Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна 1-тиркеме)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 372 токтомуна)
Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) диний иш субъекттеринин уюштуруу документтерине, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү (даярдоо) ташып келүү, жайылтуу жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу үчүн арналган диний мазмундагы материалдарга жана предметтерге мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибин белгилейт. Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында аталган ишти тартипке келтирүү максатында "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин жоболорун аткаруу үчүн иштелип чыккан.
2. Ушул Тартип дин таануу, теология жаатында атайын жана (же) илимий билимдерди талап кылган маселелерди чечүү максатында, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан диний иш субъекттерин эсептик каттоо жана (же) диний материалдарды (диний адабиятты, башка басма жана аудиовидеоматериалдарды) жана диний багыттагы предметтерди (мындан ары - диний материалдарды жана предметтерди) өндүрүүнү, сатып алууну, сактоону, ташып келүүнү, ташып чыгууну жана жайылтууну мамлекеттик контролдоо боюнча функцияларды жүргүзүүдө, мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүүдө колдонулат.
3. Мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту, адамдын жана жарандын башка укуктарын жана эркиндиктерин, диний иш субъекттеринин укуктарын сактоо принциптерине негизделет.
4. Ушул Тартипте төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик дин таануу экспертизасы (мындан ары - МДЭ) - тыянактарды, эксперттик корутундуларды жана сунуштамаларды даярдоо жана тариздөө менен адистердин, эксперттердин катышуусунда басма сөз басылмаларын (адабият, брошюралар), аудиовизуалдык чыгармаларды (теле, кино жана видеофильмдер, клиптер, концерттик программаларды жаздыруу, мультфильмдер, аниме ж.б.), маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдү (дискеттер, CD, DVD дисктер, Интернет тармагына жайгаштырылган материалдар жана башкалар) жана диний мазмундагы башка материалдарды изилдөө жол-жобосу;
2) МДЭ корутундусу - изилдөөгө келип түшкөн материалдардагы аталган материалдарды даярдоого, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана жайылтууга уруксат берүү (уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон диний мыйзамдардан четтөөлөрдүн же бурмалоолордун бар экендигин аныктоо аркылуу атайын билимдердин негизинде жана адистин (эксперттин) компетенциясына ылайык жүйөлүү тыянактарды камтыган, МДЭ материалдарына карата диний изилдөө жүргүзүү фактысын расмий бекемдеген жазуу жүзүндөгү документ;
3) диний мазмундагы материалдар (мындан ары - диний материалдар) - дүйнөдөгү ар түрдүү диндердин негизин, тарыхын, идеологиясын, окууларын жана комментарийлерин, ошондой эле ырым-жырымдардын практикасын чагылдырган китептер, брошюралар, журналдар, гезиттер, баракчалар жана башка басылмалар, аудиовизуалдык чыгармалар (теле, кино жана видеофильмдер, клиптер, концерттик программаларды жаздыруу, мультфильмдер, аниме ж.б.), электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр (дискеттер, CD, DVD дисктер, Интернет тармагына жайгаштырылган материалдар жана башкалар);
4) эксперт (адис) - дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын дин таануу же теология жаатында атайын билими, билгичтиги, кесиптик көндүмдөрү, тажрыйбасы бар жана МДЭ өндүрүшү үчүн ушул Тартипке ылайык дайындалган кызматкери;
5) эксперттик топ - дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы зарыл болгон багыттар боюнча дин таануу жана теология жаатындагы окумуштуулардын, эксперттердин жана адистердин тобу;
6) ташып келүү - диний материалдарды жана (же) предметтерди ар кандай максатта ар түрдүү ыкма менен, анын ичинде эл аралык почта жиберүүлөрү аркылуу жөнөтүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү;
7) ташып чыгуу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы диний материалдарды жана (же) предметтерди ар кандай максатта ар түрдүү ыкма менен, анын ичинде эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүү аркылуу анын чегинен тышкары ташып чыгуу;
