10-берене. УИАнын мүчөлөрү
Күчүндө · 16.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. УИАнын мүчөлөрү болуп УИАнын академиктери, корреспондент мүчөлөрү жана чет өлкөлүк мүчөлөрү саналат.
2. УИАнын корреспондент мүчөлөрү, илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы, профессор окумуштуулук наамы болгон, илимди ири илимий эмгектери менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары академик болуп шайланышы мүмкүн.
3. Илимий мектеби, илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы бар, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан Кыргыз Республикасынын жарандары корреспондент мүчө болуп шайланышы мүмкүн.
4. УИАнын мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланат.
5. УИАнын мүчөлөрүнүн жалпы саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Дүйнөлүк жана улуттук илимге жана маданиятка кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын окумуштууларын жана адистерин даярдоого көмөктөшкөндүгү үчүн чет өлкөлүк окумуштуулар жана илимдин жана маданияттын көрүнүктүү инсандары УИАнын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланышы мүмкүн.
7. УИАнын академиктерин жана корреспондент мүчөлөрүн, ошондой эле УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн шайлоонун тартиби жана шарттары анын уставы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү шайлоо жөнүндө жобо менен аныкталат.
Берененин тексти 16.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январы № 47 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын…Постановление · 30.01.2026 · № 47
- Министрлер Кабинетинин 30.01.2026-жылдагы №47 ТоктомуПостановление · 30.01.2026 · № 47
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230028363/st-10" title="10-берене - 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>