкаруунун башка формаларын түзүүгө укуктуу. Бул органды түзүү тартиби жана анын компетенциясы ДОЖдун уставы менен жөнгө салынат.
59. ДОЖду түздөн-түз жетекчи (ректор, директор же башка) жетектейт, ал диний уюмдардын борбордук башкаруу органы тарабынан тиешелүү жааттагы жана квалификациядагы билим даражасы бар адистердин арасынан дайындалат. Анын укуктары жана милдеттери билим берүү жөнүндө жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык ДОЖдун уставы менен аныкталат.
60. ДОЖдун жетекчиси ДОЖдун ишинин натыйжалары, билим берүү сапатынын туруктуулугу жана диний адистердин даярдык сапаты, ДОЖдун илимий, финансы-экономикалык ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
61. ДОЖ чечимдерди өз алдынча кабыл алат жана анын уставынан келип чыгуучу иш-аракеттерди жүргүзөт.
8-глава. Диний окуу жайдын түзүмү
62. ДОЖ өз түзүмүн ушул Тартипте жана уставда белгиленген алкакта, өз каражаттарынын чегинде түзөт.
63. ДОЖдор филиалдар катары түзүмдүк бөлүмдөрдү түзө алышпайт.
64. ДОЖ өзү түзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдөгү билим берүү жана илимий процесстердин натыйжалуулугу жана сапаты үчүн, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө ички жоболордо аныкталган башка милдеттенмелер үчүн жоопкерчилик тартат.
65. ДОЖдун билим берүү-илимий-өндүрүштүк комплекс катары түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы мамилелеринин формасы ДОЖдун уставы менен белгиленет.
9-глава. Диний окуу жайдын билим алуучуларынын укуктары жана милдеттери
66. ДОЖдун билим алуучуларынын укуктары жана милдеттери ушул Тартип жана ДОЖдун уставы менен аныкталат.
67. Бардык типтеги жана түрдөгү ДОЖдордун тарбиялануучулары диний билим алуу үчүн ДОЖ тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген диний-билим берүү стандарттарына ылайык аныкталган диний билим берүүнүн формасын тандап алууга укуктуу.
68. ДОЖдун билим алуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) адамдык ар-намысты урматтоого жана коргоого;
2) ДОЖду аяктаганда ДОЖ тарабынан берилүүчү билими тууралуу документ алууга;
3) тиешелүү диний уюмдун талаптарына ылайык билимдерге жана кесиптик тажрыйбага ээ болууга;
4) ДОЖдун тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча бекитилген билим берүү программасын тандоого, факультативдик курстарга катышууга жана ДОЖ сунуштаган адистиктерди тандоого;
5) акы төлөөгө жана ДОЖдун уставына ылайык билим берүү мекемесинде окуу жайда өткөрүлүүчү кошумча сабактардын түрлөрүнө катышууга;
6) ДОЖдун уставында аныкталган тартипте башка билим берүү программасы боюнча окуусун улантууга же башка ДОЖго которулууга;
7) ДОЖ тарабынан белгилеген тартипте билим алуунун жекече графиги боюнча окууга жана экзамендерди тапшырууга;
8) илимий жана изилдөө иштеринин бардык түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга, өз иштерин жарыялоого, анын ичинде ДОЖдун басылмаларына жарыялоого;
9) ДОЖдун уставында аныкталган тартипте окуу жана лабораториялык жайларды, китепканаларды, окуу, илимий жана башка ведомстволордун спорттук объекттерин пайдаланууга;
10) ДОЖдун ишине байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга.
69. Билим алуучулар билим берүү программаларын өздөштүрүүгө, ички тартип эрежелерин сактоого, улуттук каада-салттарды урматтоого жана укукка каршы аракеттери үчүн юридикалык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.
70. Окуудагы, илимий-изилдөө жана башка иштердеги ийгиликтери үчүн билим алуучуларга уставга ылайык жана ДОЖдун мүмкүнчүлүгүнүн чегинде материалдык жана материалдык эмес сыйлыктар (анын ичинде тиешелүү стипендиялар) берилет.