8) ташуу - диний материалдарды жана (же) предметтерди транспорттун каалаган түрүн колдонуу менен (мисалы, машинада, поездде, самолетто ж.б.) же жөө жүрүү менен бир жерден экинчи жерге которуу;
9) сатып алуу - диний материалдарды жана (же) предметтерди акы төлөө менен же акысыз өз менчигине алуу;
10) өндүрүү (даярдоо) - Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинде Интернет глобалдык маалымат тармагы, маалыматтарды берүүнүн жана жайылтуунун башка электрондук каражаттары аркылуу диний материалдарды жана (же) предметтерди сериялык басып чыгаруу, кайра басып чыгаруу жана көчүрүү;
11) диний материалдарды өндүрүү, ташып келүү жана жайылтуу укугуна уруксат кат - дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, диний уюмдарга диний материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга укук берген документ;
12) жайылтуу - Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү жактарга диний материалдарды жана (же) предметтерди акы төлөнүүчү же акысыз берүүнүн (сатуу, жазылуу, жеткирүү, жөнөтүү, таратуу, почта аркылуу жөнөтүү, алмашуу, тартуулоо), анын ичинде Интернет глобалдык маалымат тармагы, маалыматты берүүнүн жана таратуунун башка электрондук каражаттары аркылуу берүүнүн ар кандай түрү;
13) диний аудиовизуалдык материалдар - дүйнөдөгү ар түрдүү диндердин негизин, тарыхын, идеологиясын, окууларын жана комментарийлерин, ошондой эле ырым-жырымдардын практикасын чагылдырган аудиовизуалдык чыгармалар (телекөрсөтүү, кино жана видеофильмдер, клиптер, концерттик программаларды жаздыруу, мультфильмдер, аниме ж.б.), электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр (дисктер, компакт-дисктер, DVD-дисктер, орнотулган жана алынуучу эс тутум карталары, Интернет тармагына жайгаштырылган материалдар жана башкалар);
14) диний басма материалдар - диний адабият жана башка басылмалар (китептер, брошюралар, журналдар, гезиттер, баракчалар, башка басылмалар, белгилер, символдор);
15) диний предметтер - диний ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон ар кандай материалдык буюмдар (мечит жана чиркөө буюмдары ж.б.);
16) сактоо - диний материалдарга жана (же) предметтерге (мисалы, турак жайда, машинада, кампада, жашыруун жерде ж.б.) ээлик кылууга байланышкан иш-аракеттер.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө, жайылтууга дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат каттын негизинде уруксат берилет.
5. Диний материалдарды жана предметтерди төмөнкү максаттар үчүн өндүрүүгө (даярдоого), ташып келүүгө, ташып чыгууга, жайылтууга, ташууга, сатып алууга жана сактоого тыюу салынат:
1) мамлекеттин коопсуздугун бузуу;
2) конституциялык түзүлүштүн негиздерин күч менен өзгөртүүгө жана Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн бузууга багытталган иш-аракеттер;
3) куралдуу түзүлүштөрдү түзүү;
4) согушту пропагандалоо, социалдык, расалык, улуттук же диний араздашууну козутуу;
5) коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти бузуулар;
6) адамды жек көрүүнү пропагандалоо;
7) үй-бүлөнүн бузулушуна алып келген үй-бүлөнү бузууга мажбурлоо;
8) инсанга, жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине зыян келтирүү;
9) мыйзамга ылайык белгиленген жарандардын адеп-ахлагына, ден соолугуна зыян келтирүү, анын ичинде алардын диний ишине байланыштуу баңги жана психотроптук каражаттарды, гипнозду колдонуу, бузуку жана укукка каршы башка иш-аракеттерди жасоо менен зыян келтирүү;
10) өзүн-өзү өлтүрүүгө үндөө же өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу абалдагы адамдарга диний мотивдер боюнча медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу;
11) милдеттүү билим алууга тоскоолдук кылуу;
12) диний уюмдун мүчөлөрүн, жактоочуларын жана башка адамдарды аларга таандык мүлктү диний уюмдун пайдасына ээликтен ажыратууга мажбурлоо;
13) эгерде аны чыныгы аткаруу коркунучу болсо анын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүү коркунучу же күч колдонуу, башка укукка каршы иш-аракеттер менен жарандын диний уюмдан чыгуусуна тоскоолдук кылуу;
14) жарандарды мыйзамда белгиленген жарандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы иш-аракеттерди жасоого түртүү.
