12-берене. УИАнын жалпы чогулушу
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 5-глава
1. УИАнын академиктеринен, корреспондент мүчөлөрүнөн, илимий уюмдарынын жетекчилеринен жана УИАнын жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулуш УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
2. УИАнын жалпы чогулушу:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
2) УИАнын академиктерин, корреспондент мүчөлөрүн, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президиумунун мүчөлөрүн шайлоолор жөнүндө жободо аныкталуучу тартипте шайлайт;
3) илим жөнүндө улуттук баяндаманы жана УИАнын иши жөнүндө ар жылдык отчетту, УИАнын президиумунун отчетторун, УИАнын илимий мекемелеринин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, академиктердин жана УИАнын корреспондент мүчөлөрүнүн отчетторун угат жана бекитет;
4) илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо маселелерин карайт;
5) УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алат.
3. УИАнын жалпы чогулушу жалпы чогулуштун мүчөлөрүнун жарымынан көбү жеке катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
4. УИАнын жалпы чогулушунун сессиялары зарылдыгына жараша, бирок жылына экиден кем эмес жолу чакырылат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-12" title="12-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>