Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) УИАнын башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;
2) жеке өздөрү жүзөгө ашыруучу же алар уюштуруучу илимий иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттардын УИА тарабынан түзүлүшүнө;
3) УИАнын жалпы чогулушунун ишине катышууга;
4) өзүнөн УИАнын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга жана анын курамынан чыгып кетүүгө.
2. УИАнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) УИАга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жигердүү катышууга;
2) илимдин жетишкендиктерин практикалык ишке ашырууга жигердүү көмөктөшүүгө;
3) жеке өзү жүзөгө ашыруучу илимий изилдөөлөр, илимий көйгөйлөрдү жамааттык иштеп чыгууну уюштуруу жана ошол иштелмени илимий жетектөө аркылуу илимди жаңы жетишкендиктер менен байытууга;
4) илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүүгө;
5) УИАнын президиумуна өзүнүн илимий иштери жөнүндө жыл сайын жазуу жүзүндө отчет берүүгө.
3. УИАнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-11" title="11-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>