6. Дин иштери, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, ички иштер, маданият, маалымат, жаштар, дене тарбия, туризм жана этностор аралык мамилелер, бажы иши жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик жөнгө салуу органдарынын функцияларын аткарат жана диний материалдарды жана предметтерди өндүрүүнү (даярдоону), ташып келүүнү, ташып чыгууну, сатып алууну, сактоону жана жайылтууну контролдойт.
2-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди өндүрүү (даярдоо) тартиби
7. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди өндүрүү (даярдоо) ушул Тартипке ылайык диний иш субъекттери же алардын заказы боюнча басма же кустардык-өнөр жай ишинин субъекттери тарабынан жүргүзүлөт.
8. Өндүрүү (даярдоо) үчүн арналган диний материалдардын контролдук нускасы жана ушул Тартиптин 28-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар уруксат кат алууга суроо-талап менен бирге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
9. Диний уюмдар тарабынан өндүрүлгөн диний материалдарда толук аталышын жана конфессиялык таандыктыгын, авторун, өндүрүүчү (даярдоочу) жөнүндө маалыматтарды, өндүрүү (даярдоо) датасын жана жерин, тиражын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен маалыматтар камтылууга тийиш.
10. Басма диний материалдардын тексти так, жөнөкөй тилде баяндалууга жана ар кандай чечмелөөгө алып келбөөгө тийиш.
Сүйлөмдөр расмий-иштиктүү стилди колдонуу менен жалпы таанылган орфографиялык эрежелердин негизинде түзүлүүгө, баяндалууга тийиш; чет тилдерден которулган сөздөр ар кандай чечмелөөнү жойгон, анда колдонулган түшүнүктөрдүн жана терминдердин мазмунуна ылайык баяндалууга тийиш.
3-глава
Диний материалдарды жана предметтерди Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана аларды анын чегинен тышкары ташып чыгуу
11. Диний иш субъекттери ушул Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына диний материалдарды жана предметтерди ташып келүүгө укуктуу.
12. Диний материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы, бажы иши жана мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилген уруксат каттын негизинде катталган диний иш субъекттери тарабынан гана жүргүзүлөт.
13. Диний иш субъекттери Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү үчүн болжолдонгон диний материалдарды ташып келүүгө уруксат катты алуу үчүн алар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөнгө чейин, материалдын ар бир түрүнөн (аталышынан) экиден үлгүнү берүү менен аларды ташып келгенге чейин бир айдан кечиктирбестен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
14. Диний материалдарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жана Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу ташып келүүдө мындай товарларды ташып келүүгө жана ташып чыгууга дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат кат талап кылынат. Диний материалдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүп кеткен жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ташып келүүгө уруксат каты болбостон бажы контролунун зонасында болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ташып келүүгө уруксат катты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн алардын үлгүлөрүн өз убагында тандоону жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүнү камсыз кылат.
15. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген, Тартиптин 5-пунктуна ылайык тыюу салынган деп эсептелген диний материалдар ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген, Тартиптин 5-пунктуна ылайык тыюу салынган деп эсептелген диний материалдар бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда, ички чек арада мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн катышуусунда алынууга (жок кылынууга) тийиш.
16. Диний маданий баалуулуктарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу маданий баалуулуктар объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу тартиби жөнүндө мыйзамдарда жана эл аралык актыларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди жайылтуу
17. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жайылтуу мыйзамда белгиленген тартипте катталган диний иш субъекттери тарабынан ушул Тартипке ылайык төмөнкү жерлерде жүргүзүлөт:
1) диний объекттерде/сыйынуучу жерлерде (мечиттер, синагогалар, чиркөө имараттары жана намазканалар), адистештирилген дүкөндөрдө жана менчик укугунда диний уюмдарга таандык болгон жанаша жайгашкан аймактарда;
2) диний окуу жайлардын имараттарында;
3) карылар жана майыптар үйлөрүндө, жаза өтөө жайларында, аталган мекемелердин администрациясынын тиешелүү макулдугунун негизинде;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан бул максаттар үчүн белгиленген тартипте бөлүнгөн жерлерде.