71. ДОЖдун уставында каралган окуу программасын жана милдеттерди аткарбагандыгы үчүн билим алуучуларга тартиптик жаза, анын ичинде ДОЖдон чыгаруу чаралары көрүлүшү мүмкүн.
10-глава. Диний окуу жайдын билим алуучуларынын укуктары жана милдеттери
72. ДОЖдо окутулуучу негизги дисциплиналарды окуткан адамдар (окутуучулар) тиешелүү документ менен ырасталган атайын диний (руханий) билимге ээ болууга жана өз ишин диний уюмдардын борбордук башкаруу органы менен макулдашуу аркылуу жүргүзүүгө тийиш.
73. Педагогдор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ар-намысын жана кесиптик аброюн коргоого;
2) өзүнүн кесиптик ишин тиешелүү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык аспекттер менен камсыздоого;
3) билим берүү программаларынын талаптарына ылайык өзү окуткан дисциплиналардын мазмунун аныктоого;
4) окутуунун каражаттарын жана методдорун эркин тандап алууга жана билим берүү жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун камсыздоочу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө;
6) ДОЖдун билим берүү, илимий жана башка ишине байланыштуу маселелерди талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
7) ДОЖдун уставында белгиленген тартипте жайларды жана маалымат фонддорун, лабораторияларды, кеңселерди, китепканаларды, компьютердик класстарды, окуу жана илимий мекемелерди, социалдык-тиричилик, маданий жана башка ведомстволорду пайдаланууга.
74. Педагогдор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим берүү жана илимий процесстердин жогорку натыйжалуулугун жана билим алуучулардын билим берүү программаларын диний уюмдардын борбордук башкаруунун борбордук органынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
2) студенттердин өз алдынчалуулугун, демилгелүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө, аларды жогорку адеп-ахлактык сапаттарга тарбиялоого, кесиптик сапаттарды, жарандык позицияны калыптандырууга;
3) өзүнүн билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга, илимий-изилдөөлөрдү жана башка чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө, аларга активдүү катышууга, ДОЖдун ченемдик актыларын аткарууга;
4) педагогикалык этика ченемдерин сактоого;
5) билим алуучуларга карата күч колдонбоого жана моралдык зомбулук көрсөтпөөгө.
11-глава. Диний окуу жайдын кызматкерлеринин укуктук статусу
75. ДОЖдо илимий-педагогикалык кызматкерлердин кызмат орду (профессордук-окутуучулук курам, стажерлор), административдик-чарбалык, педагогикалык-коомдук, инженердик-техникалык, тейлөөчү жана башка кызмат орундары каралган.
76. Административдик-чарбалык, окуу-коммуникациялык, инженердик-техникалык, оңдоо жана башка кызматтар келишимдик негизде түзүлөт.
77. ДОЖдун окутуучуларын жана башка кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу эмгек мыйзамдарына ылайык же келишимде (контрактта) каралган шарттарда жүргүзүлөт.
78. ДОЖдун окутуучулары негизги милдеттери менен бир учурда кошумча милдеттер келип чыккан учурда административдик жана диний персоналдын кошумча милдеттерин аткарышы мүмкүн.
79. Административдик-башкаруучу түзүмдүн кызматкерлери бир эле учурда окутуучу болуп да иштей алат.
12-глава. Диний окуу жайлардын финансы-чарбалык иши
80. ДОЖдун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюштуруучулардын каражаттары, жеке каражаттар, анын ичинде валюталык, билим берүү, консультациялык, изилдөө, басма жана башка мыйзамда тыюу салынбаган иштен түшкөн кирешелер;
2) коммерциялык банктардын кредиттери;
3) ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан берилген каражаттар;
4) окуу үчүн акы төлөө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
81. ДОЖ ыктыярдуу финансылык жана башка кайрымдуулуктар үчүн өтүнмө берүүгө жана алууга укуктуу.
82. Каржылоонун суммасы билим берүү мыйзамдарына ылайык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө, эмгек акыларды төлөө үчүн каражаттарды топтоого, зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүүгө, социалдык өнүгүүгө жана эмгек жамаатына материалдык колдоо көрсөтүүгө багытталган материалдык жана ушуга окшош чыгымдарын жабууга тийиш.