18. Диний материалдарды сатуу фискалдык эс тутумга ээ контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу, ал эми мыйзамда каралган учурларда онлайн-кассаларды же виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды, төлөм терминалдарын жана накталай акчага айландыруу (банктарга берүү) же онлайн-төлөм системалары аркылуу кассалык чектерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
19. Диний материалдарды белгиленбеген жерлерде, ошондой эле коомдук жайларда (көчөлөрдө, бульварларда), турак жайларды (үйлөрдү, батирлерди), балдар мекемелерин, мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдыруу менен жайылтууга тыюу салынат. Бул тыюу салууну бузган учурда күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
20. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, маалыматтык-китепкана жана маалыматтык-ресурстук борборлор, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, ошондой эле башка китепканалар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын китепканалары, коммерциялык эмес уюмдар, коммерциялык уюмдар, окуу жайлар ж.б.), сайттардын редакциялары тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат каты болбостон жайылтуу үчүн диний материалдарды жалпы колдонууга тыюу салынат.
5-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды жана предметтерди сатып алуу жана сактоо
21. Жарандар жана диний иш субъекттери ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн жайылтуу жерлеринде диний материалдарды жана предметтерди сатып алууга укуктуу.
22. Ар бир адам ушул Тартипке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жайылтуу үчүн өндүрүлгөн (даярдалган), сатып алынган, ташып келинген, ташып чыгарылган диний материалдарды жана предметтерди өзү тандаган тилде жана өз каалоосу боюнча пайдаланууга, сактоого укуктуу.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган экстремисттик жана (же) башка материалдарды жайылтуу максатында сатып алуу же сактоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6-глава. Диний материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга уруксат катты берүү тартиби
24. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, ташып келүү же жайылтуу үчүн болжолдонгон диний материалдар диний уюмдар тарабынан милдеттүү түрдө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уруксат кат алуу үчүн берилүүгө тийиш.
25. Эгерде уруксат катты алуу үчүн дин таануу жаатында атайын жана (же) илимий билимдерди талап кылган маселелер келип чыкса, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик дин таануу экспертизасын дайындайт, ал эми диний материалдар китепкана фонддоруна келип түшкөн учурда мындай экспертизаны милдеттүү тартипте дайындайт.
26. Катталган диний иш субъекттери, жарандар же алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында аларды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга уруксат катты берүү жөнүндө суроо-талап менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
27. Арыз дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу электрондук форматта, жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу берилиши мүмкүн, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коштоочу кат;
2) диний уюмдун аталышы, дареги, байланыш маалыматтары;
3) жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
4) уруксат катты алуу үчүн берилген диний материалдардын партиясынын көлөмдөрү же түзүлгөн келишимдердин негизинде өндүрүлгөн (ташып келинген же жайылтылган) продукциянын көлөмдөрү жөнүндө маалыматтар;
5) уруксат кат үчүн жыйымдын жана акынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (маалымат);
6) мөөр басылып бекитилген эки нускада диний материалдын ар бир аталышынын бир үлгүсү, ошондой эле эгерде болсо анын электрондук версиясы.
28. Арызга төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:
1) диний материалдарды өндүрүү үчүн:
- өндүрүүгө (даярдоого) даярдалган материалдар жөнүндө маалыматтар, атап айтканда, басып чыгарылган материалдын саны, колдонулган адабияттардын тизмеси (бир нече булакты пайдаланууда), эгерде материал которулган учурда - андан которулган адабияттын аталышы, басып чыгарылган жери жана толук аталышы;
- автордо өндүрүү үчүн арналган материалдын (дүйнөлүк диндердин ыйык китептерин кошпогондо), диний кесиптик билимдин бар экендигин ырастаган документтин (мындай документ жок болсо - диний билими бар адистин пикири) көчүрмөсү;
- автордук жана чектеш укуктарга ээлик кылууну же аларды пайдаланууга укукту алууну ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) диний материалдарды ташып келүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагына айрым диний материалдарды жеткирүүгө укугу бар менчик ээси же жак менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (эгерде материалдарды ташып келүү келишимге ылайык жүргүзүлсө);
- ташып келүүгө пландалган материалдар жөнүндө маалыматтар (материалдын автору жана аталышы, номери (тиражы), материалдын кыскача мазмуну, ташып келүү датасын көрсөтүү менен маалымат);
3) диний материалдарды жайылтуу үчүн - жайылтуу пландалган материалдар жөнүндө маалыматтар (материалдын автору жана аталышы жөнүндө маалыматтар, номери (тиражы), материалдын кыскача мазмуну жана ага рецензия, даярдоо датасы).
29. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды Тартиптин 31-пунктунда белгиленген мөөнөттө кабыл алган учурдан тартып:
1) суроо-талапты кабыл алат;
2) арыз ээсине суроо-талап боюнча кабарламаны жиберет;
3) арыз ээси берген документтерди талдайт, толуктугун жана аныктыгын текшерет;
4) диний материалдардын берилген үлгүлөрү үчүн МДЭни дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат, зарыл болгон учурда алардын мөөр басылып бекитилген экинчи нускасын МДЭ жүргүзүү үчүн экспертке (эксперттик топко) жиберет;
5) берилген бардык документтерди, ал болсо МДЭ корутундусун талдоонун жыйынтыгы боюнча уруксат катты берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат;
6) диний материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө, жайылтууга уруксат каттарды тариздөөнү, каттоону жана берүүнү жана аларды маркалоону жүргүзөт;
7) уруксат каттар берилген диний материалдарды контролдук текшерүүнү жүргүзөт.
Диний материалдардын уруксат каттарын берүүнүн ар бир жол-жобосу документ менен таризделүүгө тийиш.
30. Зарыл болгон учурда аны алгандан кийин жетишпеген материалдарды берүү жөнүндө арыз ээсине билдирет, уруксат катты берүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн адисти аныктайт.
31. Уруксат катты берүү же аны берүүдөн баш тартуу менен берилген диний материалдарды дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кароо процесси эгерде МДЭ корутундусун талап кылган маселелер келип чыкпаса, суроо-талап катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Мындай маселелер пайда болгон учурда мөөнөт МДЭ жүргүзүү мөөнөтүнө узартылат.
32. Диний материалдардын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүдө арыз ээсинин бул жөнүндө уруксат катты берген дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала билдирүүсү зарыл, ал материалдын мазмунун өзгөртүүлөрдү эске алуу менен уруксат катты толуктоо зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген диний материалдарда төмөнкүлөр болсо, арыз ээсине уруксат катты берүүдөн баш тартат:
1) Тартиптин 5-пунктунун 5-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн тыюу салынган иштин түрлөрүнүн белгилери;
2) МДЭ корутундусу менен ырасталган алардын диний эмес мүнөзүн күбөлөндүргөн белгилер;
3) экстремисттик же террористтик материалдардын белгилери, анын ичинде Тартиптин 5-пунктунун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн экстремисттик же террористтик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталган белгилер;
4) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынан башка четтөөлөр.
Уруксат катты берүүдөн баш тартуу негизделген себептери бар расмий кат менен коштолууга тийиш.
34. Өндүрүлгөн, ташып келинген жана жайылтылган диний материалдын уруксат катты алуу үчүн берилген үлгүгө шайкештигин белгилөө максатында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксат каттар берилген диний материалдарды контролдук текшерүүнү жүргүзөт.
35. Контролдук текшерүү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүүгө тийиш, аны жүргүзүү жыштыгы жеке жана (же) юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын даттанууларынын же маалыматынын болушуна жараша болот.
36. Контролдук текшерүүнүн натыйжасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат катты колдонууну ырастоо, токтото туруу же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
37. Уруксат кат жоголгон учурда арыз ээси штемпель белгиси же "Көчүрмө анык" деген жазуусу бар уруксат каттын көчүрмөсүн берүү үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.
38. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксат катын албаган диний материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга тыюу салынат. Уруксат катсыз өз ишин жүргүзгөн адам укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
39. Уруксат катты берүүдө диний материалдардын үлгүлөрүнүн бир нускасы арыз ээсине кайтарылып берилет, ал эми экинчиси дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда уруксат катты берүү процессинин бардык материалдары, документтери менен сакталат, ал эми уруксат катты берүүдөн баш тартылган учурда - эгерде ал МДЭ жүргүзүүгө берилбесе бир нускасы жок кылынууга тийиш, ал жөнүндө акт түзүлөт жана калган материалдарга тиркелет. Диний материалдардын нускаларынын үлгүлөрүн сактоо мөөнөтү 1 жылды түзөт.
40. Диний материалдарды маркалоо аны пайдаланууга укук алган жана аны мыйзамсыз колдонуу үчүн жоопкерчилик алган диний уюм тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
41. Уруксат катты алууга берилген диний материалдарда иштин тыюу салынган түрлөрүнүн материалдарынын тизмесине киргизилген материалдар менен окшош белгилер табылган учурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган материалдарды тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна жиберет.
42. Кыргыз Республикасынын аймагында прокатка берүүгө арналган диний аудиовизуалдык чыгармалардын категориясын чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган түрлөрү катары аныктоо аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
43. Маалыматтык материалдарды диний, экстремисттик жана (же) террористтик материалдар деп таануу экстремисттик жана террористтик ишке каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жана негиздер боюнча, ошондой эле тиешелүү уюмдарды экстремисттик жана (же) террористтик уюмдар деп таануу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
44. Уруксат катты берүүдө салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык алым жана акы алынат, анын өлчөмү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге уруксат катты берүүдө жыйым жана акы алынбайт.
7-глава. Ушул Тартипти бузгандык үчүн жоопкерчилик
45. Диний материалдарды жана предметтерди мыйзамсыз өндүрүү (даярдоо), ташып келүү, ташып чыгуу, сатып алуу, сактоо жана жайылтуу учурларын аныктоо жана болтурбоо максатында дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл болгон учурда өз ыйгарым укуктарынын алкагында контролдук иш-чараларды (мониторинг, текшерүү) жүргүзөт жана анын натыйжалары боюнча документтерди укук коргоо органдарына кароо үчүн берет.
46. Кыргыз Республикасынын аймагында диний материалдарды өндүрүүгө (даярдоого), сатып алууга, ташып келүүгө, ташып чыгууга, сактоого жана жайылтууга байланышкан талаш-тартыштарды чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
47. Ушул Тартиптин ченемдерин бузууга күнөөлүү жактар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
8-глава. МДЭ объекти жана милдеттери
48. МДЭнин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) диний иш субъекттеринин уюштуруу документтери;
2) диний иш субъекттеринин динди окутуунун негиздери жана ага ылайык келген практикасы жөнүндө маалыматтары;
3) диний иштин формалары жана багыттары;
4) кудайга сыйынуу, башка диний ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр;
5) диний материалдар.
49. МДЭ милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уюштуруу документтеринин, анын динди окутуунун негиздери жана ага ылайык келген практикасы жөнүндө маалыматтардын негизинде диний иш субъекттеринин диний мүнөзүн аныктоо;
2) диний иш субъекти тарабынан берилген өзүнүн динди окутуунун негиздерине карата документтеринде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана баалоо;
3) эсепке алуучу каттоодо билдирилген диний иш субъекттеринин ишинин багыттарынын шайкештигин текшерүү;
4) МДЭ жүргүзүүдө башка пайда болгон эксперттик баа берүүнү талап кылган маселелер дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясынын алкагында түшүндүрүлүшү мүмкүн.
9-глава. МДЭ жүргүзүү субъекти
50. МДЭ зарыл болгон учурда каралып жаткан маселени эске алуу менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана башка тиешелүү квалификациялуу адистерди (окумуштууларды, эксперттерди жана адистерди) тартуу менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу МДЭ жүргүзүү боюнча эксперт же эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт.