83. Акы төлөнүүчү окутууда акы төлөөнүн өлчөмү ар бир окуу жылы үчүн смета менен аныкталат жана уставга ылайык ДОЖдун жетекчилиги тарабынан бекитилет.
84. ДОЖ окууга тапшыргандарды окуу наркын (окуу үчүн төлөмдүн өлчөмү, аны төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү, төлөмдү жүргүзүү мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн бузгандык үчүн өз ара жоопкерчилик жана санкциялар) төлөө тартиби менен тааныштырууга жана аны билим алуучулар (заказчылар) менен түзүлүүчү келишимдерде көрсөтүүгө милдеттүү.
85. Окуу үчүн акы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү тууралуу маалымат ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш.
86. Эмгек акынын, материалдык камсыздоонун жана материалдык жардамдын өлчөмдөрү жана формалары бардык категориядагы кызматкерлерге ДОЖдун каражатынын эсебинен төлөнө турган салыктарды жана социалдык жөлөкпулдарды эске алуу менен ДОЖ тарабынан белгиленет.
87. ДОЖ финансы ресурстарын, анын ичинде донорлордон жана экономикалык иштен келип түшкөн каражаттарды өз алдынча башкарат.
13-глава. Диний окуу жайдын материалдык-чарбалык базасы
88. ДОЖ өз каражаттарынын, жарандардын, коомдук уюмдардын кайрымдуулуктарынын (мурастарынын) эсебинен сатып алынган же түзүлгөн, ошондой эле билим берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка негиздерде сатып алынган мүлккө ээлик кылуу укугуна ээ.
89. Келип түшкөн финансы ресурстары, кайрымдуулуктар, гуманитардык жардам жана башка активдер милдеттүү түрдө ДОЖдун эсепке алуу документтеринде белгиленет.
90. ДОЖ өзүнүн ишинин натыйжаларын финансылык, оперативдик, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүргүзөт жана отчетту салык мыйзамдарына жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген тартипте тапшырат.
91. ДОЖдун финансылык жана материалдык каражаттарын алып коюуга жол берилбейт.
92. ДОЖдун иши токтогондо анын менчигинде турган мүлк анын уставына (Жобосуна) жана жарандык мыйзамдарга ылайык бөлүштүрүлөт. Анын укук улантуучусу жок болсо, мүлк мамлекеттин менчигине өтөт.
14-глава. Диний билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
93. ДОЖ диний билим берүү жаатында эл аралык кызматташууга катышат, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер, эл аралык билим берүү жана илим жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз байланыштарды түзөт, дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен изилдөө программаларын жүргүзүүгө укуктуу.
94. Бул максаттарда ДОЖ төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:
1) эл аралык коомдук (өкмөттүк эмес) бирикмелерге жана уюмдарга кирүүгө;
2) чет өлкөлүк өнөктөштөр менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери болуп саналбаган биргелешкен иш жөнүндө келишимдерди түзүүгө.
95. Диний билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык көз карандысыздыктын, теңдиктин, өз ара урматтоонун принциптеринде жүзөгө ашырылат жана ал Кыргыз Республикасынын улуттук эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана коомдук кызыкчылыктарына зыян келтирбөөгө тийиш.
96. Диний билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык дин иштери боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен төмөнкүдөй ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:
1) чет өлкөлүк окутуучуларды убактылуу тартуу;
2) диний билим алуу жана аны өркүндөтүү үчүн билим алуучуларды чет өлкөлөргө жөнөтүү;
3) квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча илимий-практикалык ишти уюштуруу.
97. Кыргыз Республикасынын жарандарын башка мамлекеттердин диний окуу жайларында, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын диний окуу жайларында окутуу, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу диний билим берүү мекемелеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
98. Ушул Тартиптин талаптарын сактоо менен ДОЖ Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк диний окуу жайларга же диний борборлорго окутууга же узак мөөнөттүү стажировкага (1 айдан ашык мөөнөткө) жибере алат.
99. ДОЖ өзүнүн уставына ылайык чет өлкөлүк донорлордон финансы ресурстарын тартууга жана өзүнүн негизги милдеттерин аткарууну жетектөөгө укуктуу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 372