51. Диний материалдар, эгерде аларды даярдоо жана басып чыгаруу Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлсө, МДЭден өтүүгө тийиш.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн өндүрүлгөн диний материалдардын авторлору өз продукциясын жайылтуудан мурда дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат алууга милдеттүү.
52. МДЭ жүргүзүүгө катышкан эксперттер (адистер) өзүнүн маалыматтарын, анын ичинде билимин, илимий даражасын, иш тажрыйбасын жана дин таануу, теология жана башка тиешелүү квалификациялуу адистиктер жаатындагы компетенттүүлүк жөнүндө башка маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.
10-глава. МДЭ жүргүзүүнүн негиздери
53. Белгиленген тартипте кайрылуу келип түшкөндө МДЭ жүргүзүүгө негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке жана юридикалык жактардын диний иш субъекти катары эсептик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө кайрылуусу;
2) жеке адамдардын жеке колдонуу үчүн диний материалдарды ташып келүү жөнүндө иштин кандайдыр бир түрүн жүзөгө ашыруунун алдында бир нускадан ашык эмес кайрылуусу;
3) диний иш субъекттеринин диний материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташып келүү боюнча иштин кандайдыр бир түрүн жүзөгө ашыруунун алдында кайрылуусу;
4) кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардан кайрылуусу;
5) китепкана фонддорунун аларга диний адабияттар, диний мазмундагы башка маалыматтык материалдар келип түшкөн учурда кайрылуусу;
6) диний материалдарды аныктоодо дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси:
а) ошол эле дин тутуудагы диний уюм тарабынан берилген ырастамасы жок диний иш субъекттерин эсептик каттоо жөнүндө;
б) эсептик кайра каттоо жөнүндө:
- диний уюмдун уставына киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр;
- "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 10-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
7) зарыл болгон учурда эксперттик баа берүү:
а) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишин токтото туруу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн катталган миссиянын ишине;
б) диний иш субъекттеринин иш жүзүндөгү ишинин аны эсептик каттоодо билдирилген формаларга жана методдорго, диний окутуунун негиздери жөнүндө маалыматтарга карата аныктыгына жана шайкештигине;
8) атайын жана (же) илимий билимди талап кылган маселелер келип чыккан башка учурларда, диний иш субъекттерин эсептик каттоодо (кайра каттоодо) жана (же) алардын диний ишти жүзөгө ашыруунун уставдык максаттарынын жана тартибинин сакталышын контролдоо.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык органы) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдардан, анын ичинде жеке жактардан МДЭ жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча документтерди, маалыматтарды, маалымдамаларды жана башка материалдарды белгиленген тартипте маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу, анын ичинде электрондук түрдө суроого жана алууга укуктуу.
11-глава. МДЭ өткөрүүнүн тартиби
54. МДЭге берилген диний материалдар жана анын жыйынтыгы боюнча жооптор сектор же дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда иш кагаздарын жүргүзүүчү сектор же кызматкер аркылуу жүргүзүлөт.
55. Диний материалдарды канцелярияга кабыл алууда таңгактын ичи ачылбайт.
МДЭге берилген материалдар диний иш субъекттери жана юридикалык жактар тарабынан эки нускада берилет. Диний материалдар басма түрүндө жок болсо, китеп кагаз түрүндө алынып келиниши керек. МДЭге чет өлкөдөн келип түшкөн материалдар МДЭ жол-жоболору аяктагандан жана тийиштүү жооп даярдалгандан кийин аларды ташып келген жеке адамдарга кайтарылып берилет. Мында чет мамлекеттен келген диний иш субъекттери жана юридикалык жактар тарабынан МДЭге ташып келинген диний адабияттын бир нускасынын сактоо мөөнөтү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда 1 жылды түзөт. МДЭ жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- жеке жана юридикалык жактардын жана диний иш субъекттеринин арызы;
- диний китептердин тизмеси;
- диний материалдар (китептер, брошюралар, башка басма, аудиовидео материалдар, аудио, видео ж.б.).
Экспертиза аяктагандан кийин изилденген диний материалдар жана документтер изилдөө жүргүзүүчү эксперт тарабынан дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө өткөрүп берилет.
56. МДЭ жүргүзүүдө дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси жана эксперттик топтун мүчөсү (эксперт) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) МДЭге берилген бардык документтер менен таанышууга;
2) диний уюмдун субъектинин жетектөөчү органдары менен макулдашуу боюнча кудайга сыйынууга, диний ырым-жырымдарга жана жөрөлгөлөргө, башка иш-чараларга катышууга;
3) эксперттик корутундуга тиркелүүчү МДЭнин натыйжалары боюнча өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө;
4) мамлекеттик органдардан, мамлекетти бийлик органдарынан жеринде, коомдук жана диний уюмдардан алардын карамагындагы маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
57. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси жана эксперттик топтун мүчөсү (эксперт) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) МДЭге берилген документтерге жана материалдарга ар тараптуу, толук, объективдүү жана комплекстүү талдоо жүргүзүүгө;
2) МДЭ жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана тартибин сактоого;
3) МДЭ жүргүзүүдө ага белгилүү болгон жетүү чектелген маалыматтарды камтыган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
Диний иш субъектинин өкүлү экспертке (эксперттик топко) МДЭнин предметине карата түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу. Экспертизаны жана эксперттик топтун отурумун өткөрүү жана экспертизанын тыянактарын түзүү стадиясында диний иш субъектинин өкүлүнүн катышуусуна жол берилбейт.
12-глава. Эксперттик корутундуну даярдоо, анын мазмунуна талаптар жана анын юридикалык мааниси
58. Эксперт (эксперттик топ) МДЭ жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча уюмду же материалдарды диний деп таануу мүмкүнчүлүгүнө (мүмкүн эместигине) жана анын динди окутуунун негиздерине жана анын ылайык келген практикасына тиешелүү маалыматтардын аныктыгына, берилген документтерде жана материалдарда камтылган башка маалыматтарга карата негизделген тыянактарды камтыган эксперттик корутундуну даярдайт.
59. Эксперттик корутундунун мазмуну ушул Тартиптин талаптарына жооп бериши керек. Эксперттик корутунду катуу отчеттуулуктагы документ болуп саналат, жеке номерге ээ жана төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
1) экспертизанын датасын жана ордун;
2) аны жүргүзүү үчүн негиздерди;
3) кайрылган адамдын же диний иш субъектинин өкүлүнүн аты-жөнүн;
4) МДЭ үчүн берилген объекттер (документтер, материалдар) жөнүндө маалыматтарды;
5) жүргүзүлгөн изилдөөнүн жол-жобосун, методологиясын, мазмунун жана натыйжаларынын сыпатталышын;
6) корутундунун ар бир барагына эксперттин колун;
7) дин таануу экспертизасы боюнча корутунду түзөт, анын натыйжалары жөнүндө расмий кат жөнөтөт.
60. Эгерде МДЭ жүргүзүүдө экстремисттик, террористтик мүнөздөгү белгилердин же тыюу салынган иштин башка түрлөрүнүн бар экендигин көрсөткөн жагдайлар аныкталса, анда МДЭни андан ары өндүрүү токтотула турат, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик же террористтик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга документтерди жана материалдарды жөнөтүү үчүн кат түзүлөт.
61. Эксперттик корутунду бир нускада түзүлөт жана ага эксперт (эксперттик топтун МДЭ жүргүзүүгө катышкан бардык мүчөлөрү) кол коёт.
62. Эксперттик корутунду дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү МДЭ корутундуларынын журналында катталууга тийиш;
63. Эксперттик корутундунун көчүрмөсүн берүү жөнүндө арыз менен кайрылууда көчүрмө кайрылган адамдын же диний иш субъектинин дарегине жөнөтүлөт, түп нускасы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сактоо үчүн калат.
64. МДЭ дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык органы) сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.
65. "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда МДЭ жүргүзүүнүн мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпайт. Материалдардын татаалдыгын жана көлөмүн эске алуу менен экспертиза жүргүзүү мөөнөтү бир айга узартылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 372
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон